Казакстандын Олимпиадалык феномени
пятница, 10 августа 2012 г. 22:08:31
Казакстандын курама командасы Лондондогу Олимпиадада медал алган алдыңкы он команданын катарына кирди

15 миллион эли бар, дүйнөдө калкы аз жайгашкан өлкө болуп туруп Казакстан Лондондогу Олимпиада оюндарында медалдын саны боюнча 8-орунду алды.
Олимпиадалык оюндарда кайсы мамлекеттер алтын медал утканын көргөн болсоңуз, балким сиз ортосунда сары күндүн жана учуп бара жаткан куштун сүрөтү тартылган көк желек сегизинчи орунду ээлегенин эстеп калсаңыз керек. Бул желек дүйнөдө чоңдугу боюнча тогузунчу орунда турган, калкы эң аз жайгашкан 15 миллиондой эли бар өлкөнүкү болуп эсептелет. Быйыл Олимпиада оюндарынын бүткүл тарыхында Казакстанды эң мыкты ийгилик коштоду.
Байге капчыгына 2012-жылдагы Олимпиада бүткөнгө чейин беш күн калганда алты алтын жана бир коло медал топтогон Казакстан, медалдарды жеңип алуу боюнча жалпы командалык эсепте Германия менен Австралиядан алдыга озуп, сегизинчи позицияны ээлеген. Калк башына алтын медалды эсептеп келгенде, Казакстан планетадагы бешинчи орунду камсыз кылды. Советтер Союзунан боштондук алгандан эки жылдан кийин, тагыраак айтканда 1994-жылдан баштап Олимпиада оюндарына катыша баштаган мамлекет үчүн бул жаман көрсөткүч эмес.
Казакстанды бир канча жылдар башкарып келген Советтер Союзунун жетекчилиги анын архитектурасына, билим берүүсүнө, Казакстандын жетекчилигинин өзүнө жана бул мамлекеттин спорттук турмушуна натыйжалуу таасир эткенинде талаш жок.

Казакстан спорттун кайсы түрү боюнча алтын медал ээледи? Жылкынын этинин артыкчылыгы
Илья Ильин алтын медал алып, оор атлетика боюнча 94 килограммдык салмакта жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Ал буга чейин көтөрүлгөн салмактын жалпы көрсөткүчү боюнча Пекинде алтын медалды жеңген. Бул жолу Ильин көтөргөн салмактан 12 килогрммага ашыкча, башкача айтканда 418 килограммды көтөрдү. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон 24 жаштагы Ильиндин айтымында, анын ийгиликке жетишине жылкынын этинен жасалган чучук жана казы-карта жардам берген.
2007-жылы допинг колдонгону үчүн Россиянын оор атлетика боюнча курама командасынан чыгарылгандан кийин өз мекенин таштаган Светлана Подобедова 75 килограмм салмакта Россиянын оор атлети менен болгон атаандашуудан кийин жеңишке жетишти.
Ошондой эле 63 килограмм салмакта оор атлетика боюнча Майя Манеза жеңишти камсыз кылды. 26 жаш курагында ал 245 килограмм салмак көтөрүү менен жаңы олимпиадалык рекорд койду. Манеза 110 килограммдын баштап, анан анын үстүнө 135 килограммага чейинки оордукту коштурду. Ал 2010-жылдагы Азия оюндарынын, 2010-жылдагы оор атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионаттын, ошондой эле 2009-жылдагы оор атлетика боюнча өткөн дүйнөлүк чемпионаттын алтын медалисти болуп эсептелет.
Зульфия Чиншанло 53 килограмм салмакта алтын медалдын ээси болуп калды. Ал дагы 226 килограммды көтөрүү менен жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Зульфиянын алтыны 2012-жылдагы Олимпиадалык оюндардан Казакстан алгач уткан алтын медал болду.
Олимпиаданын көшөгө артында жогоруда сөз болгон эки кыздын туулган жери тууралуу анча-мынча талаш чыкты. Манеза менен Чиншанло кайсы жерде төрөлгөндүгү тууралуу ар кандай пикирлер бар. Айрымдар «алар Кытайда жана Кыргызстанда туулган» деп тастыкташууда. Бирок Казакстан тез арада реакция кылып, экөө тең – Манезада, Чиншанло да - Кытайда туулуп өскөнүн жарыялады.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев эки кызга 250 миң доллардан сыйлык тапшырды жана алардын жеңишин «казак элинин атактуу кыздарынын сыймыктуу даңазасы» деп атады.

Чуркоо жана велосипедде жарышуу
Казакстан спорттун башка түрлөрү боюнча дагы алдыңкы орундарга жетти. Ольга Рыпакова аялдар арасында жеңил атлетикада үч жолку секирүүдөн алтын медал алды. Бул кадамдоо, чуркоо жана узундукка секирүүнү аралашкан уникалдуу спорттун түрү. 27 жаштагы спортчу кыз 14,98 метр бийиктикке секирди жана бул украиналдык спортчу Ольга Саладуханы жеңиш үчүн жетиштүү болду.
Ошондой эле алтын медалга 38 жаштагы велосипедчи Александр Винокуров дагы ээ болду. Шоссе жарышынын жыйынтыктоочу баскычында ал колумбиялык спортчу Ригоберто Уран менен норвегиялык Александр Кристоффту артта калтырды. Винокуров велоспортто жаңы эмес. Спортчу «Тур де Франстын» төрт баскычында жеңүүчү болуп табылган, ошондой эле дүйнөлүк чемпионатта эки жолу коло медалга, 2000-жылдагы жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон. Ал мындан тышкары буга чейин Лэнс Армстронг менен күч сынашууга аракет кылып көргөн. Убактысынын 5:45:57 экенине кубанган Винокуров спорттон кете турганын айтты.
Бирок Казакстан дагы эле кол куушуруп олтурбастан Лондондогу Олимпиадада көбүрөөк медал утууга аракет кылат. Жакын арада күрөш жана бокс боюнча медалдар ойнотулуп, Казакстан Пекинде 2008-жылы болгон оюндагыдай спорттун бул эки түрүнөн дагы өз мүмкүндүгүн сынап көрөт. Даниал Гаджиев 84 килограмм салмак боюнча грек-рим күрөшүндө коло медалды ээледи.
2008-жылы Казакстан Пекинден бокс жана оор атлетика боюнча эки алтын, дзюдо, оор атлетика жана күрөштө үч күмүш жана бокс, дзюдо, таэквондо, оор атлетика менен күрөштөн беш коло медал утуп, жалпы командалык эсепте 29 орунга ээ болгон.

Жена Фишер
«Christian Science Monitor», 7-август, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Казакстан Олимпиада Лондон медал Жена Фишер
Другие материалы раздела:
Комментарии
honda


Публикации Авторов:

02.04.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстан возвращается к президентскому правлению

01.04.2020
"Nezavisimaya gazeta"
COVID-19 пока не добрался до Таджикистана и Туркменистана

28.03.2020
"Oreanda.ru"
В Казахстан из России пытались вывезти 11 тонн антисептика

26.03.2020
V.Panfilova, NG
Страны ЦА спасают свои экономики

25.03.2020
"Kazinform"
Заболевший коронавирусом в Жамбылской области недавно прибыл из Кыргызстана

24.03.2020
V.Panfilova, NG
Пандемия Атамбаеву не помогла выйти на свободу

23.03.2020
"EADaily"
Несмотря на карантин, вирус расползается по всему Казахстану

19.03.2020
L.Kopjasarova,"Cabar"
Казахстан намерен реформировать госполитику в сфере межнациональных отношений

19.03.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Евразийский союз шатает от коронавируса

17.03.2020
V.Panfilova, NG
МИД Таджикистана сделал выговор Госдепу США

12.03.2020
V.Panfilova, NG
Назарбаев поделился с Путиным опытом политического долголетия

11.03.2020
"Ukraina.ru"
Псевдорелигиозные джамааты в Кыргызстана укрепляются на фоне коррумпированности муфтиев – Грозин

11.03.2020
"Vedomosti.ru"
BBC: семья Назарбаева оспаривает арест своей недвижимости в Лондоне

10.03.2020
"Afghanistan.ru"
Перспектива параллельных инаугураций в Афганистане вызвала скептическую реакцию талибов

09.03.2020
Z.Karajanov (R E-A)
Казахстан свяжет себя с соседями соглашениями по общим рекам

09.03.2020
"Eurasianet.org"
Узбекистан отказывается от госзаказа на хлопок

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней