Наарaзылык акциясы болуп өткөндөн кийин, исламга каршы болгон режиссер жашыруун иштөөнү чечти
четверг, 13 сентября 2012 г. 14:56:37
Лос-Анджелес. Шейшемби күнү Калифорнияда жашап жана иштеп жаткан  израилдик режиссердун даректүү фильмине байланыштуу ультраконсервативдүү  мусулмандар  Египеттеги жана Ливиядагы АКШнын миссиясынын имаратына кол салышып, анын натыйжасында элчиликтин бир кызматкери набыт болду. Мусулмандар Израилдин режиссерунун даректүү тасмасын мусулмандардын  пайгамбары  Мухаммедге байланыштуу шылдың катары кабыл алышкан. Нааразылык акциясынан кийин израилдик режиссер жашыруун иштөөнү чечти.     
 Азыр кайсы жерде жүргөнү белгисиз, жазуучу жана режиссер Сэм Басил менен телефон аркылуу алынган маекте ал өзүнүн фильминде алып чыккан динге карата жактырбаган кебин улантты. Ал ошондой эле ислам “адамзаттын рак оорусу” деп эсептээрин айтты. 56 жаштагы режиссердун пикиринде, анын тасмасы динди сынга алган провокациялык саясий билдирүү болуп саналат.
Шейшебми күнү кечинде Басилдин фильмине нааразы болгондор чыгыш Ливиянын Бенгази шаарындагы АКШнын консулдугуна ок атышты жана анын жыйынтыгында бир америкалык дипломат курман болду. Египетте нааразы болгондор Каирде жайгашкан АКШнын элчилигинин имаратына жулунуп кирүүгө жана Американын туусун ислам желегине алмаштырууга аракет кылышты.  
"Бул - саясий тасма. АКШ Иракта жана Афганистанда болгон согуштарда көп акчасын жана адамдарын жоготту, бирок биз идеа үчүн күрөшүп жатабыз”, - дейт   Басиль.
Тасманын автору жана режиссеру Калифорнияда курулуш иш аткаруучусу болуп иштейт жана ал израилдик еврей экенин тастыктайт. Анын айтымында, тасма анын өз мекенине жардам бере алат жана дүйнөгө исламдаштыруунун  кемчиликтерин көрсөтөт.   
"Ислам адамзаттын рак оорусу”, - деп айтты ал бир нече жолу толкунданган добуш менен. 
“Эки саатык “Исламдын күнөөсүздүгү” деп аталган тасмага 5 миллион АКШ доллары сарпталган, каражатты 100дөн ашык еврей филантроптору чогултуп беришкен”, - дейт тасманын режиссеру жана автору Басил.
Мусулмандарды нааразы кылган ачык айтылган шылдыңдардын арасында тасманын автору “Мухаммад алдамчы, аргасы кеткен дон жуан жана  балдарга карата сексуалдык зомбулукту жактоочу болгон”, - деп айтканы болду.  
Пайгамбарды минтип атамак түгүл, Мухаммед пайгамбардын кандай гана формадагы болбосун сүрөтү мусулмандардын пикири боюнча шылдың катары кабыл алынат. 2005-жылы даттардын гезитине Мухаммад пайгамбардын 12 карикатурасын жарыялоо көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө башалмандыктарды жараткан.   
Басил анын тасмасы үчүн АКШнын консулдугунун имаратына кол салуу болгон маалда курман болгон америкалык  дипломаттын өлүмү үчүн кечирим сураганын менен, ал элчиликтин коопсуздук күчтөрүн жана кол салган тарапты айыптады. 
"Менин көз карашымда элчиликтеги коопсуздук системасы жетишерлик жакшы эмес. Америка элчиликтериндеги коопсуздукту жакшыртыш үчүн колунан келген аракетин жасалууга тийиш”, - дейт Басил.
Фильмдин консультанты Стив Кляйн тасманын режиссеру Египетте жашап жаткан өзүнүн үй-бүлөсүнө тынчсызданып жатат деп билдирди. Бирок Басил аталган суроого комментарий берүүдөн баш тартты.  
Кляйн Басилге тасманы тартууга жардам берүүгө убада кылганын кошумчалады жана ал “кезектеги Тео Ван Гог болуп калаарын” да эскерткенин айтты. 2004-жылы исламды шылдыңга алды делген тасма тартылган соң, Ван Гог мусулман экстремисттери тарабынан өлтүрүлгөн.   
"Биз эмне болоорун билип туруп эле, ушуга бардык”, - дейт  Кляйн.
Басилдин тасмасы ал өзү тааныбаган адам тарабынан араб тилине дубльдаштырылган. Араб тилин билген Басиль котормо так болгонун белгиледи.  Фильм 2011-жылы үч айдын ичинде тартылып бүткөн. Ага 59 актер тартылып 45ге жакын адам жардам берген.  
“Тасма Голливуддун ээн театрында  ушул жылдын башында көрсөтүлдү”, - деп кошумчалады Басиль.
 
Шайя Тайефе Мохаджер
«Associated Press», 12-сентябрь,2012-жыл
Которгон – «InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Другие материалы раздела:
Комментарии
кыргызстан авто


Публикации Авторов:

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней