Талибдер «Facebook»ту австралиялык аскерлерден маалымат алыш үчүн пайдаланып жатат
среда, 12 сентября 2012 г. 13:46:09
Афганистандагы коалициялык күчтөрдүн иш-аракеттери жөнүндө чалгындоо маалыматын чогултуу максатында талибдер коалициялык аскерлер таанышып достошсун үчүн «Facebook»ка  “сулуу аялдардын” сүрөттөрүн пайдаланууда.

Австралиялык аскерлерди Афганистанга жөнөтөөрдүн алдында аларга коалициялык аскерлердин  кызматкерлерине тыңчылык кылыш үчүн жасалма профилдерди түзө турган душмандын жаңы ыкмасы тууралуу маалымат беришет.  
Аскерлерге  ошондой эле  геотег,  башкача айтканда фото жайгаштырылган же болбосо кабарлама жөнөтүлгөн орунду жашыруун жазып кала турган көптөгөн сайттардын  функциясы  сыяктуу олуттуу коркунуч тууралуу алдына ала эскертишет. 
Ошондой эле австралиялык атайын кызматтын баяндамасында Интернетте    жеке  сүйлөшүү учурунда аскердин үй-бүлөсү менен достору өздөрү билбей эле миссияны коркунучка салып коюшу мүмкүн экендиги белгиленген.
Ушул айда Афганистанда үч австралиялык аскер өлтүрүлдү. Атайын кызматтын божомолдоосуна караганда, аларды афган армиясына жаңы келген жоокер өлтүргөн. 
Австралиянын Коргоо министринин булактары федералдык өкмөттүн баяндамасында социалдык түйүндөрдүн коркунучтуу экендиги аныкталганын айтышты. Социалдык түйүндөрдү изилдөө ушул жылдын март айында аягына чыкканына карабай, атайын кызматтар кандайдыр бир чара көрүшкөн эмес.   
Баяндаманын учурунда  конфиденциалдуулуктун параметрлери тууралуу “абдан эле ишенимдүү болуу” коалициялык күчтөрдүн аскерлеринин арасында “кооптонуунун жасалма сезимин жаратканы” байкалган. 
Баяндаманын авторлору  жасалма профилдерден сактанууну өтүнүшкөн, себеби душман аны маалыматты алып-пайдалануу үчүн колдонушу мүмкүн. Мисалы, талибдер сулуу  аялдардын фото сүрөттөрүн  аскерлер менен дос болсун деп «Facebook»та жайгаштышкан.   
Баяндамада ошондой эле 1577 австралиялык аскердин профилдери текшерилген ири бөлүгү социалдык түйүндөрдүн тобокелдиктерин аңдап билишпегени айтылат. Баяндаманын авторлору австралиялык аскер кызматкерлеринин 58 пайызы социалдык түйүндөрдү пайдалануу боюнча окутуу курсунан өтпөгөнүн тастыктайт.     
Сурамжылоого катышкан аскер кызматчыларынын айтымында, иш социалдык түйүндөрдөгү ыкчам, кадрдык жана физикалык коопсуздукка жеткен кезде “көптөгөн вирустарды” кездештирүүгө болот. 
Баяндамада: “Социалдык түйүндөрдү пайдаланган көптөгөн адамдар абдан ишенчээк. Басымдуу элдин бөлүгү мектептеги достор катары жасалма профилдерди пайдалангандар алар жана алардын жасаган иштери тууралуу маалымат чогултат деп билишпейт.Ошондой эле көбү аларды иликтеп жатканын жана жүрүм-турумдары бир нече убакыттан кийин эсептелери тууралуу ойлоп да коюшпайт”.    
Баяндамада аскер кызматчысынын аты-жөнүн, наамын жана турган жери сыяктуу маалыматтарды пайдалануунун коркунучу тууралуу үй-бүлө менен достордун кабардар болушу жөнүндө сунуштама берилген. 
Айрым аскер кызматчылары социалдык түйүндөрдү пайдаланууга тыюу салууну жактап чыгышты. Жогорку даражалуу аскер кызматкерлеринин бири: “Интернеттен мен өзү тууралуу маалымат берип жана фотосүрөтүн жайгаштырган абдан көп аскерди көрүп жатам, бул өз кезегинде алар кайда кызмат өтөп жатканы жана кайсы аскер бөлүгүнө таандык экендигин айтып турат”, - дейт.    
Маалымат жана коопсуздук университетинин Эдит Коуэн  мектебинин коопсуздук маселелери боюнча эксперти  Питер Ханни геотегдердеги  маалымат “бирөөлөрдүн колуна тийип же болбосо сатылып кетиши мүмкүн” экендигин айтат. 
Австралиянын Коргоо министрлиги Иса пайгамбардын туулган күнүндө жарыяланат деп күтүлүп жаткан социалдык түйүндөрдү пайдалануу боюнча жаңы принциптердин үстүндө иштеп жатканын маалымдады. 

Энтони Декегл  менен Кати Робертсон
«Sunday Telegraph», 9-сентябрь,2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Другие материалы раздела:
Комментарии
автомобили в кыргызстане


Публикации Авторов:

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

27.09.2019
A.Petrov (RG)
Москва - Бишкеку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней