НАСАнын жаңы аппараты Марста миссиясын баштады
четверг, 9 августа 2012 г. 14:58:40
НАСАнын «Curiosity» аттуу марсжүргүсү Кызыл планетага конду

2,5 миллиард долларга бааланган марсжүргү Кызыл планетанын үстүнө конуп, өзүнүн сегиз айга созулган саякатын жыйынтыктады.
Жекшемби күнү Тынч океан убактысы боюнча кечки саат 10:30да «Curiosity» деп аталган марсжүргү Марстын бетине конду. НАСА берген маалыматка таянсак, марсжүргү «Кызыл планетада бир кезде жашоого зарыл болгон бардык химиялык элементтер болгон» деген пикирге кандайдыр бир далилдерди издеш үчүн эки жылдык миссиясын баштады.
НАСАнын америкалык реактивдүү кыймыл лабораториясынын кызматкерлери Марстагы орбиталдык аппараттан алынган сигналдарга таянып, «марстүргү чоң Гейл кратеринин аймагына аман-эсен конду деп эсептесе болот» дешти. НАСА марсжүргүнүн конушун «космостун тарыхындагы роботторду пайдаланган эң татаал операция» деп атады.
Баасы 2,5 миллиард АКШ долларына бааланган «Curiosity» деп аталган долбоор расмий түрдө «Mars Science Laboratory» деп аталат. Ошондой эле жогоруда аталган аппарат агенттик космоско 1970-жылы кое берген НАСАнын биринчи астробиологиялык долбоорунун уландысы болуп саналат. Эске салсак, 1970-жылы НАСА космоско биринчи жана жалгыз «Викинг» деген аталыштагы зондду жөнөткөн.
Марстын бетине конуу бюджеттин кыскарышына байланыштуу кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан америкалык космостук агенттиктин жеңиши болуп калды. Марсжүргүнүн Кызыл планетанын үстүнө ийгиликтүү конгону тууралуу кабар АКШнын Учууну башкаруу борборундагы окумуштуулар менен инженерлердин кубанычтуу көз жашы жана дүркүрөгөн кол чабуусу менен кабыл алынды.

«Чечкиндүү» операция
НАСАнын Марс боюнча программасынын башчысы америкалык космостук агенттиктин дүйнөдөгү эң ири - 900 килограммдык салмактагы өзү жүргөн аппаратты учурушун «чечкиндүүлүк» деп атады. Анын айтымында, өзү жүрүүчү мынчалык чоң аппаратты кое берүү кабелдери бар гиганттык учуучу кран аркылуу ишке ашкан.
НАСА видео менен долбоорлонгон аппарат конгон драмалуу учурду көрсөттү жана бүткүл Америка боюнча космос сүйүүчүлөрдү өзү жүргүчтүн Марстын бетине конушун Нью-Йорктун Таймс-Сквер аянтындагы үлкөн экрандан көрүүгө чакырды.
Өзү жүргүчтүн миссиясы Марстын айланасында жайгашкан орбиталдык жандоочтор аркылуу иликтенет. Ошондой эле марсжүргүнүн миссиясын НАСАнын сайтынан көрүүгө болот.
Марстын бетине конуу үндөн 17 эсе жогору болгон ылдамдыкта ишке ашты. Тогуз айга созулган саякатынан кийин космостук кеме кыймылдаткычтардын жана парашюттун жардамы менен «Curiosity» өзү жүргүчүн планетанын бетине түшүргөн.
Марстын бетине бараткан жолдо космосттук аппарат өзүнүн крейсерлик ракеталарын, жылуулук экранын жана тышкы кабыгын таштады - учуучу аппарат өзүнүн конфигурациясын алты жолу өзгөрттү - андан соң марсжүргүнү жөргөмүш желесин жазгандай акырын гана кое берди.
Өзүнүн конуусундагы жыйынтыктоочу баскычта марсжүргү жаңы программа аркылуу автоматтык түрдө Марска конду. Марс менен Жердин ортосундагы сигналдын кармалып калышына байланыштуу (болжол менен Марстагы сигнал Жерге жетиш үчүн 14 мүнөт керек) Жердеги програмисттер тарабынан жазылган жарым миллионго жакын программалык комбинациялардан улам «Curiosity» марсжүргүсү өз алдынча конду.
«Биз көздөгөн максатты ишке ашыра алабызбы? Менимче, ишке ашыра алабыз. Мен буга терең ишенем. Бизде адистердин эң мыкты командасы иштейт. Алар ийгиликке жетиш үчүн колунан келгендин баарын жасашты, бирок тобокелдиктер дагы деле бар», - деп билдирди ишемби күнү Макуистон.

Марстагы бир жыл
Марсжүргү Марста эң аз дегенде бир Марс жылына барабар жүрөт, бул Жердеги эки жылга тете. Ал арада ал Марстын Гейл кратерин изилдейт. Суудан тышкары Марс лабораториясы жашоого зарыл болгон кычкылтек сыяктуу химиялык элементтер бар-жок экенин изилдеп чыкмакчы. Ал ошондой эле бул планета миллион жылдар мурда кандай болгонун изилдеш үчүн планетанын бетиндеги минералдарды дагы изилдөөгө киришет.
Гейл кратеринин диаметри 154 чакырымга жакын. Мындан тышкары кратерде планетадан болжол менен 5 чакырымдай жогору көтөрүлүп турган тоолор дагы бар. Лаборатория тоо породаларынын катмарларын изилдөөгө алат. Марстагы лабораториядан алынган маалыматтан улам окумуштуулар бул планетанын геологиялык өтүмүшү тууралуу виртуалдуу тарыхка ээ болушмакчы.
«Curiosity» марсжүргүсү бир катар жаңы жабдууларды пайдаланат. Ал аппараттын үстү жагында жайгашкан эки камера менен куралданган. Камералар планетанын үч өлчөмдүү жана панорамалуу сүрөтүн тартып, чогултат. Ошондой эле Марстагы лабораториянын бортунда Марс породаларынын элементтеринин химиялык курамын аныктай турган лазер бар.
Эки метрлик роботтоштурулган кол марсжүргүгө айлана-чөйрөнү көбүрөөк көңүл коюп изилдеп чыкканга жардам берет, ал эми өзү жүрүүчүнүн көзөгүчү анын породаларды алышына көмөктөшөт.
Кратердин аймагы орбиталдык космоттук аппараттар аркылуу изилденген болчу. Окумуштуулар «бул жолу Марста качандыр бир кезде суу болгондугу тууралуу далил табылып калат» деп үмүттөнүп жатышат. Кратердин айланасындагы чополуу жана сульфатка бай аймактарда жашоого зарыл болгон органикалык бирикмелер болушу мүмкүн.
Өзүнөн мурдагы аппараттар сыяктуу эле «Curiosity» үлгүлөрдүн курамы тууралуу талдоо жүргүзө турган бир катар аспаптарга ээ. Марстагы лаборатория буга чейинки марсжүргүлөр, анын ичинде «Opportunity» аппараты чогулткан иштерге таянат. Бул аппарат суу издеген жана алгачкы миссиясы бүткөндөн кийин дагы ишин уланткан эки марсжүргүнүн бири болуп эсептелет.
НАСА «агенттик Марска учкучу бар кеме жөнөтө алат жана Жерге коңшулаш жайгашкан планеталарда робот менен аткарылган миссияларды ишке ашырууну улантат» деп үмүттөнөт. Марс НАСАнын космоту узак мөөнөттүү жана терең изилдөө боюнча планынын негизги компоненттеринин бири болуп эсепелет.

«Al Jazeera», 6-август, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: НАСА марсжүргү планета Марс
Другие материалы раздела:
Комментарии
www.avtogid.kg


Публикации Авторов:

17.01.2020
"Intrefax"
На переговорах Мирзиёева в Кремле присоединение Узбекистана к ЕАЭС будет одним из главных вопросов

13.01.2020
A.Groshev, Vesti.uz
Почему И.Каримов пожертвовал своей дочерью

10.01.2020
"Eurasia.expert"
Кыргызстан примет меры по устранению заторов на казахстанской границе

08.01.2020
"Zakon.kz"
Возможна ли Третья мировая война из-за эскалации конфликта на Ближнем востоке

08.01.2020
G.Gracheva, NG
Президент Казахстана ужесточил наказания за общественно опасные преступления, как и обещал перед выборами

30.12.2019
"Ferghana"
Самые громкие события, которые случились с мигрантами в России в 2019 году

25.12.2019
K.Krivosheev, A.Vinokurov, Ъ
Узбекские выборы отошли от традиции

24.12.2019
Y.Roks, V.Panfilova, NG
Ташкенту предстоит усилить парламент

23.12.2019
"Asia +"
Зимний отдых в Центральной Азии: куда ехать кататься на Новый год

20.12.2019
N.Mayorova (Zvezda)
Патрушев: боевики ИГИЛ готовят плацдарм на севере Афганистана для вторжения в Центральную Азию

19.12.2019
"Interfax"
Политики Узбекистана изучают возможность вступления страны в ЕАЭС

19.12.2019
Y.Roks, NG
Кыргызы и таджики Баткена опять сошлись в рукопашной

17.12.2019
"Eurasia.expert"
Советник Токаева прокомментировал заявления о переименовании Алматы

17.12.2019
O.Suharevskaya, Vesti.uz
Средняя Азия: Взрыватели уже тикают

12.12.2019
P.Leonard, EuAs
Узбекистан: выборы оживились, но выбор ограничен

11.12.2019
"Platon.Asia"
Порт Актау присоединится к Региональному форуму по торговле и транспорту

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней