Өзбекстан россиялык компанияны чөгөлөттү
пятница, 28 сентября 2012 г. 10:55:30
Начар байланыш: Россиянын уюк компаниясы кантип өзбек бийлигинин колуна өттү?

Өзбек сотунун бул Борбор Азия мамлекетиндеги Россиянын ири уюк байланыш оператору болгон МТСтин лицензиясын кайра кайтарып алуу тууралуу чечим кабыл алышына болгону 14 мүнөт гана керектелди. Өткөн айда кабыл алынган бул соттун чечиминен соң 40 пайыз өзбек жарандары эртең менен ойгонуп, алардын уюк байланышы өчүрүлгөнүнө күбө болушту.
Өткөн аптада МТСтин кызматкерлеринин үстүнөн өзүнчө кылмыш иши боюнча соттук териштирүү аягына чыкты. Бул борборазиялык өлкөнүн соту, россиялык компаниянын тастыкташы боюнча, акыркы сегиз жылда 1 миллиард долларга жакын каражатты инвестициялаган МТС компаниясынын кол алындагы филиалынын активдерин Өзбекстандын өкмөтүнө өткөрүп берүү тууралуу чечим кабыл алды.
Бирок бул окуя дүйнөдө адам укуктарын сактоо көрсөткүчү эң начар болгон, бирок Батыш стратегиялык маанисинен улам алыш-бериш кылып жаткан Өзбекстанга дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн кайрадан бурду.
Россиялык компания постсоветтик мейкиндиктеги күңгөй-тескейи көп рынокто иштөөгө көнүп калганына карабай, МТС Өзбекстанда иштеп жаткан башка компаниялар кабылган аргасыз сүргүндөн «аман калабыз го» деп үмүттөнгөн. Анын филиалына карата Өзбекстандын жетекчилигинин аёсуз куугунтугунан соң, россиялык телекоммуникациялык гигант накталай жана актив түрүндөгү жүздөгөн миллион фунт стерлингден кол жууганга аргасыз болду.
«Бул Борбор Азиядагы эң чоң телекоммуникациялык провайдер жана биздин компания мүлктү классикалык конфискациялоого кабылды», - дейт МТСтин стратегия жана корпоративдик өнүгүү боюнча вице-президенти Майкл Хеккер. «Өзбек жетекчилиги системалуу түрдө ар түрдүү бизнести менчиктештирип алат жана муну менен адам укуктарын жана процессуалдук укуктарды ачык эле бузат. Бул мындайча айтканда эч бир алкакка сыйбайт».
2004-жылы россиянын МТС компаниясы «Уздунорбита» деген анча чоң эмес жергиликтүү компанияга ээ болгондон кийин, анын филиалынын ташы өйдө кулаган. Бирок ушул жайдын башында кыйынчылыктар башталды. Куугунтуктоо башталаар алдында жергиликтүү компаниянын директору жок болуп кетти, көрүнүп тургандай ага жакында МТС компаниясынын филиалында чоң кыйынчылыктар башталарын эскертишсе керек.
Мындан соң компаниянын жогорку жетекчилигинин беш мүчөсү камакка алынды. Алардын бири - Россиянын жараны - Россиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан кысым көрсөтүлгөн соң бошотулду. Бирок Өзбекстандын төрт жараны түрмөгө камалып, компаниянын жүздөгөн кызматкерлери бул өлкөнүн иликтөө органдары тарабынан суракка алынды.
МТС компаниясынын кызыкчылыгын коргоп жаткан россиялык актоочу Владимир Козин «Independent» басылмасы менен болгон маегинде кармалган менеджерлердин бирине атайылап эл көзүнчө колуна кишен тагып жана аны МТС компаниясынын калган кызматкерлеринин көзүнчө прокуратурга алып кетишкенин айтты. Ал ошондой эле прокуратуранын берген маалыматына караганда, аталган кызматкер МТСтин филиалынын иши боюнча күбө болуп эсептелээрин белгилеп өттү.
«Коркутуучу тактика компаниянын калган кызматкерлерин эсине келтирип, аларды эгерде туура эмес көрсөтмө беришсе эмне болоору тууралуу ойлондурушу керек болчу», - деп тастыктайт актоочу. Бир аз убакыттан соң актоочулардын сурак бөлмөсүнө киришине уруксат беришкен. Ага чейин күбөлөр кийин сотко эч талкуусу жана суроо-сопкуту жок өткөрүлгөн арызга кол коюшкан.
Өзбекстан көптөн бери адам укуктарын бузуп келет, ошондой эле пахта териш үчүн балдардын эмгегин күч менен пайдаланат жана камак системасында такай кыйноону колдонот. Мындан тышкары эл аралык коомчулук бул өлкөнү 2005-жылы Анжиянда жүздөгөн куралсыз демонстранттарды кырганы үчүн айыптап келет. СССР тарап кеткен соң бул мамлекеттин президенти Ислам Каримов болуп калган жана анын кызы Гүлнара Каримова бир нече чет элдик инвесторлор жана Батыш дипломаттары тарабынан өлкөнүн экономикасынын ири бөлүгүн көзөмөлдөп турган таасирдүү ишкер айым катары аталган.
Каримова анын колунда бул борборазиялык мамлекеттин бизнесинин ири бөлүгү бар экенин дайыма танып келет. Ошого карабай, 2004-жылы Батыш ММКлары менен болгон сейрек маектеринин биринде Каримова «Independent» булагына ал «Уздунорбита» компаниясынын акцияларынын көп бөлүгүнө ээ экенинин айткан. Белгилей кетсек, маек россиялык МТС компаниясына ошол компания сатылаарда жарык көргөн.
МТС компаниясы анын кожоюндары 2004-жылы алар компанияны сатып алып жаткан кезде Каримовага акча төлөп беришкени же аны менен сүйлөшүү жүргүзүшкөнү тууралуу суроого комментарий беришкен жок.
Өзбекстандын Россиядагы жана АКШдагы элчиликтери комментарий берүүдөн баш тартышты, Өзбекстандын прокуратурасынын реакциясы да ошондой эле болду. Соттук териштирүүдө өзбек өкмөтүнүн атынан чыккан жана быйыл август айында Ташкентке америкалык ишкерлердин делегациясын жетектеп барган америкалык юрист Каролин Ламм МТСтин филиалы бул мамлекетте «жөн гана укуктук нормаларды сактабаганы үчүн айыпталып жатат» деп билдирүүдө. «Independent» булагы менен болгон маегинде ал МТС компаниясынын филиалы «салык төлөгөн эмес жана мыйзамсыз иштеген» деп түшүндүрдү. Ал «Өзбекстан инвестициялар үчүн эң мыкты жер» деп жактап жатат.
Өткөн аптада МТСтин кызматкерлерине каршы кылмыш ишинде жогоруда аталган төрт кызматкер бир катар майда кылмыштар үчүн соттолду, алардын арасында салык төлөгөндөн качкан, бийликтен ашыкча пайдаланган, жалган ишкерлик кылган деген сыяктуу беренелер бар. Төртөө тең түрмөгө камалган жок. Бирок сот 700 миллион доллар түрүндө айыппул салды, бул МТСтин активдерин мамлекетке өткөрүп берүү менен орду толтурулушу керек. Юристтер «компаниянын төрт кызматкери абдан коркуп калгандыктан, өкүмгө каршы жогорку соттук инстанцияга арыз берүүнү ойлошкон да жок окшойт» деп болжошууда.
Козин 60 миң беттен турган кылмыш иши болгону эки жумада каралганын, ошол эле маалда МТС компаниясын операциялык уруксат кагазынан ажыратыш үчүн болгону 14 мүнөт талап кылынганын айтат. Өзбекстан башаламандыкка кабылды, себеби бүт өлкөдөгү калк уюк байланышы жок калды. «Мен Россияда жана бүткүл аймакта 1988-жылдан бери иштейм жана мен ар түрдүү иштерди көргөм, бирок буга окшогон ишти көрбөптүрмүн», - дейт Козин.
МТС компаниясынын өкүлү Хеккер болгон жагдайды «укуктук стандарттарга жатпаган абдан күлкүлүү, акылсыз иш» деп атады. Ал Өзбекстанда МТС компаниясы «отуруп баарын сүйлөшүү жолу менен олуттуу чече турган адам таппаганын» тастыктайт.
Талдоочулар «бул окуя конфискациянын классикалык учуруна окшош» деген пикирде эки башка ой айтып жатышат. Алар ошондой эле Өзбекстанда чет элдик инвесторго карата буга окшогон чечкиндүү кадамды колдогон адамдар аз экенин белгилешет.
«Буга окшогон кадам өзбек өкмөтүнүн башкаруучу элитасынын уруксаты жок жасалганына ишениш кыйын», - дейт «Хьман Райтс Вотч»  уюмунун иликтөөчүсү Стив Свердлов. «Аталган процесс соттук териштирүү маалында бузулду деп айтуу аздык кылат. Бул Өзбекстанда ишкерлик кылуунун коркунучу тууралуу эскерткен дагы бир белги жана мамлекеттин жана аны башкарып жаткандардын мүнөзү тууралуу дагы бир эскертме».

Гүлнара Каримова - «ак сөөк айым»
Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Борбор Азиядагы «ак сөөк айым» болуп эсептелет. Ал кийим жана зер буюмдарынын дизайны сыяктуу долбоорлорду колдонуу менен өз атасынын көлөкөсүнөн чыгууга  аракет кылып жатат, ал эми бир аз мурда ал поп-ырчы болуп калды.
Болжолу аны атасы эркелеткен Гугуша деген атты пайдалануу менен Гүлнара АКШда «Өзбекстандын экзотикалык сулуусу» деп аталган жарнама өнөктүгүн уюштурду. Америкалыктардын дипломатиялык жазууларында 40 жаштагы Гулнара көптөгөн өзбектер тарабынан бул мамлекеттеги көп сандаган бизнестин ээси катары белгиленген. Бирок ал буга окшогон кептерге макул эмес.

Шон Уолкер
«Independent», 25-сентябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Өзбекстан МТС Шон Уолкер
Другие материалы раздела:
Комментарии
бишкек авторынок


Публикации Авторов:

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней