Индиядан кооптонгон Пакистан өзөктүк потенциялын жогорулатууда, бирок террористтерди көзөмөлдөй албай жатат
суббота, 18 августа 2012 г. 21:17:57
Панетта “Пакистандын өзөктүк куралы террорчулардын колуна тийип калышы мүмкүн”, - деп билдирди  
 
АКШнын Коргоо министри Леон Панеттанын айтымында, эгерде террорчулардын ишмердүүлүгү көңүлдөн тышкары кала турган болсо, Пакситандын өзөктүк куралы террорчулардын колуна тийип калышы толук мүмкүн.   
“Өзөктүк курал террорчулардын колуна тийип калышы мүмкүн деген чоң коркунуч бар, бул Пакистандагы маселе  көңүл борборунан тышкары калса иш жүзүнө ашып кетиши толук ыктымал”, -деп айтты журналисттерге Пентагондо болгон жыйында  Панетта.
Жыйында журналисттер Панеттадан АКШнын Конгрессинин бир аз мурда жарыяланган, Пакистан негизинен Индияга багытталган өзүнүн өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүп жатканы белгиленген баяндамасына түшүндүрмө берүүнү  сурашты.  
“Пакистан тарап менен болгон сүйлөшүү маалында  мен дайыма биз терроризм менен болгон  күрөшкө  биргелешкен күч-аракет кылышыбыз керектиги тууралуу фактыны баса белгилейм жана террористтер биздин мамлекетке гана эмес, алардын мамлекетине дагы коркунуч келтирип жатканын айтам”, -деп кошумчалады ал. 
“Көптөгөн пакистандыктар террорчулардын колунан курман болушту. Ошондой эле терроризмдин кесепетинен канчалаган пакистандык жоокерлер набыт болду.    Пакистан аталган коркунучтун бар экенин моюнга алышы керек жана бул коркунучка каршы турууга колунан келген аракетин жумшоого тийиш. Жана негизинен бул анын өзөктүк держава болгону үчүн абдан маанилүү”, -деп билдирди Панетта.
Конгресстин Көз карандысыз иликтөө кызматынын (CRS) бир аз мурда жарыяланган баяндамасында, “Пакистан өзүнүн өзөктүк курал өндүрүүсүн жана Индияга багытталган өзөктүк дүрмөтбаштарды жеткирүү механизмдерин жакшыртууну кеңейтип жатканы” тууралуу айтылат.  
“Көрүнүп тургандай, Пакистан Индиянын өзөктүк арсеналы көбөйүп жатышы мүмкүн деп эсептегендиктен, өзүнүн өзөктүк курал-жарагын көбөйтүүгө киришти. Муну менен катар Исламабад өзөктүк куралын жакшыртууга багытталган өзүнүн күчүн тездетиши ыктымал”, -деп айтылат баяндамада. 
Ошондой эле CRSтин баяндамасында Пакистандын өзөктүк программасы негизинен Индия тараптан келчү коркунучтар менен күрөшүүгө багытталганы жана буга ылайык, аталган программа Индияны коркутуучу каражат катары иштээри белгиленген.   
“Индия “ага туруктуу карманып турган минимум” зарыл экенин айтат. Бирок Нью-Дели  жогоруда айтылган сөзгө эч качан түшүндүрмө берген эмес жана баарын камтыган өзөктүк сыноолорго тыюу салуучу келишимге кол койгондон баш тарткан”, -деп айтылат баяндамада. Ошондой эле баяндаманын авторлору “Пакистандын расмий тараптары индиялык өкмөттүн пландарына жооп катары өздөрүнүн өзөктүк курал-жарагын жетишерлик көбөйтүүгө аргасыз экендиктерин билдиргенин”,- тастыктайт.    
Баяндамада мындан тышкары “өзүнүн өзөктүк арсеналынын санын жана сапатын көбөйткөндөн тышкары, Пакистан өлкө өзөктүк курал колдонууга даяр болуп калган жагдайлардын тизмесине да кошумча киргизиши мүмкүн”, -деп айтылат. 
CRS өзүнүн баяндамасында, “болжолдуу баага таянганда, Пакистандын өзөктүк арсеналы  90дон 110го чейинки өзөктүк дүрмөтбаштардан турат, бирок бул көрсөтүлгөн сан мындан да көп болушу мүмкүн”,- деп билдирди. “Өзөктүк куралдарды өндүрүүдөн тышкары Исламабад эритүүчү материалдарды өндүрүү менен иш алып барат”, -деп тастыктайт CRS. Ал ошондой эле “жогоруда аталган кадамдар Пакистанга өзүнүн өзөктүк курал-жарагын сандык жана сапаттык жактан жакшыртууну ишке ашырууга мүмкүндүк берет”, -деп кошумчалайт.  
 
PTI, 16-август, 2012-жыл
Которгон –«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Другие материалы раздела:
Комментарии
продажа автомобилей в киргизии


Публикации Авторов:

02.04.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстан возвращается к президентскому правлению

01.04.2020
"Nezavisimaya gazeta"
COVID-19 пока не добрался до Таджикистана и Туркменистана

28.03.2020
"Oreanda.ru"
В Казахстан из России пытались вывезти 11 тонн антисептика

26.03.2020
V.Panfilova, NG
Страны ЦА спасают свои экономики

25.03.2020
"Kazinform"
Заболевший коронавирусом в Жамбылской области недавно прибыл из Кыргызстана

24.03.2020
V.Panfilova, NG
Пандемия Атамбаеву не помогла выйти на свободу

23.03.2020
"EADaily"
Несмотря на карантин, вирус расползается по всему Казахстану

19.03.2020
L.Kopjasarova,"Cabar"
Казахстан намерен реформировать госполитику в сфере межнациональных отношений

19.03.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Евразийский союз шатает от коронавируса

17.03.2020
V.Panfilova, NG
МИД Таджикистана сделал выговор Госдепу США

12.03.2020
V.Panfilova, NG
Назарбаев поделился с Путиным опытом политического долголетия

11.03.2020
"Ukraina.ru"
Псевдорелигиозные джамааты в Кыргызстана укрепляются на фоне коррумпированности муфтиев – Грозин

11.03.2020
"Vedomosti.ru"
BBC: семья Назарбаева оспаривает арест своей недвижимости в Лондоне

10.03.2020
"Afghanistan.ru"
Перспектива параллельных инаугураций в Афганистане вызвала скептическую реакцию талибов

09.03.2020
Z.Karajanov (R E-A)
Казахстан свяжет себя с соседями соглашениями по общим рекам

09.03.2020
"Eurasianet.org"
Узбекистан отказывается от госзаказа на хлопок

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней