Сириядагы кризис тынчтык менен жөнгө салынчудай көрүнбөйт
пятница, 10 августа 2012 г. 18:45:26
Дипломатиянын аякташы

«БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Кофи Аннандын кызматтан кетиши «чатак акыры барып эле аскердик жол менен чечилет» дегендин кезектеги белгиси болуп калды. Батыш жөн эле алакан жайып олтура бербейт», - деп эсептейт Деннис Стьют.
Албетте, Кофи Аннандын кызматтан кетиши кимдир-бирөөлөрдү абдан деле катуу таң калтырып жибербейт. Дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын лауреаты акыркы жумада ого бетер трагедиялуу фигурага айланды. Ал тургай Батыш Россия, Кытай, Иран, ал тургай Сириянын өзүнүн жетекчилиги дагы анын согушту токтотуу жана сүйлөшүү жүргүзүү тууралуу планына макул болушканы менен, чыныгы жашоодо баары таптакыр башкача болуп чыкты.
Сириянын диктатору Башар Асад бир аз эпке келген болчу, бирок анын аскерлери козголоңчуларга жана карапайым калкка каршы улам көбүрөөк күч колдонду. Россия менен Кытай Сириянын режимине кысымды күчөтүү жагын караган БУУнун резолюциясына вето коюшту. Ал арада Сауд Арабиясы Батыштын унчукпаган макулдугу менен козголоңчуларга курал жеткирип жатты. Түркия сириялык качкындарга түндүктөгү аймагын берди. Батыш дипломаттары «АКШ чатак сүйлөшүү жолу менен чечилет дегенге ишенбейт» деп кыйытып жатышты. Ал эми Сириядагы оппозициячыл топтор тээ башынан баштап эле Асаддын өкмөтү менен сүйлөшүү мүмкүндүгүн жокко чыгарып келишкен.

Караңгы келечек
Аннандын аракетинен эч пайда чыккан жок. Жазында өкмөт менен козголоңчулар макулдашкан элдешүү чындыгында эч качан күчүнө кирген жок. «9-августтан кийин БУУнун байкоочулар миссиясынын иши улантылабы же жокпу?» деген суроо дагы эле белгисиз бойдон турат. БУУнун байкоочулары бир нече жолу от менен чоктун ортосунда калгандыктан, июнь айынан бери негизинен мейманканаларда эле камалып чыкпай олтурушат.
Кофи Аннандын кызматтан кетиши – «чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу аракети жокко чыкты» дегендин кезектеги белгиси. Азыркы жагдайда эки сценарий бар: тирешүү ушунчалык катуу жоолашууга өтө турган болсо, акыр-аягы эки тарап тең сүйлөшүүнү баштоого аргасыз болушат, же болбосо Асаддын режими кулайт. Андан соң талкаланган өлкө болжолу жарандык согуш менен бетме-бет калат. Узакка созулган тирешүү өлкөнүн инфраструктурасын жок кылат жана Сирияны көпкө чейин туруксуздаштырып, бул өз кезегинде бүтүндөй аймакка кыйратуучу кесепеттерди алып келиши мүмкүн. БУУнун берген баасына таянсак, тирешүү башталгандан бери 16 миң киши каза тапты. Жүз миңдеген качкындар качып, бүткүл өлкө жабыр тартты.

НАТО чечкинсиз бойдон турат
Дипломатия ишке ашпай калгандан кийин, аскердик интервенция тууралуу чакырыктар мурдагыдан беттер катуураак айтыла баштары талашсыз. Бирок Батыш чечкинсиздигин көрсөтүүдө: Ирак жана Афганистанда болгон согуштардан кийин Батыш дагы бир согушка аралашкысы келбей турган кези. НАТО «ливиялык сценарий кайталанып кетпесин» деп баш тартуу менен акылдуулук кылды. Аба чабуулдары дайыма катардагы калктын өлүмүнө алып келет. Бирок «Батыш мамлекеттери акыры соңу согушка тартылат» деген божомолду да жокко чыгарбаш керек. Ал тургай абадан гана чабуул коюлса да, НАТО мындай жол менен эл аралык мыйзамды жана адам укуктарын бузууга жоопкерчилик ала турган козголоңчуларга колдоо көрсөтмөкчү.
АКШнын президенти Барак Обама, эгер оппозиция бийликке келбесе бул варианттын мүмкүн болуучу жыйынтыктарын жадыбалдай жатка билери шексиз. Өз кезегинде мунун айынан сунниттер Асаддын тарапташтары деп эсептеген алавиттер менен христиандардан каршы өч алышы мүмкүн. Көптөгөн сунниттер Башар Асаддын атасы 1982-жылы 20 миңге жакын сунниттерди кырганын унута элек. Чечилбеген көп чатактар бар жана алар күн сайын тереңдеп баратат.

АКШнын кылдат саясаты
Сириянын келечегин аныктай турган козголоңчулар бар болсо да, ал келечек кандай болоорун эч качан эч ким айта албайт. Асад кеткенден кийин саясий түзүлүштөргө таасир тийгизиш үчүн Батыш оппозицияны кайсы бир деңгээлде колдоого тийиш. Ошондуктан Америка атайылап кылат саясат жүргүзүүдө: азырынча АКШ Эркин Сирия армиясын гана колдоп жатат, бирок кыязы Америка анын иш-аракеттерине кыйыр түрдө гана катышып жаткан өңдүү. Колдо болгон маалыматка таянсак, Түркияда курал сатууну көзөмөлгө алуучу жана курал «Аль-Каиданын» террорчуларынын колуна түшпөгөнүнө кепилдик берүүчү Борбордук чалгындоо башкармалыгын тыңчылары иштеп жатышат.
Ал тургай аскердик интервенция вариант катары каралбаган күндө деле, бул «эл аралык коомчулук алакан жайып олтура берсин» деген сөз эмес. Жардам берүүнүн көп жолдору бар. Коңшу мамлекеттерге качкан сириялык качкындарга дайыма эле гуманитардык жардам жетише бербейт. Акыркы 12 айдан бери жардамга 3 миллион сириялык муктаж болуп жатат.
Бул маселелерди чечүү - Аннандан кийинки келген мураскердин милдети. Аннан анын милдетин кимдир-бирөө алат деп  бекем ишенет. Бирок ошондой болгон күндө деле, БУУ миссияны улантыш үчүн ушундай эл аралык кадыр-баркы бар кишини таба алабы деген суроо туулат.

Деннис Стьют
«Deutsche Welle», 4-август, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Деннис Стьют Сирия Кофи Аннан АКШ
Другие материалы раздела:
Комментарии
toyota


Публикации Авторов:

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

03.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев вывел элиту Казахстана за рамки госзакупок

31.08.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Узбекский парламент готовится стать местом для дискуссий

29.08.2019
V.Panfilova, NG
Туркменистан примерил сингапурское экономическое чудо

29.08.2019
R.Mamtchiz, "Gundogar"
Иностранный бизнес проникает в Туркменистан

26.08.2019
G.Ibragimova, RIA
США готовятся к схватке за Центральную Азию. Вытеснят ли они Россию и Китай

24.08.2019
V.Panfilova, NG
США проявляют интерес к Казахстану и Узбекистану

23.08.2019
A.Alehova (365info)
Конфигурация политического поля страны меняется — Ашимбаев

23.08.2019
A.Evgrafov (rusevr.asia)
Зачем NED И ЦРУ пытаются дестабилизировать Казахстан?

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней