“Жаңы Жибек Жолу” демилгеси боюнча жылыштар байкалды, бирок жообу жок суроолор дагы эле калууда
четверг, 20 сентября 2012 г. 18:09:27
Төөлөрдү жана кербендерди темир жол линияларына жана мунай өткөргүчтөрүнө айландырууга болобу?
 
АКШнын “Жаңы Жибек Жолу” тууралуу демилгесинин артында максаты Афганистанды колдоо жана аймактык туруктуулукту өлкөдөн аскерлерди чыгарып кеткен соң камсыздоо үчүн  энергетикалык, транспорттук, соода жана инфраструктуралык долбоорлорду жайылтуу болгон дал ушул идея турат.
Өткөн жайда Индияда АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон өлкөлөрдү көп кылымдар бою Ыраакы Чыгыш жана Европаны бириктирип келген байыркы Жибек жолунан демденүүгө чакырган.
 «Келгиле эл аралык экономикалык жана транзиттик байланыштардын түйүнүн түзөбүз”,-деп айткан ал. “Бул көбүрөөк темир жолдорду, магистралдарды, түтүк өткөрүгүчтөрдү, сунушталып жаткан  Түркмөнстандан  Афганистан жана Пакистанга, Индияга (ТАПИ) кеткен  түтүк өткөргүчтөрдү курууну билдирет. Бул чек ара пункттарындагы обьектилерди жаңылоону түшүндүрөт. Бул албетте, сөзсүз түрдө бюрократиялык тоскоолдуктарды жана товарлардын жана адамдардын эркин агылуусуна бөгөт болуучу башка тоскоолдуктарды жоюуну түшүндүрөт”.
 Теориялык жактан алганда пайдасы абдан чоң болууга тийиш.
Кабул аймактык соода жүргүзүүнүн көлөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө  ээ болот, бул 2014-жылы чет өлкөлүк аскерлерли чыгарып кеткен соң эл аралык жардамды кыскартуунун ордун толтурууга жардам берүүчү ушундай зарыл болгон кирешени камсыз кылат.
Коңшу өлкөлөр аймактык байланыштарды калыбына келтирүүдө активдүү катышуучулар болушат, бул экстремизмдин жайылуусуна бөгөт коюуга жардам бере ала турган экономикалык базаны камсыз кылат.
Бул долбоорду Дүйнөлүк Банк, Азиялык өнүктүрүү банкы, жеке менчик сектор, кызыкдар болгон өкмөттөрдүн каржылоосу күтүлүүдө, ошол эле учурда АКШ аны ишке ашыруу үчүн өзүнүн таасир этүүсүн пайдалана алышат.
Анын аймакка болгон кызыгуусунун төмөндөөсү баш-аламандыкка алып келет деген чочулоолор жакшы белгилүү болгон Америка, өзүнүн кызыгуусун жана аймакта узак убакытка катышуусун, ошол эле учурда Ирандын кызыкчылыктарын кармап туруу менен көрсөтө алмак.

Жылыштар бар, бирок маселелер кала берүүдө
 
Ушул айда демилгени жарыялагандан кийин дээрлик бир жыл өткөн соң, башкы акционерлер Афганистандын, коңшу өлкөлөрдүн жана дүйнөлүк державалардын дипломаттары Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясынын талааларында  кездешип жатышкан учурда бул идеянын прогресстерин изилдей алышат.
Ошол эле учурда аналитиктер аймактык өз ара байланышты көрүүгө карата прогресстин айрым бир белгилерин баса белгилешүүдө. Бирок ошондой эле алар дайыма болуп жаткан туруксуздук, паракорчулук жана аттандаштыктын көрүнүшүндөгү пландын аткарылбастыгы тууралуу өкүм сүргөн маселелерди дагы белгилеп жатышат.
 Джонс Хопкинс Университетиндеги ЦА-Кавказ Институтунун төрагасы Фредерик Старр прогресс “күтүлгөнгө караганда кыйла жайбаракат, бирок, пессимисттер күткөндөн тезирээк болду”,  дейт.
Америкалык демилгенин  конфепциясын түзүүгө катышкан Старр, Клинтон идеянын негизги аспектилеринин бири катары ТАПИ түтүк өткөргүчү тууралуу туура айтып жатат дейт.
Вашингтон долбоорду 8 млрд. АКШ долларынан турган ишке ашпаган кыялдан чоң нерсеге айланта турган түркмөн газын сатуу боюнча баа макулдашуусун бурулуш жасоочу учур деп жарыялады. Бирок ири тоскоолдуктар, анын ичинде  Афганистан жана Пакистан аркылуу  өтө турган түтүк өткөргүчүн каржылоого даяр турган жеке инвесторлорду табуу кала берүүдө.

Ишеним атмосферасын түзүү
 
Старрдын айтымында, АКШнын өкмөтү долбоорго өмүр жана ишеним берүү үчүн, дамба, энергосистемаларды жана темир жолдорду кыруу боюнча дымактуу пландарга ишенимдүүлүк берүү үчүн жетишерлик аракеттерди жасаган жок. Өкмөттөрдү жана инвесторлорду коопсуздук жана кирешелүүлүккө ишендирүүнүн мыкты жолу деп ишендирет Старр кичине нерседен баштоо.
«Ушул таптагы негизги маселе – Афганистанга жана кайра артка карай  бир канча башкы жол коридорлорун ачуу”,-дейт Старр. “Биз төрт же бешөө тууралуу гана айтып жатабыз, бул таза жана тез болмок. Борбор Азиядан пахта экспорттоочулар ушул коридорлор аркылуу  жүздөгөн жүк ташуучу унааларды Афганистан аркылуу Карачи, Чах Бахар жана Бандар Аббаска жөнөтүшмөк”.
«Эгерде кыска мөөнөттөгү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыра турган болсок”,- деп улантат ал, “орто мөөнөттөгү долбоорлорго карата ишеним бекемдейт жана инвесторлор ишенишет жана өздөрүнүн акчаларын узак мөөнөттүү долбоорлорго салууга даяр болушат. Бирок бул али жасала элек”.
Өз кезегинде жакында эле АКШдагылар Афганистан жана Пакистандын ортосундагы транзиттик соода жүргүзүү тууралуу макулдашууга кол коюу тууралуу жарыялашты. Макулдашуунун шарттарын толук аткара турган болсо, афган товарлары чет өлкөлүк рынокторго тезирээк келе баштайт жана балким аймакта болуп көрбөгөндөй окуяны түзүшөт.
Вашингтон дагы Исламабад жана Нью-Делинин соода жүргүзүүнү жакшыртууга карай аракеттерин, ошондой эле Афганистан,  Кыргызстан жана  Тажикистандын ортосундагы чек аралык транспорттун багыты боюнча макулдашуусун колдоду. Тышкы дүйнө менен Кабулду байланыштыруучу пландалып жаткан темир жол линиялары дагы өнүгүп жатат.
Бирок иш жүзүндө мындай келишимдер аймактык соода жүргүзүүдөгү протекционисттик тарифтик системалар жана паракорчулук сыяктуу системаларды жана паракорчулук болгон тоскоолдуктарды сөзсүз түрдө жое албайт.
Пакистан аркылуу келип жаткан афган импорту соода талаштары  жөнгө салынмайынча же эки тараптуу маселелер  чечилмейинче айлар бою кармалып тургандыгы да сейрек эмес.

Аймактык атаандаштык
 
Ошол эле учурда түндүктө Тажикстандан келген жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу Махмуд Бобохонов “Азаттык” радиосунун тажик кызматынын кабарчыларына Кыргызстан менен чек аранын жанында нааразычылыгын билдирет.
«Кыргыз чек арачылары бардык тажиктер баңгинин аткезчилиги менен алектенишет деп ойлошот жана чек ара аркылуу кое берүү үчүн акча талап кылышат”,-дейт ал. “Ал гана эмес чек арадагы автобустардын жүргүнчүлөрү Кыргызстанга кирүү үчүн эң аз дегенде 100 россиялык рублден төлөгөнгө мажбур болушат. Чек арачыларды жана бажы кызматкерлерин көзмөлдөшпөйт жана ошондуктан алар каалаган нерсесинин бардыгын жасашат”.
Джордж Вашингтон университетиндеги БА боюнча серепчи Себастьен Пейроуз көп учурларда  Вашингтон балким аймактык таасир этүүнү жеңүү үчүн таасирге ээ эмес болушу мүмкүн деп эсептейт.
«БАнын көпчүлүк өлкөлөлөрү начар мамиледе. Мисалы, силер Тажикстан Афганистанга электр жарыгын сатууга аракеттенип жаткандыгын, бирок экинчи жагынан Өзбекстан Кабулга ал Тажикстандын электр жарыгын сатып албашы үчүн кысым көрсөтүп жаткандыгын көрүп турасыңар”. Пейроуздун айтымында, борбор- азиялык  өлкөлөрдүн ортосунда чыңалуу бар, бул Афганистандагы мындан аркы кызматташууга чыныгы көйгөйдү түзүп жатат.
Ошол эле учурда америкалык чиновниктер Жаңы Жибек Жолу боюнча жетишерлик оптимисттик маанайда.
«Биз адамдар Жаңы Жибек Жолунун демилгеси тууралуу айта баштаган өзгөрүүлөрдүн күбөсү болуп калдык”,-дейт АКШнын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк. « “Жибек Жолу демилгесин ишке ашыруу канчалык мүмкүн?” деген сыяктуу суроолор мындан ары жок. Мунун ордуна биз: “Бул өлкөлөрдү бириктирүү үчүн чыңдоого же өнүктүрүүгө боло турган байланыштар барбы?”,-дегенди угуп жатабыз.
Вашингтон ошондой эле анын аймак үчүн элестетүүсү 12 ай өткөндөн кийин эмес, бир канча жылдар өткөндөн  кийин пайда болушу керектигин белгиледи.  Маселе прогресс өзүнүн актуалдуулугун жана 2014-жылдан кийин жашап кете аларын далилдөө үчүн жетишерлик шыктана алабы ошондо дешет.
 
Ричард Солаш
“Азаттык” радиосу, 16-сентябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто


Публикации Авторов:

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

27.09.2019
A.Petrov (RG)
Москва - Бишкеку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней