Толиб Айомбековдун колго түшүп берердин алдындагы маеги
воскресенье, 19 августа 2012 г. 14:12:34
Колго түшүп берген тажик оппозициялык командири: «Биз согушууну каалабайбыз. Биз тынчтыкты каалайбыз» 12-августта Тажикстандын чыгыштагы бийликтерине колго түшүп берерге аз күн калганда, тажик жарандык согушунун мезгилиндеги мурдагы командир-оппозициячы Толиб Айомбеков “Азаттык” радиосунун тажик кызматына эксклюзивдүү маек курду. 10-августта маектешүү демилгесин көтөргөн Айомбеков, өзүнүн бийликке колго түшүп берүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле адилеттүүлүккө карата үмүттөрүн талкуулаган. Тажик өкмөттүк аскерлери башында Айомбеков турган куралдуу топко каршы райондук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы генерал Абдулло Назаров өлтүрүлгөндөн кийин июль айында Тоолуу Бадахшан провинциясында аскердик операция жүргүзүлгөн.

«Азаттык: Сиз азыр кайдан сүйлөп жатасыз?

Толиб Айомбеков: Мен Хорогдомун (Тоолуу Бадахшандын борбору). Мен октон жаракат алгандан кийин медициналык дарылоодон өтүп жатамын. Менин эки бир тууганым дагы жаракат алышты. Бирөөсү бутунан, экинчиси моюну жана жаагынан жабырланышты.

«Азаттык»: Сизди Афганистанга качып кетти деген имиштер болуп жатпады беле...

Айомбеков: Мен бул имиштерди уккамын. Мунун бардыгы жалган. Мен Хорогдон качкан жокмун жана бардыгы менин жүргөн жеримди билишчү. Ар бири менин Афганистан же Пакистанга качып кетпегенимди билишчү. Мен Хорогдо эле калдым. Мен алган жаракаттарыман улам бир жума үйдөн чыга алган жокмун.

«Азаттык»: Сиздин топтун ушул кезге чейин эле куралдары барбы?

Айомбеков: Биз куралдарды Ага Хан коомунун лидери бизден куралды таштоону өтүнгөндөн кийин эле өткөрүп бергенбиз. Биз топтун мүчөлөрүнүн бардыгынын куралдарын топтоп жана аны өткөрүп бердик. Ушул тапта Хорогдо көчөлөрдү көзөмөлдөп жүргөн өкмөттүк аскерлерден башка эч ким куралданган эмес. Бүгүн алар бир жигитти атып салышты жана экөөсүн жарадар кылышты. Мен билбейм мындан ары эмне болоорун.

«Азаттык»: Эгерде аскерлер чабуул коюшса силер эмне кылат элеңер?

Айомбеков
: Биз Ага Хандын имамынын алдында берген убадабызды аткардык жана куралдарды таштадык. Өкмөттүк аскерлер кол салып калса, биз эмне кыла алмак элек? Биз жөн гана колго түшүп бермекпиз. Биз куралсыз салгылаша албайбыз. Иш жүзүндө биз согушууну каалабайбыз, биз тынчтыкты каалайбыз.

«Азаттык»: 24-июлдагы Хорогдогу карама-каршылыктан кийин өкмөт менен тынчтык сүйлөшүүлөргө катыштыңарбы?

Айомбеков:
Мен аларга дайыма бардык маселелерди мыйзамдуу чечүүнү каалайбыз деп айтчумун. Сүйлөшүүлөр үчүн комиссия түзүлгөн. Алар мага дайыма келип суроо берип турушчу.

«Азаттык»: Сүйлөшүүлөрдүн негизги багыты кандай?

Айомбеков:
Өкмөт бардык аскерлерди Тоолуу Бадахшандан чыгарат жана болуп өткөн окуяга иликтөө жүргүзөт деген макулдашууга жетишилген болчу. Коргоо министри Шерали Хайруллоев анын аскерлери аймактан иликтөө аяктары менен чыгып кетет жана аймакта полиция кызматкерлери гана калат деп убада берген. Иш жүзүндө бардыгы андай эмес. Өкмөт провинцияга жаңы аскерлерди киргизип жатат. Бул жерде дагы эле аскерлер калып жатат. Көптөгөн көзөмөлдөө-өткөрүү бекеттери орнотулган. Провинцияда ушул кезге чейин көзгө атарлар бар, дагы 90у келди. Мунун бардыгы тукурууга алып барат. Аймакты туруксуздаштыруу үчүн кырдаалды пайдалана ала турган үчүнчү күчтөр бар.

«Азаттык»: Тажикстандын башкы прокуратурасы силерди олуттуу кылмыштарга, анын ичинде баңги аткезчилигине, минералдардын аткезчилиги жана аялдарды Афганистанга сатуу боюнча айыптап жатышат го?

Айомбеков:
Мени менен эч ким муну талкуулаган эмес. Мен курмандык болгон аялдарды өзүмдүн эже-карындаштарым деп эсептеймин. Алардын жоголгондугу тууралуу имиштер эки жылдан бери жүрүп жатат. Иш жүзүндө мен аларды табууга аракеттендим. Мен буга тиешеси бар адамдарды таптым жана алардын жашаган жерин аныктадым. Мен эч убакта аткезчиликке тиешем болгон эмес. Мунун бардыгы – менин атымды жаманаттылоо үчүн негизсиз ой жүгүртүүлөр.

«Азаттык»: Хорогдо сиздин учурдагы кызмат боюнча чөнтөгүнө туура келбеген бир канча үйү жана кымбат автоунаалары бар деген ишендирүүлөр бар.

Айомбеков:
Прокуратура, полиция, салык жана антикоррупциялык кызматтар мага бул суроолорду беришкен. Алар бардыгын текшеришкен. Менин чоң эмес үйүм бар. Акыркы 7 жылдан бери менин болгону бир гана автоунаам бар. Менин бир канча банктан алган карыздарым бар. 2008-жылы Хорогго жасаган иш сапарынын учурунда президент Эмомали Рахмон менин абалымды өз көзү менен көргөн жана жергиликтүү бийликтерге чакан жеке бизнес ачуу үчүн банктан карыз алууга жардам берүүгө буйрук берген. Ушундан соң мен банктан бир канча насыя алдым.

«Азаттык»: Сизди насыяларды учурунда төлөгөн жок деп айтышат.

Айомбеков
: Мен бир канча карыз алып жана алардын көпчүлүгүн төлөп бердим. Мен аларды төлөй албай калганда мен аманаттарды төлөп жана күрөөгө койгом. Мен төлөгөнгө акча жок болсо дагы эмне кылат элем? Мен 120 миң доллар өлчөмүндө карыз алып, 240 миң доллар суммасындагы күрөө койгом. Мен банктын акчаларын күч менен алган жокмун, бул мен төлөөгө ниеттенген карыз болчу. Бардыгы өлтүрүлгөн генерал Абдулло Назаров эмне менен алектенип жүргөндүгүн билишчү (аны өлтүрүүнү Айомбековдун куралдуу тобу менен байланыштырышкан). Биз ага акча төлөп турчубуз. Мен анын өлүмү кимге керек болгондугун билбеймин. Бизге ал кереги жок. Бирок, бизге эгерде аны өлтүрбөсө да, кандай болгон күндө дагы, кол салышмак.

«Азаттык»: Сиз эмне үчүн силерге кол салмак деп эсептейсиз?

Айомбеков:
Силер бул суроону бул карама-каршылыкты баштагандарга жана ушул ыйык Рамазан айында кан төккөндөргө беришиңер керек.

«Азаттык»: Мурдагы оппозициялык командирлер сиздерге Тажикстанда төңкөрүш жасоо үчүн 7 млн. доллар сунуштады деп жатышат?

Айомбеков:
Ушундай болгон. Мага ушундай сунуштар менен чет өлкөлүктөр бир канча жолу кайрылышкан. Бирок мен аларга өзүмдүн өлкөмдү саткым келбестигин жана менин элимди акча үчүн өлтүргүм келбестигин айткамын. Мен бул тууралуу бийликке кабар бергемин. «Азаттык»: Алар кимдер эле? Айомбеков: Башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү, чет элдиктер. Биздин министрлер бул тууралуу билишет.

«Азаттык»: Айрымдар сизди россиялык тыңчы дешет, экинчилери сизди Афганистандагы белгилүү бир күчтөр менен кызматташат деп ишендирет.

Айомбеков:
Мен акыркы 17 жылда Тажикстандын укук коргоо тармагындагы мамлекеттик кызматтарды ээлеп келдим. Мен Россияга же башка өлкөгө эмес, Тажикстанга иштедим. Мени бул кызматтарга президенттин буйругу менен дайындашкан жана ушул күнгө чейин мен мамлекет башчынын буйругун аткарып келемин. Мен Хорогдо болуп өткөн окуяны кескин айыптаймын. Мен тынчтыкты жана биримдикти каалаймын, мен кан төгүүгө жана каршылашууга каршымын. Мен президентке кат жөнөттүм жана анын Хорогго келишин күтүп жатамын. Бул жердеги адамдардын бардыгы аны менен жеке кездешүүнү каалашат. Ал дайыма биринчи орунга тажик элинин кызыкчылыктарын коюп келген.

«Азаттык»: Хорогдогу карама-каршылыктын учурунда ондогон айыпсыз адамдар өлтүрүлдү. Бул карама-каршылык үчүн кандайдыр бир жоопкерчиликти аласызбы?

Айомбеков:
Эгерде мен кан төгүүгө жоопкерчиликти сезген болсом, мен эчак эле Афганистанда, Пакистанда же дагы бир башка жерде болмокмун. Бийликтер мага Назаровдун өлүмүнө тиешеси бар менин төрт кишимди берүү керектигин айтканда мен аларды кармап турдум. Алгач бийликтер төртөө тууралуу айтышкан, андан кийин он адамды беришимди каалашты. Аларды кармап туруу үчүн мага бир аз убакыт талап кылынды. Эки күндөй күтүп туруу керек болчу. Бирок мунун ордуна өкмөттүк аскерлер түн ортосунда адамдар уктап жатканда аткылай башташты. Ички иштер министри Рамазон Рахимов мага түнкү саат 11де чалып жана бул он адамды кийинки күнү жөнөтүүгө буйрук берди. Бирок аскерлер ошол түнү бир канча саат өткөндөн кийин эле ок ата башташты. Жергиликтүү бийликтер өздөрүнүн жакындарын ок атууга аз калганда шаардан чыгарып кетишти. Бирок катардагы жашоочулар өлүмгө ташталды. Бул жердегилер ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эместигин билишет. «Азаттык»: Эми сизди бурчка камашты. Сиз эмне кылмакчысыз жана кимден жардам күтөсүз? Айомбеков: Мен Кудайдын гана жардамына үмүт кылам жана андан кийин Ага Хандагы имамдан жана мен кат жөнөткөн тажик президентинен жардам күтөмүн. Президент мага кам көрөт. Мен өзүмдүн катымда бардыгын түшүндүрдүм, ошондой эле мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын деп айттым. Эки тарап тең мыйзамга баш ийүүсү керек.

Салимжон Аюбов,
«Азаттык» радиосу, 2012-жылдын 13-августу
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Другие материалы раздела:
Комментарии
купить авто в киргизии


Публикации Авторов:

23.09.2019
"Nur.kz"
СМИ: Мечети начали уничтожать в Китае

23.09.2019
"Afghanistan.ru"
Окружение Трампа боится вьетнамского сценария в Афганистане

23.09.2019
"KP.ru"
Кыргызстан предложил США усилить торгово-экономическое сотрудничество

21.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев выбрал имидж президента для бедных

20.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Кыргызстан готовится вернуть своих граждан из Ирака и Сирии

18.09.2019
K.Karabekov&Co, Ъ
Дипломатия минометов. На границе

18.09.2019
V.Panfilova, NG
Пограничники начали войну на футбольном поле

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней