Путиндин дымактары Ыраакы Чыгышка багытталган
суббота, 8 сентября 2012 г. 13:40:39
Россиянын Президенти Владимир Путин Азия - Тынч океан аймагы менен  байланыштарды бириктирүүгө жана Жапон деңизиндеги мурдагы жашыруун аскер обьектисин борборго айландыруудан баштоо менен, Россиянын өзүнүн өнүгүү планын ишке ашырууга үмүттөнүп, Ыраакы Чыгышка көз салып туруу үчүн Азия - Тынч океан экономикалык кызматташуу форумунун  жолугушуусунан пайдаланууну чечти.
Биргелешип Россиянын ири соода өнөктөшү болгон Европалык Союздагы кризисти, ошондой эле Жапониянын чет өлкөдөн энергетикалык ресурстарды сатып алуудагы зарылчылыгын эске алуу менен кошо, Россия өзүнүн масштабдуу мунай жана газ ресурстарына таянып, мындай ыкма аркылуу өзүнүн Батыштагы жолу болбой калгандарынын ордун толтуруу менен өзүнүн пландарын Азияда ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Путиндин Чыгышка карата дымактары ошондой эле саясий мүнөзгө да ээ, анткени ал анын ичинде Пекин менен байланыштарды чыңдоону пландап жатат. Мисалы, Россия менен Кытай, башка державалар, анын ичинде АКШ умтулган Сирияга аскердик кийлигишүүгө вето коюу үчүн өзүнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги  альянсын пайдаланышты.
 «Азыркы учурда орус-кытай мамилелери жогору деңгээлге жетти жана биздин мамлекеттердин ортосунда саясат менен экономикада жогорку деңгээлдеги өз ара түшүнүшүү орноду”, - деп айтты Путин мамлекеттик «Russia Today»  каналына берген маегинде, бул анын жыл сайын өтүүчү АПЕКтин жыйынынын Владивостоктогу жолугушуусуна дал келди.
Биринчи жолу жыл сайын өтүүчү экономикалык саммит Россияда өтүп жатат жана орус өкмөтү бул иш-чарага карата бузулган инфраструктураны жаңылоо үчүн 20 млрд. доллардан ашуун каражат жумшады. Жаңылануунун алкагында жаңы аба майданы, үч жаңы көпүрө курулду жана жүздөгөн чакырым жолдор калыбына келтирилген.
"Чыгыш Босфор" булуңу аркылуу жолугушуу өтө турган калк аз жайгашкан “Русский” аралына карай эки милге созулган көпүрөлөрдүн бири “Русский мост” эми дүйнө жүзүндөгү аркан жолдуу эң эле узун көпүрө болуп калды.
Бирок, Путиндин дымактарына карабастан бул экономикалык жана саясий максаттар, эгерде Россия жана анын азиялык коңшуларынын ортосундагы мурдагы ишенбестик жана чыңалууну эске алганда, кыялдарда гана калат. Ата-мекендик сынчылар инфраструктурага, анын ичинде бир эле көпүрөгө кеткен чыгым казынадан 1 млрд. долларды талап кылган чоң көпүрөнүн курулушуна кеткен чыгымдар, паракорчулукка жана начар башкарууга белчесинен баткан өлкөдөгү пайдасыз эмгек, ал эми мындай долбоорлорго кеткен чыгымдар адатта эки эсе ашып түшөт дешет.
Ошентип, паракорчулук мыйзамдын үстөмдүгүнүн жоктугунун белгиси болуп саналат, бул Россияга инвестиция салуу ишин коптуу кылат.
Мындай чочулоолорго карабастан, эгерде бул кокусунан болгон эле окуя болбосо, убакыт жана ийгилик Кремль тарапта.
Жапонияга суюлтулган жаратылыш газын сатуу боюнча масштабдуу келишим, ошондой эле Владивостоктогу баасы 13 млрд. доллар турган жүк терминалынын курулушу, Путин жана Жапониянын премьер-министри Йошихико Ноданын ортосундашы талкуулоодогу темалардын бири болду.
Россия Жапонияга суюлтулган газды Сахалин аралындагы портунан «Газпром», «Shell» жана инвестициялык «Mitsui» жана «Mitsubishi» эки жапониялык компаниясынын жетекчилиги менен сатат. Эчактан бери эле экинчи ири газ келишими боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгына карабастан, Жапониянын өзөктүк индустриясынын жабылышы өлкөгө энергоресурстарды импорттоонун көлөмүн көбөйтүүдөн башка дээрлик кошумча тандоо койгон жок.
Талкуулар европалык жөнгө салуучулар Европада пайдаланылган дээрлик бүткүл газдын төрттөн бир бөлүгүн камсыз кылган мамлекеттик газ монополисти “Газпромдун” ишмердүүлүгүнө иликтөө жүргүзүү тууралуу ниетин жарыялагандыгын эске алуу менен өтмөкчү.  
Энергоресурстарга дүйнөлүк керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу, Кремль Европада кыйынчылыктар пайда боло турган болсо, газ сатууну Азияга кайра багыттоо үчүн стратегиялык маневр жасоону колдонууну чечти. Россия 2006- жана 2009-жылдарда Украинаны жазалоо үчүн, Европанын айрым өлкөлөрүнө газ жеткирүүнү токтотуп салгандагыдай, Россия өзүнүн энергетикалык сектордогу саясий максаттар үчүн үстөмдүк кылуучу ролун пайдалануу боюнча шашып калгандыгын көрсөттү.
Россия ошондой эле кытай чек арасына жетип калган жана жакында Жапониянын жанындагы Козмино портуна такала турган транссибирь мунай өткөргүчүнүн курулушунун экинчи фазасын бүтүрүүгө жакындап калды. Бул азиялык керектөөчүлөргө жеткирүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн жана ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
“Россиялык аймактын үчтөн эки бөлүгү Азияда жайгашкан, ошондой болсо дагы биздин тышкы сооданын негизги бөлүгү, 50 пайыздан көбүрөөгү, Европа менен жүрөт, ал эми Азия менен соода жүргүзүү болгону 24 пайызды түзөт”, - деп айтты Путин.
Энергетика Россиянын ири сектору болуп саналса дагы, бул Азиядагы мүмкүнчүлүктөрдүн жалгыз эле тармагы эмес. Иш чараны уюштуруучу болгон Россия күн тартибин бекитти жана Путин азык-түлүк коопсуздук маселесин биринчи орунга койду. Бул өнүгүп келе жаткан дүйнө жүзүн дан менен камсыз кылуудагы Россиянын масштабдуу жана күчөп жаткан ролун, ошондой эле баалардын жана социалдык толкундоолордун маселелерин таануу болуп саналат.
Азык-түлүк экспорту дагы мүмкүн болгон жана Азия менен тыгыз байланыштарды камтыйт. “Россиянын айыл чарбасы – кылымдын мүмкүнчүлүктөрү”, - деп эсептейт «Renaissance Capital» инвестициялык банкынын башкы экономисти Чарльз Робертсон.
Президент Обаманын өзүнүн кайра шайлануусуна байланыштуу кампания менен алек болуп жаткандыгын жана демократтардын жакындап келе жаткан Курултайын эске алуу менен, ал ушул жылы конференцияга катышпайт жана америкалык максаттар кыйла чектелген. АКШдагылар негизинен өткөн жылдагы Гавайядагы жолугушууда коюлган милдеттерди аткарууга көңүл борборун топтошкон. Конференциянын ишине 21 өлкөнүн өкүлдөрү катышат.
 
Калкы 600 миңден аз адамды түзгөн Владивостокто жергиликтүү чиновниктер Москва тараптан көңүл бурууга, тактап айтканда Ыраакы Чыгыш боюнча жаңы федералдык агенттикти түзүү жана федералдык бюджеттен ири сумма бөлүү боюнча пландары менен “семирип жатышат”.
 «Русский» аралында сууларды тазалоо боюнча жаңы завод жана Ыраакы чыгыштык федералдык университет үчүн шаарча пайда болду. Көп жолдор жана көпүрөлөр ушунчалык жаңы болгондуктан, алар карталарда жок. “Шаар үчүн бул жетишерлик жаңы жашоону түшүндүрөт”, - дейт бул тууралуу шаардын мэринин орун басары Роман Карманов.
Бирок бардыгы тең эле андай жылмакай өткөн жок. Эки көркөм отель жана жаңы опера театры балким мөөнөтүндө бүтпөй калат. Жаңы көпүрөгө алып баруучу жолдун бир бөлүгү ушул жылкы катуу жамгырдан кийин бузулган. Аны калыбына келтирүү керек.
Бирок башкалары, россиялык Ыраакы Чыгыш жана Кремлдин Ыраакы Чыгыш менен мамилелери жеке жана мамлекеттик инвестициялардын жардамы менен гүлдөп-өсүүгө даяр дешет. Приморье аймагынын вице-губернатору Сергей Сидиров Москванын милдеттемелери жаңылыш эмес деп эсептейт. “Федералдык өкмөт иш жүзүндө тынчсызданып жана Ыраакы Чыгышта эмне болуп жаткандыгына кам көрүп жаткандай сезим пайда болду”, - дейт ал.

ДэвидМ.Херзенхорн
«The New York Times», 6-сентябрь 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Другие материалы раздела:
Комментарии
опель


Публикации Авторов:

22.09.2020
V.Panfilova, NG
Вашингтон не прочь изменить московский вектор Бишкека

20.09.2020
E.Pogrebnyak, R.EurA
Россия и Китай укрепляют обороноспособность Таджикистана

18.09.2020
M.Orlova, 24.kg
Что ждет кыргызстанцев, если кандидат "против всех" победит на выборах?

18.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменистан избавляется от русского языка

16.09.2020
V.Panfilova, NG
Ашхабад предлагает Кабулу площадку для мирных переговоров

15.09.2020
"Kabar.kg"
Кыргызстан суверенное государство - остальное это говорильня

15.09.2020
"Ritm EurAsia"
На территории ЕАЭС введут систему полной прослеживаемости товаров

14.09.2020
"IA-Center"
Будущее Казахстана в Беларусском зеркале

14.09.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстану угрожает рост протестных настроений после выборов

11.09.2020
E.Pogrebnyak, Vzd
«Белорусский майдан» созревает в еще одном осколке СССР

09.09.2020
"Ritmeurasia"
Узбекистан пересмотрел свое отношение к ЕАЭС

07.09.2020
"Ritmeurasia"
Президент Кыргызстана не стал подписывать закон, где говорится о коррупционерах

04.09.2020
"Ritmeurasia"
ЕЭК изучит ситуацию по прекращению Казахстаном поставок металлического лома в Россию

03.09.2020
"Eurasianet"
Китай, возможно, хочет открыть новые военные базы в Таджикистане, утверждает Пентагон

02.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедову предлагают уйти по-хорошему

01.09.2020
G.Alekseenko (Afganistan.ru)
Центральная Азия стала спасательным кругом для мирных афганцев

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней