Бүткүл дүйнөдө азык-түлүк кризиси байкалып жатат
четверг, 6 сентября 2012 г. 15:40:12
БУУ азык-түлүк кризисине жол бербегидей иш-аракеттерге чакырууда

Шейшемби күнү Бирикен Улуттар Уюму (БУУ) азык-түлүк товарларына карата баанын кымбатташынан качыш үчүн тез арада чара көрүү зарыл экенин билдирди. Бирок уюм ызы-чуу түшүп тамак-аш сатып алуу жана экспорттук чектөөлөр маселени чечпей турганын эскертти.
Жайкы кургакчылык бүт дүйнө боюнча түшүмдү жок кылып, жүгөрүгө, буудайга жана соя буурчактарына карата баанын кескин кымбатташына алып келди, ошондой эле 2007-08-жылдардагы дүйнөлүк азык-түлүк кризиси кайталанып кетеби деген коркунучтарды күчөттү. «Бирок бул маселелерди эл аралык коомчулуктун тез жана координацияланган иш-аракеттери менен токтотууга болот» деп билдиришет Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонд.
Өткөн аптада Дүйнөлүк Банк АКШдагы болуп көрбөгөндөй кургакчылыктан улам жүгөрү жана соя буурчактарынын өндүрүшү жабыр таркандыктан июль айында тамак-аш азыктарына карата баа 10 пайызга өсүп кеткенин маалымдады. Россиядагы, Украинадагы жана Казакстандагы кургакчылык дагы буудайдын түшүмүнө тескери таасирин тийгизди.
БУУнун агентигинин биргелешкен билдирүүсүндө жагымсыз аба ырайынын шарттары акыры беш жылдакта үч негизги өсүмдүккө карата баанын өсүшүнө алып келгени, ошол эле маалда тамак-аш максатында запас түзүү жана каржылык божомолдор баанын кымбатташы менен туруксуздуктун дагы бир себеби болуп калгандыгы айтылат.
Азык-түлүккө карата баанын инфляциясы 2011-жылдын башындагы дүйнөлүк жүк ташуу тууралуу кабатырлыктын фонунда болгон инфляциянын жогорку рекорддук көрсөткүчтөрүнөн кийинки эл аралык коомчулуктун күн тартибиндеги маселе болуп калды. Анан калса азык-түлүктүн кымбатташы Тунисттин, Египеттин жана Ливиянын лидерлеринин кыйрашына алып келген элдик толкундоо менен көтөрүлүштөрдүн себептеринин бири болуп калды.
Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонд бири-бирине байланышкан эки маселени чечүү зарылдыгын белгилешти. Бул азык-түлүктүн кымбат баасынын маселеси, ал импорттон көз каранды болгон өлкөлөргө жана калктын жакыр катмарына начар таасир тийгизмекчи; ошондой эле калк, суроо-талап өсүп, климат өзгөрүп бараткан доордо азык-түлүктөр кандай өндүрүлөт, сатылат жана колдонулат деген узак мөөнөттүү маселе.
Дүйнөлүк Банктын 2012-жылдагы азык-түлүк баалары боюнча берген божомолдору АКШ менен Чыгыш Европада ушул жайда кургакчылык башталганга чейин бир топ тынч болуп келген. Эми жакынкы келечекте азык-түлүктүн баасы жүк ташууга байланаштуу бүдөмүктөрдүн жыйынтыгында кымбат бойдон кала берчүдөй.
Чыны менен акыркы күндөрдө дан базарында паника байкалууда, себеби Россия кургакчылыктан жабыр таркан түшүмдү кантебиз деп чечим кабыл алып жатат. «Коммерцбанк» маалымдагандай, жагдай олуттуу түшүнбөстүктү жаратууда, ал эми көбү буудай экспортуна карата эч кандай чектөө киргизилбейт деген өкмөттүн бир нече жолку эскертүүлөрүнө ишенбей жатышат.
Банк маалымдагандай, мунун баары Москванын «СовЭкон» талдоо борбору өзүнүн түшүм боюнча божомолун 38 млн. метрикалык тоннага чейин төмөндөткөнүнөн улам келип чыгууда, бул Египеттин ири экспортуна көз каранды болбой эле, Россиянын жеке өзүнүн суроо-талабынан бир аз көп болууда. Буудай сатып алуу менен алектенген Египеттин мамлекеттик органдары ишемби күнү абдан көп буудай сатып алышты жана анын негизин Россиянын буудайы түздү.
БУУнун агенттиги «дүйнө баанын шогуна кабылды, себеби данды дүйнөлүк өндүрүү тамак-ашка, тоютка жана отунга карата өсүп жаткан суроо-талапты табият оң болуп берген күнү дагы араң жабууда» деп билдирди. Агенттиктердин пикиринде тобокелдик болгону негизги азык-түлүктүн ири өндүрушчүлөрү болуп эсептелген бир нече мамлекеттерде гана болуп жатат жана качан алар оор абалда калган кезде калгандарынын баары жабыр тартууда.
Буга байланыштуу жарды, азык-түлүктү импорттоп жаткан өлкөлөрдө тамак-аш өндүрүмдөрүн туруктуу өндүрүүнү киргизүү зарыл, бул калкты жергиликтүу базарда тамак-аш өндүрүмдөрүн сатып алуу менен камсыз кылмак, ошондой эле жумушчу орундар менен кирешени сунуштамак. Мындан тышкары азык-түлүктү чыгымдоо жана бузуп салуу маселелерин чечүү зарыл.

Майкл Хэддон, Кристофер Эмсден
«Wall Street Journal», 4-сентябрь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: БУУ азык-түлүк кризис Майкл Хэддон Кристофер Эмсден
Другие материалы раздела:
Комментарии
авторынок


Публикации Авторов:

23.09.2019
"Nur.kz"
СМИ: Мечети начали уничтожать в Китае

23.09.2019
"Afghanistan.ru"
Окружение Трампа боится вьетнамского сценария в Афганистане

23.09.2019
"KP.ru"
Кыргызстан предложил США усилить торгово-экономическое сотрудничество

21.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев выбрал имидж президента для бедных

20.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Кыргызстан готовится вернуть своих граждан из Ирака и Сирии

18.09.2019
K.Karabekov&Co, Ъ
Дипломатия минометов. На границе

18.09.2019
V.Panfilova, NG
Пограничники начали войну на футбольном поле

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней