Ассанж АКШны «азыткыларга аңчылык» кылганы үчүн айыптап жатат
вторник, 21 августа 2012 г. 13:08:16
Аны камакка алууга даяр болгон полиция офицерлеринин ыкыс бергенине карабай жана жүздөгөн тарапташтарынын курчоосунда WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Джулиан Ассанж  жекшемби күнү Улуу Британиядагы Эквадордун элчилигинин имаратынын балконуна чыкты. Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө ал америкалык өкмөттүн иштерин сынга алды жана өзүн дүйнөдө эң изделип жаткан маалымат таркаткыч деп атады.  
Июнь айынан бери ал элчиликтин кызыл кирпичтен курулган имаратынын анча чоң эмес бөлмөсүндө жашынып жатат, ал жакка Улуу Британиянын аны Швецияга экстрадиция кылууга кылган аракетинен кийин качып барып жана башпаана тапкан. Ага зордуктоо, сексуалдык кылыгы жана 2010-жылы Стокгольмда эки аял тарабынан берилген доо арызга мыйзамсыз тоскоол болду делип, издөө салынып жатат. Бирок Ассаннждын өзү бул айыптоолорду четке кагат.     
Жекшемби күнү балкондун алдында тарапташтары колдоо сөздөрүн кыйкырып  турган маалда, Ассанж бул айыптоолорду жана доо арыз берген аялдарды эскерген жок. Анын тарапташтарынын бири, англиялык дипломат Крейг Мюррей ишенимдүү түрдө “Ассанжга  кылмыш иштерин жасагандыгы тууралуу жалган айыптоолор тагылып жатат, бул бир гана максатта, өкмөттүк жашыруун документтерди ачкандыгы үчүн  аны АКШ куугунтукка алуу максатында болуп жатат”, - деп айтты. 
Бул теманы  Ассанж  улантты. “Мен президент Обамадан туура иштерди жасоону өтүнөм”, -деп айтты ал балкондо кыска кыркылган ак аралаган чачтары менен, көгүлтүр көйнөк кийип, кызыл галстук тагынып турган кезде окуган билдирүүсүндө. “АКШ өзүнүн WikiLeaks сайтына кылган аңчылыгынан баш тартышы керек. АКШ биздин кызматкерлерди же биздин тарапташтарды куугунтуктоого албасына ант берүүгө тийиш”. 
Ишемби күнү Ак үйдүн басма сөз катчысы Джош Ирнест кабарчыларга Обаманын администрациясы бул каршы туруу Улуу Британиянын, Швециянын жана Эквадордун өкмөттөрүнө тиешелүү деп эсептээрин айтты.   
Кол чабуулар жана көчөгө толуп келген элдин кыйкырыктары менен кабыл алынган Ассанждын кайрылуусу Лондон кошо тартылган дипломатиялык чатактын  акыркыларынын бири болуп калды. Ал сөз сүйлөп жаткан кезде ондогон полиция офицерлери сумсайган кебетелери менен турушту жана элчиликке кирип чыккан эшикти кайтарып жатышты.  
Юридикалык көз караш менен алганда, Эквадордун аймагы болуп эсептелген  элчиликтин ичинде Ассанж коопсуздукта турмакчы. Бирок ал Түштүк Азиядагы өлкөгө жаңы жашоо үчүн бир кадам аттап көчөгө чыга турган болсо эле, ал британ аймагында жүргөн киши катары камакка алынмакчы.   
Бейшемби күнү Ассанжга башпаанек берген Эквадордун президенти Рафаэль Корреа анын иштери АКШнын Ассанжды экстрадиция кылуу  планына жана аны Американын сотунда тыңчылык үчүн айыптоосуна карата алдына алып жасалган иш экенин түшүнүктүү кылды. Америкалык аткаминерлер буга окшогон пландар тууралуу билдиришкен жок
41 жаштагы австралиялык Ассанжды сөз эркиндигинин күрөшүүчүсү, бирок коомдук коопсуздуктун коркунуч деп эсептешет. Ал  2010-жылы WikiLeaks  сайтына ирактагы согуш боюнча жашыруун документи, Пентагондун афган чатагы боюнча  жашырылган документтерин, ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин жүз миңдеген жашыруун кабарламаларын жарыялангандан кийин  “сценага кирип келген”.
Жекшемби күнү Ассанж өзүнүн 10 мүнөттүк сөзүндө  жашыруун материалдардын бетин ачкан кишини куугунтукка алып жатканы үчүн АКШны сынга алды. 
Айрыкча ал WikiLeaks сайтына жашыруун документтердин архивин бергени үчүн айыпталып жаткан чалгындоо аналитиги Брэдли Мэннинг жөнүндө көп айтты.   Ассанж Мэннингди “баатыр” жана  “саясий  камакка  алынган эң бир көрүнүктүү адам” экенин айтты. Прокурорлордун пикиринде, Мэннинг жашыруун  документтерди, аларды айрымдарын башка  маалымат басылмаларына, анын  ичинде «The New York Times» басылмасы менен бөлүшкөн WikiLeaks сайтына бергендиги үчүн  өмүр бою абакка кесилиши мүмкүн. 
“WikiLeaks  булагынын коркунучта калышы биздин коомдун саламаттыгы менен сөз эркиндигине коркунуч жаратты”,-дейт Ассанж.
Ал журналисттер куугунтуктоодон коруп унчукпоого,  ал эми жарандар түнкүсүн шыбырашууга аргасыз болгон коркунучтуу  жана таш боор дүйнө тууралуу айтты. 
 Оз кезегинде президент Корреаны дагы  аны сынга алган журналисттерди куугунтуктаганы үчүн айыпташкан. 
 
Рави Сомайя
«The New York Times», 19-август, 2012-жыл
Которгон«InoZpress.kg»

Другие материалы раздела:
Комментарии
subaru


Публикации Авторов:

22.09.2020
V.Panfilova, NG
Вашингтон не прочь изменить московский вектор Бишкека

20.09.2020
E.Pogrebnyak, R.EurA
Россия и Китай укрепляют обороноспособность Таджикистана

18.09.2020
M.Orlova, 24.kg
Что ждет кыргызстанцев, если кандидат "против всех" победит на выборах?

18.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменистан избавляется от русского языка

16.09.2020
V.Panfilova, NG
Ашхабад предлагает Кабулу площадку для мирных переговоров

15.09.2020
"Kabar.kg"
Кыргызстан суверенное государство - остальное это говорильня

15.09.2020
"Ritm EurAsia"
На территории ЕАЭС введут систему полной прослеживаемости товаров

14.09.2020
"IA-Center"
Будущее Казахстана в Беларусском зеркале

14.09.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстану угрожает рост протестных настроений после выборов

11.09.2020
E.Pogrebnyak, Vzd
«Белорусский майдан» созревает в еще одном осколке СССР

09.09.2020
"Ritmeurasia"
Узбекистан пересмотрел свое отношение к ЕАЭС

07.09.2020
"Ritmeurasia"
Президент Кыргызстана не стал подписывать закон, где говорится о коррупционерах

04.09.2020
"Ritmeurasia"
ЕЭК изучит ситуацию по прекращению Казахстаном поставок металлического лома в Россию

03.09.2020
"Eurasianet"
Китай, возможно, хочет открыть новые военные базы в Таджикистане, утверждает Пентагон

02.09.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Бердымухамедову предлагают уйти по-хорошему

01.09.2020
G.Alekseenko (Afganistan.ru)
Центральная Азия стала спасательным кругом для мирных афганцев

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней