Алдоо жолу менен кулга айландыруу: Афганистандагы “жашылдардын көгүштөргө” кол салуусу
воскресенье, 16 сентября 2012 г. 21:49:34
“Афгандыктар  батыштын аскер кызматкерлерин АКШ менен НАТО алардын өлкөсүн оккупациялап алгандыктан өлтүрүп жатат”, - деп жазат Баркави.
 
2014-жылы пландалган АКШ менен НАТОнун күчтөрүнүн чыгып кетиши  афган коопсуздук күчтөрүн окутуудан көз каранды болот. Дал ошондуктан “жашылдардын көгүштөргө” кол салуусунун кескин көбөйүшү коалициялык күчтөрдүн командачылыгына өзгөчө кызыгуусун жаратып жатат.      
Бул - афган полициялары жана армияга жаңы киргендер өз куралдарын НАТОнун машыктыруучуларына каршы сунуп жаткан учурлар. Быйылкы жылы эле буга окшогон кол салуулардан коалициянын 45 аскери өлтүрүлдү, бул коалициялык күчтөрдүн жоготуусунун бештен бир бөлүгүн түздү. Салыштыруу үчүн айтсак, 2011-жылы “жашылдардын көгүштөргө” карата кол салышынан 35 аскер, ал эми 2010-жылы 20 аскер набыт болгон. 15 жоокер өткөн айда эле өлтүрүлдү.    
Афган коопсуздук күчтөрү үчүн айрым  окуу программалары белгисиз мөөнөткө чейин токтотулду. НАТОнун машыктыруучулары ар-түрдүү коопсуздук чараларын көрүп жатышат, ошондой эле өздөрүнүн аскерий объектилерин өз окуучуларынан кайтарууну күчөтүштү. Окутуу маалында “периште колдоочулар” деп аталган коалициялык күчтөрдүн бир же бир нече аскери,  өз кызматташтарын кайсы гана учурда болбосун коргоп калыш үчүн курал-жарактарын даяр кармашат. Алдын ала сактануунун буга окшогон чаралары аскерлерди окутуу жана ишенимге кирүүнү колдош үчүн зарыл болгон макулдашуу болуп саналат.    
Америкалык командирлер “бул кол салуулар талибдердин афган коопсуздук кучтөрүнүн катарына киришинин жыйынтыгы болуп эсептелбейт”, - дешүүдө. Алардын айтымында, “жашылдардын көгүштөргө”  кол салуусу жеке таарынычтардан жана афган коопсуздук күчтөрү менен коалициялык күчтөрдүн ортосундагы маданий түшүнбөөчүлүктөрдөн улам келип чыгып жатат.    
Америкалык,  социология боюнча окумуштуу аскер “америкалык  аскерлердин аялдарга карата мамилеси, алардын жүрүм-турумдары, ошондой эле жеке нормативдүү эмес лексикасы афгандыктарды ызалантып жатат, бул өз кезегинде алардын өз таарынычтары үчүн өч алуу максатында аталган кылмыштарга түртүүдө”, - деп эсептейт. 
Өз кезегинде афган армиясы өзүнүн аскерлерине НАТОнун аскер кызматчылары менен өз ара  маданий түшүнүшүүсүн жогорулатыш үчүн брошюраларды даярдаган. Башка маселелердин арасында брошюрада бир кылдат маселеге  дагы токтолушкан: “Буга окшогон жүрүм-турум  коалициялык өлкөлөрдүн маданиятында абдан жайылган. Эгерде коалициялык күчтөрдүн мүчөсүнүн бири сиздердин көз алдыңыздарда   мурдун чимкире турган  болсо, сураныч, муну кылмыш же болбосо шылдың катары кабыл албагыла”. 
 “Жашылдардын көгүштөргө” карата кол салууларынын негизги өзөгү маданий түшүнбөөчүлүк болсо  эмне болот? 
1935-жылы  Кветте (Пакистан)жер титирөө болгон. Жардам бериш үчүн ал жакка британиялык Индиянын армиясынын батальону жөнөтүлгөн. Кумаони кастасына таандык болгон британиялык Индиянын армиясынын  кээ бир аскерлери өлгөндөрдү жерге көмүүдөн баш тартышкан, себеби алардын салты боюнча бул аталган кастанын мыйзамын бузгандык болуп эсептелет экен.  
Балким, өздөрүнүн ынанымдарынан же болбосо кылдат эсептөөлөрүнөн улам индиялык аскерлер жагымсыз жумушту аткаруудан качууга аракет кылышкан.  Британиялык жана индиялык офицерлер, анын ичинде алардын арасындагы  айрым жумуштарды жасоодон уялышкан же жасагылары келишпеген өз аскерлерине үлгү болуш үчүн  ишке киришкен. 
Буга окшогон жагдай  британиялык Индиянын армиясы япондорду жеңип алганда дагы, тагыраак айтканда 1945-жылы, Бирмада болгон. Аскерлердин минемётчу бөлүгүн коштоп бара жаткан Индиянын Гуджарат штатынын Патан округунун аскерлери пилге минип алышып, кылаарга иши жок жүрүшкөн. Абдан көп кыктан улам чымындар үймөлөктөп келип, алардын позицияларынын айланасына тараган сасык жытка себеп болгон. Британиянын офицери патандыктардан кыкты тазалоону өтүнгөндө, алар “маданий жана диний” шылтоо айтышып, баш тартышкан. Ал тургай ошол эле тазалык сактоочу болуп иштеген киши  пилдердин кыгын тазалоодон баш тарткан. Ал болгону кишилердин тазалыгына  гана жооп берерин айткан.    
Британ офицери тактикалуу болуп чыккан. Ал согуштун башталышында патандыктар качырлардын кыгын тазалаганын айткан. “Пил өз кезегинде чоң качыр болуп саналат”, - деп амалкөйлүк кылган ал. Көпкө созулган көндүрүүлөрдөн кийин аскерлер өздөрүнүн жагымсыз, бирок зарыл болгон жумушуна киришкен.     
Жогоруда аталган мисалдарда түштүк-азиялык аскерлер “маданиятты” эмгек шарттарын сүйлөшүү шылтоосу жана өздөрүнө урматтоо менен мамиле кылууну талап кылыш үчүн анча чоң эмес нааразылык катары пайдаланышкан. Албетте жогоруда аталган мисалдарда көптөгөн офицерлер кастаны шылдыңдоо коркунучуна чын дилден ишенишсе керек. Бирок буга окшогон кооптонуулар империялык баш ийүүчүлүк жана таза эмес жумуштун контекстинде кабыл алынган.      
Мындай жол менен айрым жумуштарды маданий ойлонуудан улам аткаруудан баш тартуу - нааразылыктын негизи болуп калган. 
Императордук  башкаруучулар жана оккупанттар үстөмдүк саясат тууралуу унутууга аракет кылышат. Алар “жергиликтүү калк рационалдуу ойлонбогон диний фанаттар”, - деп ишенгилери келишкен. Албетте, империалисттердин  жумушу бул жергиликтүү калкты тарбиялап, билим берип жана өнүктүрүп, заманбап талаптарга адаптациялоо да болгон. Бирок ошол эле маалда диний ишенимдерге карата абдан эле абайлап мамиле жасоо керек.       
1857-жылы болгон көтөрүлүштөн кийин королева Виктория  Индиянын императору болуп калган. Ал: “Биз ким биздин королдукка кызмат кылган болсо, диний ишенимге же болбосо биздин кайсы гана субъектин болбосун сыйынган нерсесине кийлигишүүдөн өздөрүн кармануусун абдан өтүнөбүз”, - деп билдирген.   
Бул 1857-жылы болгон көтөрүлүш чет элдик чабуулчулардан эмес, башка себептерден улам башталгандай айтылган. 
Афганистанда буга окшогон окуя кайталанууда. “Маданият” бул жерде афгандыктар өздөрүнүн сезимдерин билдирген каражат болуп калып жатат. Бирок “афгандыктар НАТОнун аскерлерин  алар какырып-чимкиргени же болбосо өз аялынын фотосүрөтүн көрсөткөнү, же коомдук жайда өз муктаждыгын кылып кете бергени үчүн өлтүрүп жатыптыр”, - деп ойлогонуңуздун өзү туура эмес  болот
Афгандыктар АКШ менен НАТОнун аскер кызматчылары алардын өлкөсүн оккупациялап алганы үчүн өлтүрүп жатышат.Талибдерге афган улуттук армиясынын жана афган улуттук полициясынын катарына кирүүнүн зарылдыгы жок. Ар бир афгандык аларды оккупациялап алышканын билишет. Ар бир афгандык алдамчылык менен   иштетип жаткандан улам өздөрүн ыңгайсыз сезишет.        
Саясий контексте чет элдик оккупацияда маданият өзгөчө мааниге  ээ болот дегенди түшүндүрөт. Афгандыктар: “Силер  менин өлкөмө кол салдыңар, анан он жылдан ашык убактыттан бери жүрөсүңөр, силердин колуңардан биздин миңдеген мекендештер  набыт болду, мен силерге иштеп жатканыма карабай, силер менин  динимди сыйлагыңар келбейт”,- дешүүдө.   
АКШ менен НАТОнун  миссиясы, эгерде эки союздаш британ ээлигинин учурунда алынган сабактарды эске алганда, көбүрөөк ийгиликтүү болмок. Британиялыктар тигил же бул даражада Түштүк Азиядагы өлкөлөрдөгү өзүнүн аскерлеринин маданий апендичилигин урматташкан, бирок ошондой эле  аларга абдан көп каражат дагы төлөшкөн. Азыркы учурда өз үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу болуп эсептелешкен афган аскерлери жана полициялары катардагы афган үй-булөсүнүн орточо жылдык кирешесинин жарымынан азыраагына иштеп жабат.      
Бирок америкалык генералдар  “президент Обама алар үчүн 2014-жылга чейин курал кылып берген туура жүрүм-турум эрежелери алардын аскерин талкалануудан сактап калат”, -  деп эсептешсе, өздөрүн-өздөрү алдап жатышат. 
 
Тарак Баркави Социалдык изилдөөлөр жаңы мектебинин саясат таануу  кафедрасынын доценти болуп эсептелет.  
 
«Al Jazeera», 14-сентябрь, 2012-жыл
Которгон –«InoZpress».kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Другие материалы раздела:
Комментарии
dizel.kg


Публикации Авторов:

04.08.2020
V.Panfilova, NG
В Кыргызстане остро стоит вопрос, как жить дальше – страна на грани дефолта

03.08.2020
"Ritmeurasia"
Министр экономики Кыргызстана отчитался о борьбе с последствиями пандемии

30.07.2020
V.Panfilova, NG
Таджикистану не хватило воды

29.07.2020
"Lenta.ru"
Эксперт прокомментировал ситуацию в Кыргызстана перед выборами

27.07.2020
"Asia +"
С.Мухриддин: Кыргызстан не выполняет достигнутые прежде договорённости

27.07.2020
"Trend"
Показательное заявление о "политической некорректности": Туркменистан о репортаже журналиста из Таджикистана

26.07.2020
"Ritmeurasia"
Как Узбекистан восполнит нехватку электроэнергии из Таджикистана

22.07.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Клан Бердымухамедова несет потери

22.07.2020
D.Satpayev( Forbes)
Королевство кривых зеркал

21.07.2020
V.Panfilova, NG
В Бишкеке опять захотели убрать президента

21.07.2020
E.Pogrebnyak (VZ.ru)
Коронавирус заставил соседей умолять Россию о помощи

19.07.2020
"RIA Novosti"
Президент Казахстана раскритиковал правительство за упущения в борьбе с COVID-19

16.07.2020
"Podronmo.uz"
РУз, КНР и КР подготовили три возможных варианта железной дороги между странами

15.07.2020
"Interfax"
Третья встреча лидеров стран ЦА может состояться осенью

15.07.2020
"Zakon.kz"
Что происходит в Туркменистане с COVID-19

14.07.2020
"Nezavisimaya gazeta"
В Ашхабаде пандемии нет, но с ней борются

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней