Сириядагы согуштун эң эле коргоосуз курмандыктары балдар болуп калды
четверг, 27 сентября 2012 г. 23:21:04
Сириялык балдар «кыйноо жана азап» тартып жатышат

«Save the Children» («Балдарды куткаргыла») уюмунун баяндамасында учурда Иордандагы Заатари качкындар лагеринде жашап жаткан сириялык балдар акыркы 18 айдан бери тирешүү уланып жаткан Сириядан качып чыкканга чейин кандай таш боор мамилеге, кыйноо менен азапка кабылышканы айтылат.
Хасан аттуу баланын баянында анын кыштагындагы ракетанын чабуулунан улам болгон кыргындагы сөөк коюу тажиясы сүрөттөлөт. «Өлгөндөрдүн сөөгү жарадар болгондор менен бирге жерге ыргыды... Иттер өлүп жаткандардын денесин эки күн бою жешти», дейт ал.
15 жаштагы Хасан анын атасы директор болуп иштеген мектептин шыбына аны асып алып денесине чылымдын чогун басып кыйнашканын айтты. Башкалар менен бирге кармалган 16 жаштагы Ваель өкмөткө каршы активисттин алты жаштагы баласы Алаа кыйноонун курмандыгы болгонун билдирди. Ага үч күн бою өлүп калганга чейин суу же тамак беришкен эмес.
«Балага каршы жасалган ар бир кылмыш катталууга тийиш. Чатактын бардык тарабына буга окшогон тири укмуш аракеттерден баш тартуу зарылдыгын так түшүндүрүш керек», - дейт «Save the Children» уюму бардык укук коргоо уюмдарын бул кылмыштарды иликтөөгө чакыруу менен.
Бул баяндама басылып чыкканга чейин качкындар үчүн лагердин коопсуздугун камсыз кылган күчтөр тополоң чыгарган качкындарды кубалап таратыш үчүн көздөн жаш агызуучу газды колдонгон. Качкындар жашоого жакшы шарттарды, тамак-ашты жана өз балдары үчүн мектеп уюштурууну талап кылышкан.
Айрым сириялыктарга мекенине кайтып барууга тыюу салынды. БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы Сириядагы жагдайды кайтып баруу үчүн абдан эле коркунучтуу деп эсептейт.
Кечээ армиянын офицерлери жыйын өткөрүп жаткан Дамаскинин алыскы районундагы мектепте жети жолу жардыруу болду. Фундаменталист козголоңчу «Ансар аль-Ислам» тобу бул жарылуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Мамлекеттик «Sana» маалымат агенттиги кабарлагандай, жарылуунун айынан жети киши жабыркаган. Ошондой эле Дамаскинин борборундагы Багдад көчөсүндө болгон кагылыш тууралуу маалымат келип түштү. Алепподо армия түштүк-чыгыштагы козголоңчу райондорду бомбалап жатат.
Сириянын маалымат министри Омран аль-Зоаби козголоңчулар бул согушта жеңиле турганын айтты. «Буга болгону убакыт гана талап кылынат жана бул анча деле көпкө созулбайт. Биз жеңишке карай бара жатабыз», - дейт ал.
БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Муханнад Хади агенттик күчөп жаткан чатакка карабай, Хомстагы аймактардын биринин жашоочуларына азык-түлүк жардамын көрсөтүп жатканын айтты. Ошондой эле агенттик ким артка кайтып жатса ага да көмөк көрсөтүүдө. Агенттиктин эсеби боюнча, уюмдун жардамына баш калкалоочу жайларда жана мечиттерде жашап жаткан 223 миң адам муктаж.
Кечээ БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында «аймактык кырсыкка жана дүйнөлүк кесепеттерге алып келген» Сириядагы жагдайда карата аракет кылбай жатканы үчүн Коопсуздук Кеңешин катуу сынга алды.
Кеңештин жыйынынан соң БУУнун жана Араб Мамлекеттер Лигасынын элчиси Лакхдар Брахими Сириянын президенти Башар Ассад сезилерлик реформаларды жүргүзүүгө аракет кылбаганын, кыйноо катардагы көрүнүш болуп калганын, ал эми жарадар болгон адамдар армия тарабынан көзөмөлдөнгөн ооруканаларга баруудан коркуп жатышканын айтты.

Майкл Янсен
«Irish Times», 26-сентябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Сирия балдар Майкл Янсен кыйноо
Другие материалы раздела:
Комментарии
купить авто в бишкеке


Публикации Авторов:

24.02.2020
"Zakon.kz"
Казахстан пожалуется на Кыргызстан в ВТО

24.02.2020
"Eurasianet.org"
Туркменистан: маскируя реальность - обзор событий

24.02.2020
A.Yuldashev (A+)
Бишкек и Душанбе договорились обменяться 23 гектарами земли

23.02.2020
“Review.uz”
Узбекистан разместит у себя серверы Google, Facebook и Yandex

21.02.2020
"UzReport.uz"
Сингапурская компания предложила Ташкенту сотрудничество по переработке отходов

21.02.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызы вытолкали из страны китайского инвестора

19.02.2020
V.Panfilova, NG
Таджики объявили своей Баткенскую область

17.02.2020
"Zakon.kz"
В Узбекистане признали, что мирных жителей в Андижане расстреляли правительственные войска

17.02.2020
"Asia plus"
Жители села Сомониён: «Если отдадим наше село, Чоркух высохнет»

13.02.2020
G.Ivanova (Iz)
Свято место: почему США возвращаются в Центральную Азию

13.02.2020
"Eurasia.expert"
ЕАБР профинансирует масштабный инфраструктурный проект в Казахстане

12.02.2020
V.Panfilova, NG
Туркменистан укрепляет границу с Афганистаном

11.02.2020
"Nezavisimaya gazeta"
К-Т. Токаев уволил силовиков

10.02.2020
V.Panfilova, NG
Погромы в Казахстане покрывали госорганы

06.02.2020
V.Panfilova, NG
Душанбе не спешит в Евразийский союз

06.02.2020
"RIA Novosti"
В Москве умер сын экс-президента Кыргызстана, сообщили СМИ

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней