“Human Rights Watch” Казакстанды мунайчылардын укугун бузганы үчүн айыптады
вторник, 11 сентября 2012 г. 17:13:55
Москва. Дүйшөмбү күнү эл аралык укук коргоо тобу Казакстан Республикасынын  өкмөтүн жана үч мунай компаниясын аталган борборазиялык мамлекеттеги мунай кендеринде иштеген мунайчылардын укуктарын бузганы жана кысымга алганы үчүн күнөөлөдү.

Эл аралык «Хьюман Райтс Вотч» эл аралык укук коргоо тобунун жарыялаган  баяндамасында, өткөн жылы батыш Казакстандагы мунай казып алуучу Жаңыөзөн шаарында болгон окуялардын жыйынтыктары ар тараптан иликтенген. Нааразылык акциясынын маалында бул борборазиялык мамлекеттин коопсуздук күчтөрү мунайчыларга курал колдонуп, анын жыйынтыгында 12 адам өлгөн.    
Үч адам Казакстандын коопсуздук күчтөрү жана мунайчылардын ортосунда болгон кагылыштын маалында алган күйүктөн жана башка жаракаттардан улам набыт болушса, мунай компаниясынын  жана мэриянын имаратын өрттөгөн кезде эки адам курман болгон. 
«Хьюман Райтс Вотч» укук коргоо уюму “бир бөлүгү Италиянын «Eni» компаниясына таандык болгон жергиликтүү компания менен Казакстандын өкмөтү мунайчылардын мыйзамдуу акциясын басыш үчүн жашыруун келишим түзгөн”, - деп маалымдады.  
Батыштын энергетикалык компаниялары өз инвестицияларын Казастандын жогоруда аталаган аймагына активдүү салып жатат. Айрым баяндамачылардын пикиринде борборазиялык өлкөнүн аталган аймагында АКШга Жакынкы Чыгыштын мунайынын көз карандылыгын азайтууга жардам бере турган жетишерлик  запастар  бар. Укук коргоо уюмунун баяндамасы, негизинен, эмгекчилердин укугуна карата мамилеси эл аралык коомчулук тарабынан катуу сынга алынган жергиликтүү мунай казып алуучу компаниялардын иш-аракетине багытталган.  
Батыш компаниялары мурдагыдай эле мунайчылардын нааразылык акцияларынын себеби Советтер Союзунун маалынан бери өзгөрбөгөн, башкаруунун эскирген жана начар ыкмалары болгонун айтышууда. Казакстандын өкмөтү президент Нурсултан Назарбаевдин саясий каршылаштарын “өлкөдөгү жагдайды туруксуздаштыруу максатында мунайчылардын арасына өз тыңчыларын жиберип, тукурган”, - деп айыптап чыкты. 
Ондогон жумушчулар менен болгон маектер баяндалган «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун баяндамасында бул борборазиялык өлкөнүн бийлиги менен Казакстандын мунай казып алуучу областтарында эмгектенип жаткан мунайчылардын ортосундагы эмгек мамилелеринин жетишпеген жактары белгиленген. Ошондой эле укук коргоо уюму бир бөлүгү батыш компанияларынын башкаруусунда болгон өнөр-жайда эмгектенген мунайчылардын толкундоосун басыш үчүн казак бийлиги өлкөдөгү саясий башкача ойлонууну басууга колдонгон полициялык ыкманы пайдаланганын тастыктайт. Баяндаманын авторлору катуу мамиле кылган учурлар катталганын, ал эми нааразылык акциялары 2011-жылы 16-декабарда  нааразы болгон жумушчуларды атууга жагдай түзгөнүн ырасташат.  
“Өз укуктарын талап кылган жумушчуларды коркуткан, куугунтукка алган жана түрмөгө камаган өкмөт менен кызматташуу бул - тобокел иш”, - дейт «Хьюман Райтс Вотч» укук коргоо уюмунун илимий кызматкери жана баяндаманын автору    Мира Риттманн. "Казакстандын мунай ресурстарына кызыкдар болгон компаниялар менен өкмөт адам укуктарын сактоо боюнча маселелер тууралуу билиши керек жана жумушчулардын укуктары сакталып жатканына ынаныш үчүн чараларды көрүүгө тийиш”, - деп кошумчалады ал.   
Казакстандын өкмөтү Жаңыөзөндө болгон тополоңду иликтөөдө өкмөттүк эмес уюмдардын иликтөөлөрүн да кош колдоп кабыл алаарын билдирген. ”Биз бийликтин жана мунай казып алуучу компаниялардын иш таштаган жумушчулар менен болгон чатакты тынчтык жолу менен чече албаганы зомбулуктун келип чыгышына себеп болгонун моюнга алабыз”, - дейт өкмөттүн басма сөз катчысы  Алтай Абибуллаев.
Мунайчылардын нааразылык акциясынан кийин Казакстан Эмгек кодексине оңдоолорду киргизди жана соттук иликтөөлөрдү баштады, ошондой эле мунайчылардын нааразылык акциясын тынчтык жолу менен жөнгө сала албаганы үчүн бир катар полиция кызматкерлери менен аткаминерлер кызматтан алынды. Ушул жылдын июнь айында аяктаган иликтөөнүн жүрүшүндө 13 иш таштаган  мунайчы жана 5 полиция кызматкери өлкөнүн мыйзамын бузгандыгы үчүн күнөөлөнүп, темир тор артына камалды. Ошондой эле бир оппозициялык саясатчыга жана профсоюздун активисттерине карата кылмыш иши козголду.   
Каспий деңизинин жээгинен анча алыс эмес жайгашкан «Кашаган» кениндеги жаңы участокко ири инвестиция салыш үчүн курамына «Exxon Mobil»  менен «Eni» компаниялары кирген мунай компанияларын бириктирүү тууралуу бир аз мурдагы чечимден соң, эл аралык укук коргоо тобу өзүнүн баяндамасын жарыялоону чечкен. 
Эл аралык укук коргоо тобунун «Striking Oil, Striking Workers» деп аталган  баяндамасында «Exxon» компаниясы тууралуу айтылган эмес. Эл аралык уюмдун авторлорунун пикири боюнча, жумушчулардын укугун бузган үч компаниянын арасында «Eni» компаниясына бир бөлүгү таандык болгон жергиликтүү «Ерсай Каспиан Контракторс»  компаниясы көрсөтүлгөн. Компания жетекчиликтин өзү менен сүйлөшүүнү каалаган жумушчулар кийинчерээк компаниянын имаратында полиция тарабынан суракка алынганын маалымдады.  «Ерсай» компаниясы анын кызматкерлери зомбулукка кабылбаганын жана анын саясаты жамааттык сүйлөшүүлөрдү сыйлоого жана Казакстандын эмгек мыйзамдарын сактоого  негизделгенин билдирди.   

Эндрю Е. Крамер
«New York Times», 10-сентябрь,2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Другие материалы раздела:
Комментарии
автогид кыргызстан


Публикации Авторов:

22.09.2020
V.Panfilova, NG
Вашингтон не прочь изменить московский вектор Бишкека

20.09.2020
E.Pogrebnyak, R.EurA
Россия и Китай укрепляют обороноспособность Таджикистана

18.09.2020
M.Orlova, 24.kg
Что ждет кыргызстанцев, если кандидат "против всех" победит на выборах?

18.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменистан избавляется от русского языка

16.09.2020
V.Panfilova, NG
Ашхабад предлагает Кабулу площадку для мирных переговоров

15.09.2020
"Kabar.kg"
Кыргызстан суверенное государство - остальное это говорильня

15.09.2020
"Ritm EurAsia"
На территории ЕАЭС введут систему полной прослеживаемости товаров

14.09.2020
"IA-Center"
Будущее Казахстана в Беларусском зеркале

14.09.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстану угрожает рост протестных настроений после выборов

11.09.2020
E.Pogrebnyak, Vzd
«Белорусский майдан» созревает в еще одном осколке СССР

09.09.2020
"Ritmeurasia"
Узбекистан пересмотрел свое отношение к ЕАЭС

07.09.2020
"Ritmeurasia"
Президент Кыргызстана не стал подписывать закон, где говорится о коррупционерах

04.09.2020
"Ritmeurasia"
ЕЭК изучит ситуацию по прекращению Казахстаном поставок металлического лома в Россию

03.09.2020
"Eurasianet"
Китай, возможно, хочет открыть новые военные базы в Таджикистане, утверждает Пентагон

02.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедову предлагают уйти по-хорошему

01.09.2020
G.Alekseenko (Afganistan.ru)
Центральная Азия стала спасательным кругом для мирных афганцев

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней