Түркмөнстан бүтүндөй бир муун өткөндөн кийин, биринчи жолу эл каттоо өткөрүүгө даярданып жатат
среда, 22 августа 2012 г. 17:05:09
Түркмөнстанда канча адам жашайт? Көптөгөн жылдар бою бул табышмак болуп келген.
Ашгабат 1995-жылдан бери биринчи жолу ушул жылдын ноябрь айына чейин эл каттоо өткөрүүнү пландап жатат. Кыязы, бийлик өлкөнүн ар бир атуулун системалык эсепке алууга алгачкы жолу билек түрө киришти. Эл каттоого арналган өкмөттүн веб-сайтында “азыр көпчүлүк учурда биз 1995-жылы болгон эл каттоого таянып иш алып барабыз, бирок кыязы, жагдай өзгөрдү окшойт”, -деп айтылат.
Акыркы жолку сурамжылоого таянсак, 1995-жылы Түркмөнстанда 4,481 млн. адам жашаган. Ошондон бери маалы-маалы менен өкмөт расмий эсептерди берип турган. Мурдагы президент Сапармурат Ниязовдун учурунда Түркмөнстандын калкы жөнүндө маалымат жыл сайын эки жолу жарыяланчу. «Гундогар» оппозициялык веб-сайтында: “Ниязовдун маалында 2006-жылдын 1-марттында өлкөнүн калкы 6 786 400 адамды; 2006-жылдын 1-июлуна карата 6 836 500 адамды түзгөнү” айтылат. Бир нече айдын ичинде эле калк ушунчалык тез көбөйүп кеткен экен.
Чет элдик эксперттер жалпысынан калк жетишерлик аз экенин белгилешкен - 2005-жылы эл болжол менен 4,67 млн. адам болгон. АКШ менен БУУ 2006-жылга чейин жаш балдардын арасында өлүм көрсөткүчүнүн жогорку деңгээли (төрөлгөн 1000 баланын 70и чарчап калган) байкалганын белгилешкен. Азыр АКШ менен БУУ “Түркмөнстандын калкы болжол менен 5,1 млн. адам го”, - деп боолголоп жатат.
1995-жылы болгон эл каттоого: билим берүү, жумуш жана балдар тууралуу 19 суроо камтылган. 2012-жылы боло турган эл каттоо жүргүзүү ыкмалары менен суроолордун тизмесин түзүш үчүн түркмөн өкмөтү ЮНИСЕФ жана БУУнун башка агенттиктери менен иш-аракеттерин координациялап жатат.Чындыгында Түркмөнстандагы БУУнун өкүлчүлүгү бир нече жылдан бери бийликти эл каттоо өткөрүүгө түртмөлөп келет.Калктын саны, этникалык азчылыктар жана башкалар тууралуу так маалымат болбой туруп, Түркмөнстан бүтүндөй бир муундун аралыгында кандайча өзгөргөнү тууралуу картинаны элестетиш кыйын.
Бирок авторитардуу Түркмөнстанда эл белгисиз бирөөлөргө үй-бүлөсү жана кирешеси тууралуу ачылып айтып бере алабы? Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун 2011-жылдагы баяндамасында ашгабаттык бир журналист Түркмөнстанды кучагына алган коркунуч тууралуу айтат. “Биз телефон менен сүйлөшкөндөн коркобуз. Көп адамдар телефон менен сүйлөшүү маалында бир нерсени байкабай айта койгону үчүн темир тор артына кетишкен”, -дейт ал.
Бул коркунуч эл каттоо маалында калктын берчү жообуна таасир бербейби?
 
Эшли Клик
«Eurasianet», 21-август, 2012-жыл
Которгон –«InoZpress.kg»

Другие материалы раздела:
Комментарии
авто.kg


Публикации Авторов:

24.10.2020
M.Kovalenko, Ъ
Москва и Бишкек поговорили на разных языках

24.10.2020
V.Panfilova, NG
Бишкек всячески подчеркивает лояльность Москве

23.10.2020
"RIA Novosti"
Путин назвал происходящее в Кыргызстане бедой

21.10.2020
“Dialog.tj”
Есть нефть, нет денег: почему Таджикистан никак не превратится в Техас

21.10.2020
V.Panfilova, NG
Пекин ставит Бишкек на счетчик

19.10.2020
A.Jelenin (Rosbalt)
Туркмения — наш последний друг

19.10.2020
"Tengrinews", KZ
И. о. президента Кыргызстана готов участвовать в выборах, если изменится закон

19.10.2020
"Nezigar" (Telergam)
Глава 530, в которой у очередной «цветной революции» в Кыргызстане появляется устойчивый привкус героина

19.10.2020
"Nezigar" (Telergam)
Связи семьи Байдена с ОПГ из бывшего СССР даже глубже, чем казалось.

19.10.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Садыру Жапарову открыли путь к президентской кампании

19.10.2020
E.Postnikova, IZ
Подъем переворотов: что ждет Кыргызстан в переходный период

17.10.2020
M.Kovalenko, K.Karabekov, Ъ
Исправляющий обязанности С.Жапаров

16.10.2020
M.Kovalenko, K.Karabekov, Ъ
Кыргызстан потерял легитимного президента

16.10.2020
E.Chernenko, Ъ
Москва становится Центральной в Азии

16.10.2020
V.Panfilova, NG
Третья революция в Кыргызстане свершилась

16.10.2020
"RIA Novosti"
Премьер Кыргызстана заявил о переходе к нему президентских полномочий

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней