Согуштук иш-аракеттердин маалында Хорогдо байланыш жок калды
вторник, 31 июля 2012 г. 9:46:53
Тажикстандын чыгышында жашагандар толук бойдон байланышы жок калышты

Бейшемби күнү CNN булагы менен болгон маегинде өкмөттүк аткаминерлер менен гуманитардык уюмдардын кызматкерлери, ошондой эле күбөлөр Тажикстандын чыгышындагы Тоолуу Бадахшан областынын миңдеген жашоочулары үч күндөн бери тышкы дүйнө менен эч кандай байланыш жок калышканын айтышты.
Лола Кассамали аттуу тажик аял Вашингтон штатындагы Сиэтл шаарында жашайт, ал үч күн катары менен Хорогдо жашаган туугандары менен телефон аркылуу байланыша албай койгон. «Мен эмне кылышты билбей калдым», - дейт ал.
Памир деген ат менен көбүрөөк белгилүү болгон автономиялуу округда шейшемби күнү согуштук иш-аракеттер башталып, бардык байланыш каражаттары өчүрүлгөн. Өкмөттүк аскерлер Тажикстандын жогорку даражалуу генералынын өлүмү боюнча айыпталып жаткан мурдагы талаа командирин кармоого аракет кылышты.
Шейшемби күнү Тоолуу Бадахшан автономиялуу областынын борбору болуп эсептелген Хорог шаарынын жашоочулары калаанын үстүнөн анча бийик эмес учкан, бортунда өкмөттүк аскерлер бар тик учактардан улам ойгонушту. Күбөлөрдүн айтымында, тик учактар тажик талаа командири Толиб Айомбеков жайгашкан жерди айланышкан.
Байланыш линиялары: уюлдук телефондордон тартып, Интернет кызматынын баары токтотулду. Жандоочтук телефондору бар гуманитардык жумушчулар райондон эвакуацияланышты.
Тажикстандын өкмөтү Айомбековдун жоочуларын «Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын аймактын бөлүмүнүн башчысы, генерал-майор Абдулло Назаровду өлтүрдү» деп айыптап жатат. Эске салсак, генералдын өлүмү өткөн аптанын соңунда болгон.
Россиянын мамлекеттик РИА «Новости» жаңылыктар кызматы белгисиз адамдардын тобу Назаровдун унаасын Хорог шаарына жакын жерден токтотконун маалымдады. «Алар генаралды унаадан сүйрөп түшүп, бир нече жолу бычак сайышкан. Ал ооруканага бараткан жолдо көз жумган», - деп кабарлайт РИА «Новости».
Тажикстандын өкмөтүнүн басма сөз катчысы генералдын өлүмү «акыркы тамчы» болуп калганын кабарлады. Анын айтымында, талаа командирлери бул Борбор Азия мамлекетинде коомдук тартипти бузушат.
Акыркы жолу элге кайрылган сөзүндө Айомбеков журналисттерге Назаров башында турган Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматы аны коргой албаганын айтты. Ал муну менен эмне маанини билдиргиси келгени бүдөмүк бойдон калды.
Айомбековдун жоочулары шейшемби күнү өкмөттүк күчтөр келип аны издей баштайт деп даяр турушкандай. Афганистан менен чектешкен шаардын жашоочуларынын айтымында, тынымсыз атышуу угулуп жатат. CA-NEWS «Айомбеков полицияга багынып берүүдөн баш тартып, өкмөттүк күчтөрдүн чабуулун провокациялаган» деп кабарлады.
Шейшемби күнү Тажикстандын коопсуздук кызматы согуштук иш-аракеттердин маалында эң аз дегенде 12 аскер жана оппозициянын 30 жоочусу курман болгонун билдирди. CA-NEWS ошондой эле полиция эки шектүү адамды кармаганын жана Айомбековду издөөнү улантып жатканын маалымдады. Айрым баяндамчылардын пикиринде, Айомбеков тамеки, баалуу таштар жана баңгизат аткезчилиги менен иш алып барган топту жетектейт.
Бадахшан администрациясынын аткаминерлери CNN булагына өткөн аптага чейин Айомбеков Назаровдун жетекчилиги алдында иштегенин жана Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы чегарадагы коопсуздукту көзөмөлдөгөнүн билдирди. Расмий өкүл атын айткысы келген жок, себеби ал мындай маселени ММКнын өкүлдөрүнө билдирүүгө акысы жок экен.
Тажикстан 1991-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин эгемендик алган, бирок 1997-жылга чейин созулган жарандык согуштун кучагында калган. Тажикстан мурдагыдай эле коррупциялашкан жана жакыр мамлекет бойдон калып келет.
Дүйшөмбүдөгү Тажикстандын өкмөтү менен Памирдеги улуттук азчылыктардын мүчөсү болуп саналган, Тоолуу Бадахшан областынын «Коммандос» деп аталган талаа командирлеринин ортосунда чыңалган абал сакталып келатат.
Миңдеген адамдардын өмүрүн алган жарандык согуш маалында аймак козголоңчулардын таянычы болуп келген. Согуш элди улуттук жана аймактык белгилер боюнча бөлгөн, бирок памирликтердин негизги бөлүгү тажик оппозициясын колдогон болчу.
БУУнун ортомчулугу менен түзүлгөн Тынчтык келишими Эмомали Рахмонду президенттин кызматында калтырган, бирок өкмөттүн айрым оппоненттери, анын ичинде Айомбеков жаңы өкмөттө расмий жумушчу орун алышкан.
Рахмон Москванын колдоосуна ээ. Ал бардык бийликти өз колуна топтоону каалайт жана талаа командирлери болуп алган мурдагы оппозицияны түп-тамырынан бери жок кылгысы келет.
Хорогдун жашоочулары аларга райондо даярдалып жаткан согуштук иш-чаралар тууралуу эскертилбегенин айтышты. Райондук администрациянын расмий өкүлү Бадахшандын жашоочулары эч кимге кошулгусу келбегенин, жөн гана Памирден тынч чыгып кетүүнү каалап жатышканын айтышты деп билдирди.
Мирзоджалол Шохджамалов аттуу журналист Хорог шаарынын борбордук аянтында жайгашкан жергиликтүү администрациянын алдына шаар тургундары чогулганын кабарлады. Ал ошондой эле тургундар «Хорогдо аскердик иш-чараларды токтоткула!» деген плакаттарды кармап алышканын айтты. Ошондой эле аскердик операцияларга каршы нааразылык акциялары Нью-Йоркто, Москвада жана Кыргызстандын борбору Бишкекте өттү.
Нью-Йоркто Рустам Назришо Тажикстандын өкмөтү байланышты калыбына келтирип, зомбулуктун чордонуна айланган Хорогдун жашоочуларынын аймактан коопсуз чыгып кетишин камсыз кылмайын, БУУнун имаратынын алдына нааразылык акциясына келе берем деп убада берди.

Зарифмо Асламшоева
CNN, 27-июль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Хорог байланыш Тажикстан согуштук аракеттер
Другие материалы раздела:
Комментарии
дизель kg


Публикации Авторов:

13.11.2019
"EADaily"
Узбекистан покинул тройку мировых лидеров по экспорту хурмы

11.11.2019
"RIA Novosti"
Эксперты рассказали о взаимодействии России и Китая в Азии

11.11.2019
"TASS"
Макрон заявил о готовности решать проблемы Центральной Азии со всеми странами региона

11.11.2019
"Haqqin.az"
Резиденция президента Казахстана осталась без света

06.11.2019
"Haqqin.az"
Таджикистан задумал передать Узбекистану территорию с золотом

01.11.2019
"LSM.kz"
Казахстан поставил ультиматум странам ЕАЭС

01.11.2019
V.Panfilova, NG
Пекин осваивает Горный Бадахшан

30.10.2019
J.Lillis, EN
Кто же все-таки лидер нации в Казахстане?

24.10.2019
K.Karabekov, Ъ
Дело экс-президента Кыргызстана рассмотрят конституционно

24.10.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменский газопровод берут под охрану афганские военные

23.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев возвращает свои полномочия

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней