НАТОнун күчтөрү чыгып кеткенден кийин, афгандыктар жумуш орундарын жоготот
четверг, 9 августа 2012 г. 17:56:16
НАТОнун жүк ташуу каттамдарынын жабылышы жүк ташыган унаалардын айдоочуларына тескери таасир этет

Пакистан Афганистанга НАТОнун жүк ташуучу каттамын жапкандан кийин, Кандагардагы жүк ташыган унаалардын айдоочулары өз бизнесинин кыйла бөлүгүн жоготуп алышты.
Жүк ташуу боюнча афган компаниясынын ээси Рахматулла бир нече айдан бери эми гана келечекке үмүтү пайда болгонун айтат. Болжол менен жети ай мурда ал өзү жана кандагарлык көптөгөн айдоочулар Пакистан Афганистанга НАТОнун жүк ташуу каттамын жаап салгандан кийин жана эл аралык күчтөр түндүк каттамдарды пайдалана баштаган соң, өздөрүнүн бизнесинин бир топ бөлүгүн жоготушкан.
Жергиликтүү айдоочулар айткандай, мындай өзгөрүү бизнести түндүккө ооштуруп, көптөгөн кандагарлыктарды жумушсуз калтырды. Рахматулланын анча чоң эмес компаниясы ар бир аптада 100гө жакын жүк ташыган унааларды пайдаланчу. Чегара жабылгандан кийин алардын ону гана калган жана анын кесепетинен 270 киши жумушунан айрылды.
Эми бир аз мурда каттам ачылгандыктан ишкерлик кайра башталууга тийиш. «Биз келечекке үмүт менен карап жатабыз, анткени кайрадан жумушка чыктык», - дейт Рахматулла. Ошентсе да орто жолдо жети ай ишсиз олтурган убак келечек тууралуу тынчсыздандырып койду. «Чет өлкөлүктөр биздин өлкөдөн 2014-жылы кеткенден кийин миңдеген адамдар ишсиз калаарына мен ишенем. Анда аскер базалары жок болот, биз кимге жүк ташымак элек?» - дейт ал.
Кандагардын айдоочулары туш келген жагдай эл аралык аскерлер чыгарылып кеткенден кийин Афганистанда жумуш орундары кандайча жок болоорун көрсөтүүдө. Көпчүлүк эл «коопсуздукка көңүл бура берип, афган өкмөтүнүн экономикалык планы жок» деп кабатыр болууда.
Дүйнөлүк Банктын берген маалыматына таянсак, эл аралык донорлорду жардамы жана аскер чыгашалары афган мамлекетинин ички дүң өндүрүмүнүн (ИДӨ) 97 пайызын түзөт. Ал тургай бир нече жылдан берки туруктуу экономикалык өсүшкө карабай, өлкө катуу жумушсуздуктан жабыр тартууда. Афганистандагы 90 пайыздан ашык жумушчу орундарын «ишеничсиз» деген чекке киргизсе болот, анткени алар туруктуу эмес: көпчүлүк учурда афгандыктар расмий эмгек келишими жок иштешет.
Эл аралык аскерлер түзгөн жумуш орундары жоюлгандан кийин, кен казып алуу тармагына жана башка тармактарга карабай, жергиликтүү экономика жаңы жумуш орундарын түзүшү күмөн. Эгерде кен казып алуу тармагы жакшы өнүгө баштаса, афгандыктар үчүн, анын ичинде жүк ташыган унаалардын айдоочулары үчүн да миңдеген жумуш орундары түзүлөт эле. Кытай менен Индиянын компаниялары Афганистандагы айрым кендерге инвестиция жумшай башташты, бирок алар толук иштегиче далай жыл бар.
«Өкмөттүн эч кандай планы жок. Анын экономикалык алдын ала эсеби жок», - дейт Кабул университетинин экономика профессору Хамид Фаруди. «Ал өткөөл процесстерди көргөнүнө бактылуу болгон, бирок андан болгону Афганистандагы жагдайга жардам берген аскердик натыйжаны гана көрүп, экономикалык,  социалдык натыйжаны көргөн жок».
Түштүк Афганистанда Пакистандын чегарасын бойлой жайгашкан Кандагар жүк ташуучулардын негизги борбору жана экономиканын өзөгү болуп эсептелет. Бир катар ишканалар - дүкөндөр, ресторандар жана мейманканалар жүк индустриясынын айланасында өнүккөн. Кандагардын мэринин айтымында, жашоочуларын эң аз дегенде үчтөн бир бөлүгү жүк ташуу тармагында иш алып барышат. «Пакистандан Кандагарга келчү жол эл үчүн көп жумуш орундарын түзөт. Жол ачылгандан баштап көп кишилер ар түрдүү иштер менен алектеништи», - дейт шаар мэри Кази Мохаммад Омар. «Муниципалдык өкмөт дагы жүк ташыган унаалардан салык алат».
Жолду жаап салган кезде шаар жүк ташыган унаалардан түшчү салыктын 40 пайызын жоготту. Жүк каттамдары жабылаарда НАТО өзүнүн жүктөрүнүн 28 пайызын Пакистан, ал эми 41 пайызын Түндүк бөлүштүрүү түйүнү аркылуу жеткирчү. Пакистандык каттам жабылгандан кийин түндүк аркылуу 60 пайыз жүк ташыла баштады.
Жергиликтүү ишкерлер каттамды жабуу алардын абалына тескери таасир тийгизгенин айтышат. Ахмад Шах - шаардын четиндеги чакан азык-түлүк дүкөнүнүн ээси. Каттамды ачканга чейин эки жума мурда анын иши ушунчалык начарлап кеткендиктен, ал өз дүкөнүн 40 пайыз арзан сатканын айтты.
«Соода токтоп калды. Мен инимди ал дүкөндө жөн гана олтуруп турсун деп жөнөтүп жаттым. Күнүгө бир нече йогурттан башка эч нерсе сатылчу эмес, анткени айдоочулар жок болчу. Бул жерде сатып алгыдай үйлөр да жок. Болгону айдоочулар гана бар», - дейт ал. Ахмад каттамдын кайра ачылганын уккан соң, дүкөндү кайра сатып алууну чечти, бирок мунун менен бир айлык акысын жоготту.
Ошентип Кандагарда иш аздап болсо да кайра калыбына келип жатат, бирок афган инвесторлорунун көбү чет элдик ири келишимдердин маалы бүтүп бара жатканын айтышууда. «Эгерде эл аралык коомчулук Афганистанды таштап кетсе, жүк ташыган унаалардын ээлерине же жүк ташуу менен иштегендерге абдан эле көп кыйынчылыктар келип чыгат. Аларга абдан кыйын болот», - дейт үч жүк ташыган унаасы бар Мохаммад Дарвеш. Ал дагы эле өзүнүн жүк ташыган унааларынын баасын актап, 2014-жылга чейин чыгашасын жабам деп үмүттөнүүдө. Ал азык-түлүк склады сыяктуу туруктуураак инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө да ойлонуп жаткан кези.
Бирок айрым экономисттердин айтымында, бул тынчсыздануу апыртылган кеп, анкени Афганистанга келип жаткан акчанын ири бөлүгү эл аралык компаниялардын чөнтөгүндө калат. Бир экономисттин эсебине таянсак, Афганистанга жардам берүүгө коротулуп жактан бир доллардын 38 центи гана жергиликтүү экономиканы колдоого жумшалат. Бул болсо афгандыктар эл аралык жардаман азыраак көз каранды болот жана акча агымы токтогондо пайда боло турган толкун катардагы жарандардын абалын анча деле кыйрата албайт дегенди түшүндүрөт.

Том Питер
«Christian Science Monitor», 27-июль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Афганистан жумуш орундары НАТО жүк унаа Том Питер
Другие материалы раздела:
Комментарии
cars.kg


Публикации Авторов:

02.04.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстан возвращается к президентскому правлению

01.04.2020
"Nezavisimaya gazeta"
COVID-19 пока не добрался до Таджикистана и Туркменистана

28.03.2020
"Oreanda.ru"
В Казахстан из России пытались вывезти 11 тонн антисептика

26.03.2020
V.Panfilova, NG
Страны ЦА спасают свои экономики

25.03.2020
"Kazinform"
Заболевший коронавирусом в Жамбылской области недавно прибыл из Кыргызстана

24.03.2020
V.Panfilova, NG
Пандемия Атамбаеву не помогла выйти на свободу

23.03.2020
"EADaily"
Несмотря на карантин, вирус расползается по всему Казахстану

19.03.2020
L.Kopjasarova,"Cabar"
Казахстан намерен реформировать госполитику в сфере межнациональных отношений

19.03.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Евразийский союз шатает от коронавируса

17.03.2020
V.Panfilova, NG
МИД Таджикистана сделал выговор Госдепу США

12.03.2020
V.Panfilova, NG
Назарбаев поделился с Путиным опытом политического долголетия

11.03.2020
"Ukraina.ru"
Псевдорелигиозные джамааты в Кыргызстана укрепляются на фоне коррумпированности муфтиев – Грозин

11.03.2020
"Vedomosti.ru"
BBC: семья Назарбаева оспаривает арест своей недвижимости в Лондоне

10.03.2020
"Afghanistan.ru"
Перспектива параллельных инаугураций в Афганистане вызвала скептическую реакцию талибов

09.03.2020
Z.Karajanov (R E-A)
Казахстан свяжет себя с соседями соглашениями по общим рекам

09.03.2020
"Eurasianet.org"
Узбекистан отказывается от госзаказа на хлопок

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней