Сирия менен Батыш бири-бирин терроризм үчүн күнөөлөп жатышат
среда, 3 октября 2012 г. 11:44:22
Сирия АКШ жана алардын союздаштары терроризмди колдоп жатат деп ишендирүүдө

БУУнун Башкы Ассамблеясынын делегаттарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Сириянын тышкы иштер министри Валид Муалем «Вашингтон жана анын союздаштары козголоңчуларды куралдандырып жана каржылап жатат» деп айтты.
Сириянын тышкы иштер министри Валид Муалем Кошмо Штаттарды жана алардын союздаштарын «Сириядагы терроризмди колдоду» деп айыптады. Ошондой эле Сириянын ТИМ башчысы анын өкмөтү жарандык согушту саясий жактан жөнгө салыш үчүн ачык боюнча кала берерин айтты.
Дүйшөмбүдө БУУнун Башкы Ассамблеясынын делегаттарынын алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Муалем бир жылдан бери анын өлкөсү «уюшкан терроризм» менен күрөшүү үчүн бардык мүмкүн болгон аракеттерди жасап жатканын белгиледи. Мында ал Сирия өкмөтүнө каршы күрөштө куралдуу оппозицияны колдоп жаткан өлкөлөрдү айтты.
Муалем: «Биз Кошмо Штаттардын куралдуу террористтик топторго сириялык жетекчилик тарабынан кабыл алынган мунапыс жана чечимдерге жооп кылып «куралыңарды тапшырбагыла» деген чакырыгын кандай контексттен алып классификациялай алабыз? Биз ошондой эле Сириядагы терроризмди акча, курал жана чет өлкөлүк согушчандардын жардамы менен колдоп жаткан Катардын, Сауд Аравиясынын, Түркиянын, Кошмо Штаттардын жана Франциянын билдирүүлөрү алардын терроризм менен күрөшүүсүнө кандайча дал келет деген суроого баш катырып жатабыз» деп айтты.
АКШ менен Франция Катар, Сауд Аравиясы жана Түркия Сириянын президенти Башар Асаддын режимине каршы согушуп жаткан козголоңчуларды куралдандырып жатса Сирияда режимди алмаштырууга чакырып жатат.
Өткөн жумада БУУнун Ассамблеясынын отурумунда Катардын Эмири шейх Хамад бен Халифа аль-Тани БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Сириядагы кан төгүүнү токтотууга жөндөмсүз болуп турган шартта араб өлкөлөрү Сирияга «улуттук, гуманитардык, саясий жана согуштук себептер» боюнча басып кириши керек экендигин айтты. Активисттердин баалары боюнча Сирияда уланып жаткан күрөш учурунда 30 миң адам өлтүрүлгөн.

«Айдан ачык кийлигишүү»
Ошондой эле Муалем: «Терроризм жарандарга, биздин адамдык жана илимий ресурстарга, улуттук мекемелерге, ошондой эле Сириянын көптөгөн тарыхый жана археологиялык көрүнүктүү жайларына терс таасирин тийгизди. Мунун акыркы мисалы Дамаскта 26-сентябрда болуп өткөн теракт болду. «Аль-Каиданын» филиалы болуп саналган «Джабат Аль-Носра» деп аталган террористтик топ бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган», - деди.
Түркияда жайгашкан оппозициялык Сирия улуттук кеңешинин өкүлү Салех Мубарак «ТИМдин башчысы «терроризм» деген сөздү бул сөз Батышта өзгөчө маанилүү болгондуктан гана пайдаланды» деп эсептейт. «Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө ал «Аль-Каиданы» эскерип өттү, ошондой эле Батышты коркутуу жана «Биз террористтерден жакшыбыз» деп айтыш үчүн жихад сыяктуу сөздөрдү колдонду. Албетте, биз чыныгы террорист - Сирия өкмөтүнүн өзү экенин билебиз», деди Мубарак «Al Jazeera» каналы менен болгон маегинде.
Муалем дүйнө жүзү куралданууну жана оппозицияны каржылоону токтотуу үчүн Сириядагы эле эмес, Түркия, Сауд Аравиясы, Катар, Ливия жана башка өлкөлөрдөгү аракеттерди талап кылат деп ишендирет. Ал ошондой эле Асадды отставкага кетүүгө үндөө Сириянын ички иштерине оройлук менен кийлигишүү болуп саналаарын айтты.
Муалем Сирияда демократияны көбүрөөк орнотуу тууралуу макулдашуу үчүн Сириянын башчылыгы менен өтө турган саясий чечимди жана диалогду издөөгө чакырды. Ал ошондой эле оппозицияга «Сирияда кан төгүүнү токтотуш үчүн чогуу иш баштайлы» деп сунуш кылды. «Биз дагы эле кризистен чыгуунун маанилүү ыкмасы саясий чечим экенине ишенебиз», деп кошумчалады ал. Анын айтымында, бул үчүн БУУнун мүчөлөрү «террористтик топторду куралдандырууну, каржылоону, жашырууну жана даярдоону» токтотуш үчүн бардык мүмкүн болгон күчүн жумшоого тийиш.
Вашингтон жана анын көптөгөн союздаштары куралдуу көтөрүлүштү басыш үчүн Сириянын өкмөтү адам укуктарын массалык түрдө бузууну колдонуп жатат деп ишендирет.
«Al Jazeera»нын кабарчысы Кристен Салооми БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бир дипломаты Муалемдин чыгып сүйлөгөн сөзүн «адаттагы, божомолдоого мүмкүн болгон жана толугу менен чындыктан алыстаган» сөз деп атаганын кабарлады.
«Бул дипломат «Сирия өкмөтү сириялык аскерлер жарандык аймактарды атып, бомбалап жаткандыгына, бул өлкөнү кучагына алган качкындардын кризисине кантип башка өлкөлөрдү күнөөлөп жатат?» деп сурады. Албетте, чыгып сүйлөгөн сөзгө карата жооп дайыма сиз ким менен маектешип жатканыңыздан көз каранды болот» деп баяндады кабарчы.

Шаардын жанындагы буталар
Муалемдин сүйлөгөн сөзү Дамасктын чыгыштагы шаарчаларда согуш уланып жатканда айтылды. Бул жерлердин жашоочулары эртең менен эрте атышууларды угушкандыгын кабарлашты. Алардын айтымында, борбордо эки сааттан кийин бир канча катуу жарылуулар болгон. «Ар бир жарылуу жер титирөөгө окшош болду», -дейт телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда борбордук Адави районунун жашоочусу.
Сириядагы укук коргоо уюму өкмөттүк аскерлер козголоңчулардын Дамасктын чыгыш четиндеги Замалка жана Айн-Терма шаар четтеринин тегерегине жайгаштырылган чептерин курчап алышканын айтты. Дүйшөмбүдө укук коргоочу уюм жекшембиде Асаддын күчтөрү бул аймакта оор жоготууларга учураган соң чабуулга өтүшкөнүн маалымдаган.
Уюм ошондой эле Идлиб провинциясында жайгашкан Салкин шаарына кол салууда эң аз дегенде 12 адам, анын ичинде бир канча бала көз жумганын кабарлады. Активисттер Интернетке жайгаштырган тасмага уулун жоктоп ыйлап жаткан адам тартылган.
«Al Jazeera» зомбулук тууралуу маалыматтарды өз алдынча текшере алган эмес, анткени сириялык өкмөт ММКлардын маалыматтарын катуу чектеп жатат.

«Al Jazeera», 2-октябрь 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Сирия Батыш терроризм Муалем БУУ
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто бишкек рынок


Публикации Авторов:

17.01.2020
"Intrefax"
На переговорах Мирзиёева в Кремле присоединение Узбекистана к ЕАЭС будет одним из главных вопросов

13.01.2020
A.Groshev, Vesti.uz
Почему И.Каримов пожертвовал своей дочерью

10.01.2020
"Eurasia.expert"
Кыргызстан примет меры по устранению заторов на казахстанской границе

08.01.2020
"Zakon.kz"
Возможна ли Третья мировая война из-за эскалации конфликта на Ближнем востоке

08.01.2020
G.Gracheva, NG
Президент Казахстана ужесточил наказания за общественно опасные преступления, как и обещал перед выборами

30.12.2019
"Ferghana"
Самые громкие события, которые случились с мигрантами в России в 2019 году

25.12.2019
K.Krivosheev, A.Vinokurov, Ъ
Узбекские выборы отошли от традиции

24.12.2019
Y.Roks, V.Panfilova, NG
Ташкенту предстоит усилить парламент

23.12.2019
"Asia +"
Зимний отдых в Центральной Азии: куда ехать кататься на Новый год

20.12.2019
N.Mayorova (Zvezda)
Патрушев: боевики ИГИЛ готовят плацдарм на севере Афганистана для вторжения в Центральную Азию

19.12.2019
"Interfax"
Политики Узбекистана изучают возможность вступления страны в ЕАЭС

19.12.2019
Y.Roks, NG
Кыргызы и таджики Баткена опять сошлись в рукопашной

17.12.2019
"Eurasia.expert"
Советник Токаева прокомментировал заявления о переименовании Алматы

17.12.2019
O.Suharevskaya, Vesti.uz
Средняя Азия: Взрыватели уже тикают

12.12.2019
P.Leonard, EuAs
Узбекистан: выборы оживились, но выбор ограничен

11.12.2019
"Platon.Asia"
Порт Актау присоединится к Региональному форуму по торговле и транспорту

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней