Иран менен Сауд Арабиясы Сирияда өз согушун жүргүзүп жатышат
среда, 22 августа 2012 г. 18:43:18
Сауд Арабиясы менен Ирандын ортосундагы жалпы баалуулуктар жана ислам биримдиги тууралуу көп эле сөздөрдүн болгонуна карабай, эки мамлекет тең Жакынкы Чыгыштагы өз таасирин күчөтүш үчүн атаандашуу күрөшүн жүргүзүп жатат.  
Ислам дүйнөсүндө башчылык ролду ойногон Сауд Арабиясы  менен Иран  ыйык шаар болуп эсептелген Меккеде өткөн Ислам кызматташтык саммитинде гармонияга, башкача айтканда, шайкештикке жетишүүгө умтулушту.  
Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Сауд Арабиясынын королу Абдулла менен катар олтурду. Өз сөзүндө  Ахмадинежад жалпы дин, бир пайгамбар жана бир ыйык жазуу өлкөлөр ортосундагы пикир келишпестикти  жокко чыгарганын баса белгиледи. 
 
Тегерандын дипломатиялык жеңилиши   

Бирок орун да, жалындуу сөздөр да, жабык эшиктин артында болгон кызуу талаш-тартыштар дагы саммитин жыйынтыгына: Сирияны уюмдан убактылуу четтетүү,  Сириянын Ислам кызматташтык уюмунан (ИКУ) чыгышынан улам Тегерандын  дипломатиялык жеңилишине таасир берүүсүнө көмөкчү боло алган жок. Иран аймактагы Дамаскинин жакын союздашы экени белгилүү.    
Саммиттин алдында Тегеран университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Хермидас Баванд  веб-сайтка “бизди акмак кылганы жатышат” деп алдына ала эскерткен.  
Ахмадинежад Сирияга каршы резолюцияны токтотууга  аракет кылат деп эч күткөн эмес.  
“Менин добушум жалгыз каршы болгон добуш болду жана ал жыйында айтылышы керек”, -деп  билдирди президент Иранга кайтып келгенден кийин. Анын  Меккеде өткөн саммитте Тегерандын көз карашын алдыга алып чыгуудагы ийгиликсиз аракети Сауд Арабиясы ал кетип жаткан саясатчы экенин жакшы билгени менен түшүндүрүлөт.   
Ахмадинежаддын ыйгарым мөөнөтү келерки жылы жазында бүтөт жана анын  өзөктүк программа же болбосо Тегерандын Дамаски менен байланышы сыяктуу Ислам республикасынын маанилүү темалары тууралуу айтууга мүмкүнчүлүгү жок. Сауд Арабиясы Иранда руханий лидер Али Хаменеи чечүүчү сөздү айтаарын жакшы билет. Жана ал өз өлкөсүн каршылашуу жолуна түртө койбойт.  

Ислам атаандаштары

Иран менен Сауд Арабиясынын ортосундагы ислам дүйнөсүнө башчылык кылыш үчүн мурдатан келе жаткан атаандаштыгы Сириянын аймагында да жүрүп жатат.   Сауд королу өзүн “Мекке менен Мединанын ыйык жайларынын кызматчысы” деп атайт, ал эми Хаменеи өзүн “Ислам революциясынын лидери” деп  эсептейт.   
Эки мамлекет тең Ислам дүйнөсүнүн бөлүнүшүн көрсөтүп турат: Сауд Арабиясы өзүн сунниттердин башчысы катары көрөт, ал эми ошол эле маалда Иран шииттерди колдоп жатат. Сириядагы чатак сунниттер менен шииттерге жакын жана ошондуктан Тегерандын союздашы деп саналган алавиттерин (Асаддын кланы) ортосунда жүрүп жатат.   
Иран менен Сауд Арабиясынын ортосундагы  расмий эмес ачык айтылбаган согуш  август айында Дамаскиде 48 ирандык уурдалып кеткенден кийин “оордук борборун” өзгөртүп жибергенсиди. Ирандын Тышкы иштер министрлиги тез арада уурдалган кишилер ажылар болгонун маалымдады. Бир нече сааттан кийин киши уурдоо жоопкерчилиги Дамаскидеги козголоңчулардын Сауд Арабиясын жактаган сунниттик тобу мойнуна алды. Мындан соң ирандыктар тартылган видео «Аль-Арабия» телеканалынан көрсөтүлдү. Видеодо козголоңчулардын өкүлү уурдалып кеткен ирандыктар чындыгында ажылар эмес, Иран революциясын  кайтаруучулар корпусунун мүчөлөрү экенин айтат.    
   
АКШ Ирандын ролу жөнүндө тынчсызданып жатат  

Кайтаруучулар корпусу Сириядагы өзүнүн ишмердүүлүгүн четке каккан жок. Өлкө Израилге каршы тирешүүлөрдө таяныч болуп келгенин жана ошондуктан Иран Сирияны колдоп жатканын Ирандын веб-сайтында генерал Исмаил Гаани түшүндүрөт. “Эгерде биз болбосок, дагы көп адамдар курман болмок”. Бирок бир аз кийинчерээк акыркы сөздү веб-сайттан алып салышты.    
Америкалык чалгынчылар менен аскерлердин айтымында, Иран Сириянын президенти Башар Ассадды колдош үчүн ыктыярдуу топторду машыктырууга аракет кылып жатат. Вашингтон тастыктагандай, уурдалган ажылардын айрымдары Кайтаруучулар корпусунун буга окшогон тапшырмалар үчүн атайын адистешкен элиталык бөлүгүнүн мүчөлөрү экенин тастыктайт. АКШнын Коргоо министри Леон Панетта Ак үй жагдайдын мындай өнүгүшүнө абдан кабатырланып жатканын жана Иран чатактан тышкары болушу керек экенин айтат. Ошол эле маалда Панетта АКШ сириялык оппозицияны колдоону күчөтө алат эле деп болжойт.  

Али Садрезадех
«DeutscheWelle», 18-август, 2012-жыл
Которгон
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Другие материалы раздела:
Комментарии
мэрс


Публикации Авторов:

14.06.2019
"Stanradar"
Какие подарки получил Кыргызстан накануне саммита ШОС

13.06.2019
"Fergahana.News"
В Ташкенте при поддержке США начался форум CAMCA об освоении Центральной Азии

13.06.2019
"CA News"
Племена Центральной Азии использовали марихуану во время ритуалов около 2500 лет назад

11.06.2019
Y.Roks (NG)
Второму президенту Казахстана досталось не такое уж и сказочное наследство

10.06.2019
"CAmonitor.kz"
Высокий износ энергетических мощностей сохраняется в Казахстане

09.06.2019
"Kapital.kz"
UPD: Задержаны 500 человек в Нур-Султане и Алматы

07.06.2019
V.Prohvatilov, Zk.kz
США усиливают давление на Казахстан через подконтрольные НПО и СМИ

04.06.2019
S.Voronov, NG
Казахстан: выбор есть!

03.06.2019
"Kazakhstan2.0"
Назарбаева vs Кулибаев: война за активы

31.05.2019
V.Panfilova, NG
Беглый президент мобилизует кыргызских трудовых мигрантов

29.05.2019
"Nezavisimaya gazeta"
В ЕАЭС из Назарбаева надеются "выжать" еще много положительного

26.05.2019
A.Hodasevich, NG
Белоруссия и Казахстан договорились по поставкам нефти

22.05.2019
Sh.Abdulhasanov (Polit - Asia)
Трудовая миграция − панацея для Центральной Азии

22.05.2019
V.Panfilova, NG
Евросоюз изменит подход к странам ЦA

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней