Медведев менен Путин эч кайда кетпейт
четверг, 2 августа 2012 г. 23:21:01
Медведев экинчи президенттик мөөнөткө барарын айтты, бирок Путин дагы эле абдан популярдуу

Лондондогу Олимпиадага расмий делегацияны жетектеп келген Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев саясатта дагы узакка калгысы келээрин жана президенттик шайлоодо өз талапкерлигин коюуга үмүттөнүп жатканын айтты. «Мен жашмын жана эл кааласа кайрадан президент болуп калууга мүмкүнчүлүгүм бар», - деди Медведев британиялык «Times» басылмасы менен болгон маегинде. «Эгерде эл менден чарчаган болсо коштошом да, мемуар жаза баштайм».
Акыры сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Медведевдин популярдуулугу 59% түзгөн. «Левада» борбору жүргүзгөн эң акыркы коомдук пикир сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, Владимир Путиндин популярдуулук рейтинги өсүп жатат. 20-23-июлда жүргүзүлгөн сурамжылоо Путиндин популярдуулугу 64 пайыздан 67 пайызга чейин жогорулаганын көрсөтөт. Путиндин кадыры бир аз мурда болгон мыйзамдык өзгөртүүлөргө карабай өскөн. «Times» гезити менен болгон маегинде Медведев буга чейин Путин кол койгон, митингдер менен жыйындарды өткөрүүнүн эрежелерин бузган учурдагы айыппулдарды күчөткөн, ошондой эле чет өлкөдөн каржыланып жаткан өкмөттүк эмес уюмдарды чет элдик тыңчылар катары сыпаттаган мыйзамды жактап сүйлөдү.
Президенттик кызматка кайтып келүү тууралуу өз чечиминен кийин 59 жаштагы Путин анын башкаруу учурундагы акыркы 12 жылдагы эң үлкөн нааразылык акцияларына туш келди. Декабрда болгон шайлоону бурмалоо Россиянын шаарларында ири массалык акцияларга жол ачты.
«Бирок өлкөнүн четки областтарында бир аз мурда болгон нааразылык акциялары өз кесепттерин тийгизбейт», - деп жазды 30-июлда Москвадагы «Үчилтик даилогдун» башкы стратеги Крис Уифер инвесторлорго кабар катары. «Өткөн аптанын соңунда эки нааразылык акциясы болуп өттү. 26-июлда кечинде  800дөн 300гө чейинки киши 6-майдагы акцияга катышкан лидерди камакка алууга каршы чыгышты. Ошондой эле ишемби, 28-июлга белгиленген июль акциясы тууралуу сөз болду. Акциянын уюштуруучулары 10 миң адамдын чыгышын күтүшкөн, бирок болгону 50 киши келди», деп жазды Уифер. «Кезектеги ири иш-чара 15-сентябрга белгиленди».
30-июлда Путинге чиркөөдө каршы чыгышкан «Pussy Riot» тобунун үч кызына карата соттук олтурум болду. Кыздар Христос Куткаруучунун чиркөөсүндө уруксат алынбаган сөздөрдү сүйлөшкөнү үчүн жети жылга темир тор артына кетип калышы мүмкүн, алар Кыз Мариядан Путинди кубалап жиберүүнү суранышкан. «Times» булагы менен болгон маегинде Медведев бул үч кыз катаал сыноодон өткөнүн айтып, бирок башка мамлекеттерде аларды андан да катуу жаза күтмөк деп мойнуна алды.
Оюнга келе турган болсок, 27-июлда Лондондогу олимпиадалык стадиондо өзүнүн VIP ордунда салтанаттын ачылышын көргөн Медведев азем «эң бир өзгөчө жана унутулгус» болгонун айтып берди. Бирок ал Сочиде боло турган кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы дагы сонун болорун белгилеп өттү. «Менин көз карашымда салтанат күчтүү жана англиялык салтанат болду», - деп айтты Медведев. «Эми биз мындан кем калбаган, бирок орусча салтанатты уюштурушубуз керек. Мага музыка абдан жакты, мен кайсы гана англис музыкасы болбосун абдан жактарам. Бирок бул англис салтанаты болгондуктан, биз орусча ачылыш аземин уюштурушубуз керек».

«New Europe», 30-июль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Медведев Путин рейтинг мөөнөт
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто в кыргызстане


Публикации Авторов:

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

03.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев вывел элиту Казахстана за рамки госзакупок

31.08.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Узбекский парламент готовится стать местом для дискуссий

29.08.2019
V.Panfilova, NG
Туркменистан примерил сингапурское экономическое чудо

29.08.2019
R.Mamtchiz, "Gundogar"
Иностранный бизнес проникает в Туркменистан

26.08.2019
G.Ibragimova, RIA
США готовятся к схватке за Центральную Азию. Вытеснят ли они Россию и Китай

24.08.2019
V.Panfilova, NG
США проявляют интерес к Казахстану и Узбекистану

23.08.2019
A.Alehova (365info)
Конфигурация политического поля страны меняется — Ашимбаев

23.08.2019
A.Evgrafov (rusevr.asia)
Зачем NED И ЦРУ пытаются дестабилизировать Казахстан?

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней