Каардануу жана кыжырлануу кимге керек болуп жатат?
воскресенье, 23 сентября 2012 г. 18:53:45
Мусулмандарга каршы “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына  карата  нааразылык акциялары ызаланган диний сезимдерди билдирүү болуп саналат. Бирок ал ошондой эле өзүнүн жеке максаттарын көздөгөн радикалдуу идеологдордун ишмердүүлүгүнүн дагы жыйынтыгы болуп жаткан кези.
Мусулмандар Интернетке “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасы чыккандан кийин өзүнүн дининин жана Мухаммед пайгамбардын намысын талашуу үчүн көчөлөргө чыгышты.
«Бүткүл дүйнө жүзү силердин жүзүңөрдөгү
, муштумуңардагы жана үнүңөрдөгү каарданууну түшүнүүгө жана көрүүгө тийиш”, - деп Бейруттагы «Хезболланын» митингинде Шейх Хассан Насралла айтты. «Биздин тамырыбызда кан айланып турганда, биздин пайгамбарды кандай шылдыңдап жаткандыгына унчукпай карап турбайбыз”.
 
Хезболла өзүнүн кадыр-баркы үчүн күрөшүп жатат
 
Насралла бир канча убакыт бою элдин алдына чыккан эмес. Ал коңшу Сириядагы карама-каршылык тууралуу дээрлик эч нерсе айткан жок. «Хезболла» уюмду көп жылдар бою колдоп келген Ассаддын режимин колдоону артык көргөн: бир канча айлар бою Хезболланын согушчандары Сирияда активдүү иштеп жатат деген имиштер жүргөн.
Хезболланын Ассад менен тилектештиги уюмдун колдоосуна жана жакшы көрүүсүнө татыктуу болчу, ал эми Ассадын кыйрап калуу мүмкүнчүлүгү олуттуу коркунуч болуп саналат.
Ислам боюнча серепчи Лурдес Видалдин айтымында, тасма Насраллага өзүн Исламдын коргоочуcу жана АКШга каршы күрөштө активист катары көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул ыкма жоготуп алган аймакты калыбына келтирет дейт ал. “Ал өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө Хезболла бул аймакта кыйын абалда калгандыктан, жаңы тарапкерлерге ээ болууга үмүттөнгөн жана пландаган; мындан тышкары анда ички маанилүү факторлор бар”.
 
Экстремисттер бийликке талапкер болушууда
 
Ливандагыдай эле, мусулман дүйнөсүнүн башка топтору дагы тасма тарабынан пайда болгон каарданууну өзүнүн кызыкчылыктарына жана максаттарына пайдаланышууда. Бул – өзүнүн бийликтерин көрсөтүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Панарабдык «Al Hayat» газетасы: «Салафиттер өзүнүн араб өлкөлөрүнүн үстүнөн болгон бийлигин, алар көчөлөрдөгү кыймылдатуучу күч болуп саналарын көрсөтүү үчүн пайдаланууну каалашат. Алар жетилген жана жакшы уюшулган, бирок өзүнүн бийлигин али бекемдей элек мусулман уюмдарынан турган элементтерге чакырык таштап жатышат”.
Бардык экстремисттер алар иштеп жаткан кырдаал ар кандай болушу мүмкүн болсо дагы, ушуга окшош мотивдерге ээ.
Ливияда мисалы, “Аль-Каида” менен байланышта болгон экстремисттик топтор жаңы өкмөт бүт өлкө боюнча өзүнүн бийлигин бекемдөөгө тийиш болгон өлкөдө өзүнүн таасирин чыңдоого аракеттенип жатышат. Экстремисттер бул алсыздыктан август айында алар суфийлердин көрүстөндөрүн исламдык эмес деп эсептөө менен жок кылышканда пайдаланышты.
Ислам боюнча серепчи Рейнхард Шульц эсептегендей, азыр алар тасмага карата бул каарданууну өздөрүнүн максаттарына пайдаланууга аракеттенип жатышат.
«Тасма боюнча нааразычылык экстремисттерге  өздөрүнүн аракеттерин жана теракттарды аларды элдик каардануунун белгилери деп атоого боло тургандай мүмкүндүк бергендей таасир пайда болду”, - дейт Рейнхард.

Манипуляциялардын чебери

Бирок көпчүлүк ливиялыктар көрүстөндөрдү жок кылып жаткандардан, ошондой эле террористтерден негизинен салафиттерди колдобогон египеттиктер сыяктуу эле өздөрүн алысыраак кармашат.
Албетте, радикалдарды жакшы көргөн айрым бир египеттиктер дагы бар дейт Каирдеги америкалык университеттин политологу Гамаль Солтан. “Бул диний маселелерге карата сезимталдыктан улам манипуляцияларга даяр болгон коомдун бир бөлүгү бар. Экинчи жагынан алганда өзүнүн ишин илгерилетүү үчүн мүмкүнчүлүктү пайдаланууга даяр болгон үгүттөөчүлөр да болгон”.
Солтан демонстранттарды масштабдуу карама-каршылыктын бир бөлүгү катары көрүп жатат: “Салафиттер Агайын мусулмандар менен бир эле идея үчүн атаандашат. Дал ошондуктан алар улуттук консенсуска келүүгө жасалган бардык аракеттерди четке кагышууда. Мейли ал экономикалык кыйынчылыктар болсун, же анти-исламдык тасма болсун муну өкмөттү андан ары делегитимдештирүү жана өзүнүн идеяларын илгерилетүү үчүн пайдаланууга даяр болгондор  дайыма табылат”.
 
ХАМАС өзүнүн кадыр-баркын жакшыртууда
 
Газа секторунда ХАМАС ошондой эле түзүлгөн кырдаалдан пайдаланууга аракеттенүүдө. Видал белгилегендей, уюмдун Исламды коргоого карата чакырыгы ХАМАС саясий маселелер менен бет келишкен учурда айтылып жатат. Ал Израиль тарабынан Иордандын Батыш жээгиндеги жүргүзүлүп жаткан курулушту токтото алган жок жана өзүнүн Фатхдагы атаандаштарынан артта калууда.
Видалдын айтымында, ХАМАС дагы коомдун колдоосунан Ассаддын режими менен мамилелерин үзүүнү кечеңдеткендигинин жыйынтыгында ажыраган. “Дал ошол үчүн ал өзүн Исламдын коргоочусу катары көрсөтүп жатат. Ошол эле учурда ал Американы демонизациялайт. ХАМАС дал ушундай жол менен акыркы учурларда түшүнүксүз болуп калган өзүнүн кадыр-баркын жакшыртууда”.
 
Судан жана анын карыздары
 
Суданда башка кырдаал пайда болду. Шульцтун айтымында өлкөнүн өкмөтү кайсы бир деңгээлде достук маанайдагы ММКлардын ишмердүүлүгүнөн келип чыккан  зомбулук үчүн кайсы бир деңгээлде күнөөлүү. “Ал жерде чындап эле жетектөөчү ок бар экендиги байкалган. Мен эгерде белгилүү бир багыт болбосо Судан элинин демонстрацияга чыгышын элестете албаймын”.
Каршылык акциялары албетте президент Омар Хассан аль-Баширдин өкмөтү үчүн пайдалуу. Бир жыл мурда Түштүк Судан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин, Судан мунайдан түшкөн кирешенин көп бөлүгүн жоготуп алган, анткени мунайдын негизги бөлүгү өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан. Өкмөт муну эл бир канча айлар бою каршы чыгып жаткан кыскартуулардын катаал программасы менен компенсациялоого аракеттенүүдө.
Шульц тасмага карата каршылык өкмөт үчүн адамдардын нааразылыгын башка багытка салууга ылайыктуу мүмкүнчүлүк деп ишендирет. Бирок, бул өкмөттүн маселелерин жеңилдетпейт.
«Бир жагынан алганда өкмөт катаал үнөмдөө чаралары жайылтылып жаткандыгын жана өлкө өзүнүн карыздарын кыскарта тургандыгына кепилдик берүүгө тийиш”, -дейт Шульц. «Экинчи жагынан алганда жетекчилик Суданда араб жазынан качууну каалайт”.

Керстен Нипп
«Deutsche Welle», 19-сентябрь,  2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Другие материалы раздела:
Комментарии
ниссан


Публикации Авторов:

13.11.2019
"EADaily"
Узбекистан покинул тройку мировых лидеров по экспорту хурмы

11.11.2019
"RIA Novosti"
Эксперты рассказали о взаимодействии России и Китая в Азии

11.11.2019
"TASS"
Макрон заявил о готовности решать проблемы Центральной Азии со всеми странами региона

11.11.2019
"Haqqin.az"
Резиденция президента Казахстана осталась без света

06.11.2019
"Haqqin.az"
Таджикистан задумал передать Узбекистану территорию с золотом

01.11.2019
"LSM.kz"
Казахстан поставил ультиматум странам ЕАЭС

01.11.2019
V.Panfilova, NG
Пекин осваивает Горный Бадахшан

30.10.2019
J.Lillis, EN
Кто же все-таки лидер нации в Казахстане?

24.10.2019
K.Karabekov, Ъ
Дело экс-президента Кыргызстана рассмотрят конституционно

24.10.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменский газопровод берут под охрану афганские военные

23.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев возвращает свои полномочия

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней