Рамазан Кытайдын компартиясына жакпайт
понедельник, 6 августа 2012 г. 13:11:43
Кытайдын бийлиги Синьцзяндын жашоочуларына мусулмандардын ыйык айы болгон Рамазанда орозо кармоосуна тыюу салды

Кытайдын жетекчилиги мусулман провинциясындагы Коммунисттик партиянын кызматчыларына, жарандык аткаминерлерге жана студенттерге мусулмандар үчүн ыйык ай болуп саналган Рамазанда орозо кармоого тыюу салды.
Түндүк батыштагы Синьцзян провинциясында Кытайдын бийлиги мусулман аткаминерлери менен студенттерге ыйык Рамазан айында орозо кармоого тыюу салды, ал эми айрым укук коргоо топторунун айтымында, бул жаңы зомбулуктун чыгышына себеп болушу мүмкүн.
Өкмөттүн көп сандаган веб-сайттарына жарыяланган жободо Коммунисттик партиянын башчыларын мусулмандарын диний ишмердүүлүгүн чектөөгө, анын ичинде орозо кармоого жана мусулмандар үчүн ыйык болуп саналган айда мечитке баруусун тыюу салууга чакырган.
Синьцзянда мусулман азчылыгын түзгөн 9 миллионго жакын уйгур жашайт, алардын көбү Кытайдын башчыларын диний жана саясий куугунтук үчүн айыптап жатышат.
Улут аралык зомбулуктун кайталанышы бул аймакты улам-улам козгоп турган. Бирок Кытайдын жетекчилиги репрессиялар тууралуу дооматтарды четке кагып, провинцияны башкарууга жардам берген он миңдеген уйгур аткаминерлерине таянууда.
Синьцзяндын Кашгар районунун жашоочуларынын билдирүүсүнө таянсак, «Ыйык Рамазан айында социалдык туруктуулукту кармап туруш үчүн аймактык комитет Кытай жетекчилигинин саясатын элге жарыялады».
Ошондой эле билдирүүдө «Коммунисттик партиянын кадрларына, жарандык аткаминерлерге (анын ичинде пенсионерлерге) жана студенттерге Рамазан айында диний ишмердүүлүккө катышууга тыюу салынды» деп айтылат.
Синьцзян администрациясынын сайтында жайгашкан билдирүү партиялык лидерлерди, жергиликтүү айыл башчыларын Рамазан айында тамактаныш үчүн элге азык-түлүк берүүгө чакырган.
Рамазан айында диний ишмердүүлүктү токтотуу максатында кабыл алынган буга окшогон буйруктар дагы башка жергиликтүү администрациялардын веб-сайттарында жайгашкан. Ошондой эле Венсу округунун билим берүү бюросу мектеп окуучулары менен студенттерди Рамазан айында мечитке барбоого үндөдү.

«Административдик ыкмалар»
Рамазан айында мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин Кудайга жакын болууга аракет кылышат. «Бүткүл дүйнөлүк уйгур конгресси» деп аталган укук коргоо уюму Кытай жетекчилигинин саясаты «уйгурларды Кытай саясатына ого бетер каршы болууга аргасыз кылат» деп билдирди. «Рамазан айында орозо кармоого тыюу салыш үчүн Кытай административдик ыкмаларды колдонууда жана уйгурларды тамак жегенге аргасыз кылып жатат», - деп билдирди топтун басма сөз катчысы Дильшат Рашит.
Акыркы жылдары Синьцзян улут аралык зомбулуктун күбөсү болуп калды. Кытай өкмөтүнүн берген маалыматына таянсак, 2009-жылы июлда Үрүмчү шаарында уйгурлар менен хань-кытайлардын ортосунда кагылыш келип чыккан. Бийлик кандуу калабада эки тараптан 200 адам курман болгонун маалымдайт.

«Al Jazeera», 2-август, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Рамазан Кытай тыюу
Другие материалы раздела:
Комментарии
тойота


Публикации Авторов:

17.01.2020
"Intrefax"
На переговорах Мирзиёева в Кремле присоединение Узбекистана к ЕАЭС будет одним из главных вопросов

13.01.2020
A.Groshev, Vesti.uz
Почему И.Каримов пожертвовал своей дочерью

10.01.2020
"Eurasia.expert"
Кыргызстан примет меры по устранению заторов на казахстанской границе

08.01.2020
"Zakon.kz"
Возможна ли Третья мировая война из-за эскалации конфликта на Ближнем востоке

08.01.2020
G.Gracheva, NG
Президент Казахстана ужесточил наказания за общественно опасные преступления, как и обещал перед выборами

30.12.2019
"Ferghana"
Самые громкие события, которые случились с мигрантами в России в 2019 году

25.12.2019
K.Krivosheev, A.Vinokurov, Ъ
Узбекские выборы отошли от традиции

24.12.2019
Y.Roks, V.Panfilova, NG
Ташкенту предстоит усилить парламент

23.12.2019
"Asia +"
Зимний отдых в Центральной Азии: куда ехать кататься на Новый год

20.12.2019
N.Mayorova (Zvezda)
Патрушев: боевики ИГИЛ готовят плацдарм на севере Афганистана для вторжения в Центральную Азию

19.12.2019
"Interfax"
Политики Узбекистана изучают возможность вступления страны в ЕАЭС

19.12.2019
Y.Roks, NG
Кыргызы и таджики Баткена опять сошлись в рукопашной

17.12.2019
"Eurasia.expert"
Советник Токаева прокомментировал заявления о переименовании Алматы

17.12.2019
O.Suharevskaya, Vesti.uz
Средняя Азия: Взрыватели уже тикают

12.12.2019
P.Leonard, EuAs
Узбекистан: выборы оживились, но выбор ограничен

11.12.2019
"Platon.Asia"
Порт Актау присоединится к Региональному форуму по торговле и транспорту

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней