Россия Кыргызстандагы таасирин бекемдеп жатат, ал эми АКШ базасын чыгарып кетишине аз калды
вторник, 25 сентября 2012 г. 22:47:08
Американын Кыргызстандагы ролу алсырап жаткан учурда Владимир Путин бул борборазиялык өлкөдөн каалап жаткан нерсесин алды, анын ичинде россиялык аба базасы боюнча ижара келишимин узартуу тууралуу макулдашууга кол койду жана торпедалык заводдун бир бөлүгүнө ээ болду.
Америкалыктардын Бишкектин алдында жайгашкан «Манас» аба базасынан кетиши жакындап келе жатканда, бейшемби күнү Кыргызстандагы расмий иш сапарынын учурунда Россиянын президенти Владимир Путин жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Москванын мурдагы Советтер Союзунун аймагындагы аскердик жана экономикалык катышуусун чыңдай турган макулдашууга кол коюшту.
Путин Кант шаарындагы Россиянын аба базасы боюнча 15 жылдык ижара келишимин узартуу тууралуу макулдашууга кол койду. Бул базада 600гө жакын россиялык аскер кызматкерлер кызмат өтөшөт, ошондой эле аскердик учактардын анча чоң эмес эскадрильясы жайгаштырылган. Кыргызстандын аба база үчүн учурда 4,5 миллион АКШ долларын түзгөн ижара акысын көбөйтүү тууралуу сунушу канааттандырылган жок, бирок Путин Кыргызстандын Россиянын алдындагы дээрлик жарым миллиарддык карызын акырындап чийип салууга макул болду.
Анын ордуна Москва Кыргызстандын бир канча өнөр жай тармактарынын акцияларынын көп бөлүгүн, ошондой эле алыста жайгашкан Ысык-Көл көлүнүн жанында жайгашкан «Дастан» торпедалык заводунун акцияларын алат. Россия эчактан бер эле бул заводго ээ болгусу келип жаткан, анткени анда дүйнө жүзүндөгү эң эле заманбап, өтө тез жүрүүчү суу алдындагы «Шквал» (ВА-111) ракеталары жасалат.
Кремль жаап бергиле деп бир канча жолу өтүнгөн АКШнын «Манас» аба базасы тууралуу Атамбаев, ал жакында эле Вашингтонго АКШдагылар 2014-жылы ижара мөөнөтү аяктагандан кийин объектти бошотууга тийиш экендигин кабарлаганын белгиледи. Эки өлкөнүн башчыларынын биргелешкен билдирүүсүндө «Кыргызстан «Манас» аэропортунда жайгашкан транзиттик борборду эч кандай аскердик компонентисиз жарандык обьектиге айландырууга ниеттенет» деп айтылат. Өз кезегинде Путин Кыргызстандын «Манастагы» америкалык аскер базасын жабуу тууралуу чечимине тиешеси жоктугун айтты.
Бирок Москва менен Вашингтондун ортосундагы базанын тагдырына байланыштуу жашыруун күрөштүн жылдары жакында эле Москвадагы америкалык элчи Майкл Макфолдун эл алдында окуган лекциясында талкууланган, аны кийин Россиянын ТИМи сындаган. Кыргызстанда 5,5 миллион адам жашайт жана ал Азиянын жүрөгүндө жайгашкан тоолуу республика болуп саналат. Бул Борбор Азия өлкөсүндө өнөр жайы жана ресурстар эч качан жетиштүү болгон эмес. Өткөн он жылда Кыргызстан эки революцияны башынан өткөрдү.
Айрым маалыматтар боюнча өлкөдөгү бюджеттин 30 пайыздык жетишсиздиги экинчи жылы катары менен байкалууда, Кыргызстандын өкмөтү банкроттун чегинде турат. Анын карызынын оордугун жеңилдетиш үчүн гидроэлектростанцияларын жана инфраструктуранын башка түрлөрүн куруу максатында Россия кошумча 5 миллиард АКШ долларын сунуштады. Россиянын күчөп жаткан таасири Путин мурдагы Советтер Союзунун республикаларынын арасында АКШнын таасиринин эсесин чыгаруу жана жыйырма жыл мурда Советтер Союзу кулагандан кийин жоготуп алган экономикалык жана стратегиялык өз ара өнөктөштүктүн айрым түрлөрүн калыбына келтириш үчүн Евразия Биримдигин түзүүгө аракеттенип жатат деген ойго алып келет. Москва НАТОнун аскерлери 2014-жылы Афганистандан чыгып кеткенден кийин аймактык башаламандыктын коркунучу боюнча тынчсызданууда. Андан тышкары Россиянын жетекчилиги Советтер Союзунун мурдагы дагы бир республикасы, Афганистан менен чектешкен Тажикстан менен өз байланыштарын бекемдөөгө аракеттенип жатат.
«Россиянын Тажикистан менен Кыргызстандагы иштерге катышуусу туруктуулуктун маанилүү жагдайы болуп саналат» деп Путин бейшембиде Атамбаев менен берген биргелешкен маалымат жыйында айтты. Кыргызстандын президенти Путиндин комментарийлерине кошулду. «Биз Россия менен тарыхыбыз жана тагдырыбыз менен чырмалышканбыз. Биздин Россиясыз келечегибиз жок» деп айтты ал.

Фред Вейр
«Christian Science Monitor», 21-сентябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Фред Вейр Россия Кыргызстан
Другие материалы раздела:
Комментарии
киргизия авторынок бишкек


Публикации Авторов:

02.04.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстан возвращается к президентскому правлению

01.04.2020
"Nezavisimaya gazeta"
COVID-19 пока не добрался до Таджикистана и Туркменистана

28.03.2020
"Oreanda.ru"
В Казахстан из России пытались вывезти 11 тонн антисептика

26.03.2020
V.Panfilova, NG
Страны ЦА спасают свои экономики

25.03.2020
"Kazinform"
Заболевший коронавирусом в Жамбылской области недавно прибыл из Кыргызстана

24.03.2020
V.Panfilova, NG
Пандемия Атамбаеву не помогла выйти на свободу

23.03.2020
"EADaily"
Несмотря на карантин, вирус расползается по всему Казахстану

19.03.2020
L.Kopjasarova,"Cabar"
Казахстан намерен реформировать госполитику в сфере межнациональных отношений

19.03.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Евразийский союз шатает от коронавируса

17.03.2020
V.Panfilova, NG
МИД Таджикистана сделал выговор Госдепу США

12.03.2020
V.Panfilova, NG
Назарбаев поделился с Путиным опытом политического долголетия

11.03.2020
"Ukraina.ru"
Псевдорелигиозные джамааты в Кыргызстана укрепляются на фоне коррумпированности муфтиев – Грозин

11.03.2020
"Vedomosti.ru"
BBC: семья Назарбаева оспаривает арест своей недвижимости в Лондоне

10.03.2020
"Afghanistan.ru"
Перспектива параллельных инаугураций в Афганистане вызвала скептическую реакцию талибов

09.03.2020
Z.Karajanov (R E-A)
Казахстан свяжет себя с соседями соглашениями по общим рекам

09.03.2020
"Eurasianet.org"
Узбекистан отказывается от госзаказа на хлопок

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней