Америкага каршы зомбулук элементтери бар акциялар бүткүл Азияга жайылып жатат
воскресенье, 23 сентября 2012 г. 19:39:00
Тимергар, Пакистан. Дүйшөмбү күнү Пакистандын түндүк-батышында  исламга каршы тасмага нааразы болуп акцияга чыккан жүздөгөн демонстранттар өкмөттүн имараты менен басма сөз клубун өрттөп жибериши бери дегенде бир адам курман болгон полиция менен кагылышуунун себеби болуп калды.  
 
Ошондой эле тололоң чыгарып жаткан демонстранттардын полиция менен кагылышуусу Афганистандагы америкалык аскер базасынын айланасында жана Индонезиягы АКШнын элчилигинин имаратынын жанында байкалды. 
Теледен чыгып сүйлөгөн сөзүндө шииттик «Хезболла»  радикалдуу тобунун  лидери шейх Хасан Насралла “Кошмо штаттар мусулмандарга каршы тасмага жооп бериши керек”, - деп билдирди. Дүйшөмбү күнү катуу коркуткан билдирүүдөн соң, шииттик топ Бейрутта чоң нааразылык акциясын  өткөрдү.    
Дүйшөмбү күнү өткөн башаламандыктар мусулмандарга каршы фильмге байланыштуу чыккан бир аптадан бери уланып жаткан зомбулук Азия тарапка жыла баштаганынын көрсөттү.  
Америкалык дипломатиялык миссияга карата, анын ичинде элчи Кристофер Стивенс жана дагы башка үч америкалык өлтүрүлгөн Ливиядагы АКШнын элчилигине бир нече жолку кол салуулардан кийин, Вашингтон айрым өлкөлөрдө коопсуздук чараларын күчөтүүгө аргасыз болду. Акыркы үч күндөн бери араб өлкөлөрүндө салыштырмалуу тынчтык байкалууда. Бирок бир аз мурда болгон зомбулуктун маалында эң аз дегенде 10 демонстрант набыт болду.   
«Хизбалла» шииттик тобунун чакырыгы аталган маселе көңүлгө алынбай калбаш үчүн жана миңдеген нааразылык акцияларына чыккан көптөгөн мусулмандардын арасында колдоо табыш үчүн  багытталган.   
Топ Бейруттагы АКШнын элчилиги жана башка эл аралык дипломатиялык миссиялар  жайгашкан  жерден анча алыс эмес  аралыкта,  шаардын түштүгүнөн орун алган алган шииттик таяныч жайгашкан райондо демонстранттарды чогултту.  
Мухаммед пайгамбарды жамандаган чакан бюджеттүү тасмадан улам чыккан толкундоолор шииттик радикалдык топ үчүн оңтойлуу жагдай түзүп берди. Көптөгөн өлкөлөрдө болуп жаткан ызы-чуу Сириядагы кризистен жана “Хизболла” радикалдуу тобунан эл аралык коомчулуктун  көңүлүн алаксытты. Буга чейин бүт дүйнөлүк коомчулук аталган топту “Сириянын президенти Башар Асадды колдоп атат”, - деп күнөөлөп жаткан. Бирок өз ара бытыранды болуп бөлүнгөн Бейрутта башаламандыкты тутандыруу тескери реакцияга алып келиши мүмкүн.    
Тасмада ислам пайгамбары алдамчы, катынпоз катары сүрөттөлгөн. Демонстранттар өздөрүнүн бүт кыжырлануусун АКШнын өкмөтүнө багытташты. Алар Вашингтондон тасма Интернетке көрсөтүлбөстөн, жеке тартипте гана көрсөтүлүшү үчүн кандайдыр бир чара көрүүсүн талап кылып жатышат.  
Америкалык аткаминерлер тасманы “мусулмандарга атайлап ойдон чыгарылган жалаа жапкандык”, - деп сындап чыгышты.  
Дүйшөмбү күнү Германиянын канцлери Ангела Меркель немис бийлиги “Бейкүнөө мусулмандар” деген аталыштагы тасманын  элге көрсөтүлүшүнө тыюу салуу жагын караштырып жатканы тууралуу билдирди, себеби ал коомдук коопсуздукка коркунуч келтирет. Немистердин абдан оңчул партиясы тасманы ноябрь айында Берлинде көрсөтө турганын билдирди.   
Иран мамлекеттик телевидениесинен Ирандын жогору лидери Аятолла Али Хаменеи батыш мамлекеттери “чоң кылмышты бирге жасагандар болуп чыкканын” далилдебеш үчүн тасманы көрсөтпөөнү Батыштан өтүндү.  
Буга окшогон кайрылуу фильм тарабынан пайда болгон абдан чоң маданий пикир келишпестикти көрсөтүп турат. Америкалык аткаминерлер сөз эркиндигине чектөө кое албасын айтып жатышат, ал эми «Google Inc» компаниясы «YouTube» баракчасынан видеону алып салуудан баш тартты. Айрым  өлкөлөр өздөрүнүн жеке чараларын кабыл алышты жана тасмага цензура киргизишти.  
Полиция аткаминери Мухтар Ахмеддин айтымында, дүйшөмбү күнү өкмөттүн жана басма сөз клубунун имаратын өрттөшкөндөн кийин, Пакистандын түндүк-батышында  жүздөгөн полициялар менен демонстранттардын кагылышуусу болуп өттү. “Көрүнүп тургандай, демонстранттар Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы  Жогорку Дир районунда жайгашкан басма сөз клубуна алардын нааразылык акциясы коомчулуктун көңүлүн көп бурбасын деген максатта кол салышкан”, - дейт ал.  
Ахмад полиция Вари шаарында жайгашкан элди курчап алганын жана дубинкаларды колдонушканын айтты. “Демонстранттар жергиликтүү өкмөттүн жогорку даражалуу өкүлүнө кол салышкан жана полициянын бөлүмүн курчап алышкан”, - деп кошумчалайт Ахмад.
Полиция аткаминери Ахтар Хаяттын айтымында, полиция менен демонстранттардын ортосунда болгон атышууда нааразылыкка чыккан бир адам курман болуп, бир нечеси жаракат алышты. 
Түштүктөгү Карачи шаарында дагы полиция менен нааразылыкка чыккандардын кагылышуусу болду. Коопсуздук күчтөрү АКШнын консулдугуна кол салууга аракет кылган нааразылык акциясына катышкандарга карата күч колдонууга аргасыз болду.    
Полиция көздөн жаш агызуучу газды колдонду жана «Джамаат-и-Ислами» партиясынын студенттик канаты баштаган нааразылык акциясын таратуу үчүн асманга карай ок атты. Полиция 40 адамды камакка алды. “Кагылышуу маалында эч ким жабыр тарткан жок”, - дейт  полициянын офицери Асиф Эджаз Шейх.
Жекшемби күн Карачи шаарында болгон буга окшогон кагылышууларда бир адам курман болуп, бир нече киши жаракат алган болчу. 
 
Абдулла Хан,
«Associated Press», 18-сентябрь,2012-жыл,
Которгон – «InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Другие материалы раздела:
Комментарии
мазда


Публикации Авторов:

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней