Пакистандык министр террорчулардан чуулгандуу америкалыкты тындым кылууну өтүндү
среда, 26 сентября 2012 г. 14:08:26
Исламга каршы видео: тасманын автору үчүн 100 миң АКШ доллары сыйлыкка коюлду

Нааразылык акциялары уланып жаткан маалда Пакистандын министри террорчулардан америкалыкты өлтүрүүнү суранды.
АКШда тартылып, Мухаммед пайгамбарды жаманатты кылган тасмага каршы улантылып жаткан нааразылык акцияларынан улам, Бангладештин борбору Дакка шаарында полиция менен жүздөгөн демонстранттар кагылышып, ондогон адамдар жаракат алышты.
Жума күнү кагылышуулар каптаган Пакистанда 20дан ашуун киши набыт болду, ал эми Сенаттын министри жек көрүндү тасманын режиссерун өлтүргөн адамга 100 миң доллар сунуш кылды. Пакистандын темир жол каттамынын министри Гулам Ахмад Балор жогоруда аталган сумманы өз чөнтөгүнөн төлөп берүүгө даяр. Ал талибдерди жана «Аль-Каиданы» «ыйык милдетти» аткарууга, ошондой эле исламга каршы тасманын режиссерун таап өлтүрүүгө чакырды.
Ал арада элдик нааразылыктын толкундоолорунун маалында жана полиция менен өкмөттүн аскерлеринин колдоосу аркылуу «Бенгазидеги америкалык консулдукка кол салды» деп айыпталган ислам жоочулары шаардагы өз базасынан кубаланды. Толкундоо маалында төрт адам курман болуп, дагы отуздай киши жаракат алды.
«Ливия, Ливия. «Аль-Каидага» жол жок!» деген сөздөр менен, ошондой эле «Биз өз каныбызды эркиндик үчүн төккөнбүз!» деген жүздөгөн кишилер кылычтарын жалаңдатып, «Ансар аль-Шариат» тобунун штаб-квартирасына жулунуп киришти. Демонстранттар топтун туусун жулуп ыргытып, топтун штаб-квартирасынын ичинде турган автоунааларды өрттөштү.
«Америкалык консулдукта болгон окуядан кийин, Бенгази шаары экстремисттерден кам санабай жатканын токтотту», - дейт Хасан Ахмед аттуу демонстрант. Нааразылык акциясынын биринчи толкуну менен келген Адусалам аль-Тархуни аттуу өкмөттүн жумушчусу демонстранттарга биринчи болуп кол салган жоочулардын тобу бар бир нече жүк унааларынан аларга ок атылганын айтты.
Нааразылык акциясынын катышуучулары «Ансар аль-Шариат» тобунун штаб-квартирасынан кетишкен соң, эл абдан эле көп чогулуп кетти жана исламчылардын аскер базасына карай багыт алды. Демонстранттар жоочулар аларга ок чыгарганын айтып жатышат. Алардын айтымында бир нече киши жарадар болду.

Питер Граф  менен Сулейман Аль-Халиди
«Independent», 24-сентябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Пакистан министр жоочулар видео Питер Граф Сулейман Аль-Халиди
Другие материалы раздела:
Комментарии
продажа машин в киргизии


Публикации Авторов:

27.05.2020
"Nur.kz"
Букмекерские конторы перенесут в игорные зоны в Казахстане

27.05.2020
"Ferghana"
Осужденная на десять лет сестра кыргызского депутата получила убежище в Польше

27.05.2020
"Reuters"
Вопрос остановки Тенгиза из-за коронавируса не стоит -- министр энергетики Казахстана

27.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
В Казахстане могут появиться новые партии

23.05.2020
"Ritmeurasia"
В Минздраве Таджикистана сообщили, сколько человек вылечились от COVID-19

21.05.2020
V.Panfilova, NG
В Бишкеке может произойти олигархическая революция

19.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Таджикистан поставил региональный рекорд по смертности от COVID-19

18.05.2020
"Tengrinews", KZ
"Про сезон можно забыть". Отдохнут ли летом казахстанцы на Иссык-Куле?

15.05.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстан могут поделить на зоны полевые командиры

12.05.2020
"Tengrinews", KZ
"Обещают повесить": консул Кыргызстана попросил защиты у МВД России - СМИ

12.05.2020
"Ъ"
Кыргызстан попросил Россию снизить цены на газ

12.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Ташкент, несмотря на риски, выбрал ЕАЭС

08.05.2020
P.Leonard, EuAs
Токаев откусил кусок бутерброда Назарбаевых

04.05.2020
"Kursiv"
Какая из столиц Центральной Азии самая неудобная для пешеходов

03.05.2020
V.Panfilova, NG
Президент Казахстана лишил дочь Назарбаева поста спикера

02.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Казахстан ищет выход из конституционного кризиса

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней