Сирияга «Аль-Каида» кирип жатат
пятница, 27 июля 2012 г. 21:59:07
Сириядагы кандуу чыр-чатактагы «Аль-Каиданын» ролу

Нью-Йорк. Шаршемби күнү эл аралык ММКлар Сириядагы зомбулук күчөп жаткан кезде «Аль-Каида» Сириянын президенти Башар Асадга карата кызыган чатакты өзгөртүүгө аракет кылып жатат деген тынчсыздануу пайда болгонун маалымдашты. Ошондой эле ММКлар «террористтик уюм революцияны өз максатына пайдаланыш үчүн террорчу-жанкечтилерди көмөкчү кылууда» деп кабарлашты.
«New York Times» гезити ««Аль-Каида» жана башка экстремисттер Сириядагы революцияны өз кызыкчылыктарына пайдаланыш үчүн колунан келишинче аракет кылып жатышат» деп белгилейт. Мындан тышкары «New York Times» «америкалык чалгын менен Ирактын расмий тараптарын «Аль-Каида» кооптондуруп жатат» деп жазды.
Гезит «Сириядагы саясий жана аскердик оппозиция Сириядагы чыр-чатакта экстремисттердин ролун четке кагып жатканына карабай, «Аль-Каида» тирешүүнүн мүнөзүн өзгөртүүгө жетишти» деп кабарлайт. Ошондой эле маалымат булагы ««Аль-Каида» Иракта пайдаланылган куралдарды алып чыгып, президент Башар Асадга каршы террорчу-жанкечтилерди улам көбүрөөк колдоно баштады» деп белгилейт. «Сирия «Аль-Каиданын» туусунун алдында чогулган сунниттик  экстремисттердин магнити болуп калды деген ойго улам көбүрөөк далил пайда болууда» деп кошумчалайт гезит.
«New York Times» чечүүчү мааниге ээ болгон Түркия менен чектеш «Баб-аль-Хава» көзөмөл-өткөрүү чегара бекетин мисал катары келтирди. Өткөн аптада бул бекет сириялык козголоңчулардын колуна өтүп, жихатчылардын ордосуна айланды.
Согушту изилдөө институту берген маалыматка таянсак, өткөн жылдын декабрынан тартып Сирияда эң аз дегенде 35 жолу унааларды жардырышкан жана 10 жолу террорчу-жанкечтилер жардыруу уюштурушкан. Алардын төртөөнө «Аль-Каида» менен түздөн-түз байланышы бар «Аль-Нусра фронту» жоопкерчилик алган.
«New York Times» азыркы учурда Интернетке жарыяланган видеодо өздөрүн «Эркин Сирия армиясынанбыз» деген, беттерине бет кап тагынган кишилер Калашников автоматтарын булгалап турушканын маалымдайт.Ошондой эле гезит «арткы фондо «Аль-Каиданын» желегин желбиретип турган кишилер көрүнүп турат» деп жазат. Видеодогу үн: «Азыркы учурда биз Кудайдын атынан жихат башташ үчүн жанкечтилердин түйүнүн түзүү менен иш алып барып жатабыз» деп айтты.
Акыркы кезде Иракта байкалып жактан сектанттык тирешүү курчугандыктан Сирияда жихатчылардын көбөйгөнү байкалууда.
Өзүнүн аудио кайрылуусунда «Аль-Каида» ачык эле Ирактын козголоңчулук активдүүлүгүн Сириядагы революция менен байланыштырууну сунуш кылды. «New York Times» террористтик уюм өзүнүн аудио жазуусунда сунниттер менен шииттердин ортосундагы конфессия аралык чыр-чатакты баса көрсөтүүгө аракет кылганын кошумчалады.
Ирак бийлиги Сирияда аракеттенип жаткан экстремисттер көп учурда алардын өлкөсүнө кол салган жоочулар экенинин айтып кабатырланууда. «Биз Сириянын бийлиги менен 100 пайыз биргелешип аракет кылабыз деп болжоп жатабыз. Биз издеп жаткан тараптарды Сириянын жетекчилиги да издеп жатканына ишенебиз», - деп айтты Ирактын өкмөт башчысынын жардамчысы Иззат аль-Шахбандар. «Иракта иш алып барып жаткан «Аль-Каиданын» канаты менен Сирияда иштеп жаткан «Аль-Каиданын» канаты окшош», - деп кошумчалады ал.
«New York Times»тагы макалада «Аль-Каиданын» жоочусунун сөзү цитата келтирилген, анда ал «террористтик топ америкалыктар менен болгон согушта, андан кийин Сириядагы революцияда ого бетер көп тажрыйба топтогонун» айтат. «Биз баарынан мурда бүт мусулмандар үчүн сириялык-ирактык ислам мамлекетин түзүүнү каалайбыз, андан соң Иран менен Израилге согуш жарыялап, Палестинаны бошотобуз», - деп кошумчалайт ал.
Террористтик топтун планын Сирияда иштеп жаткан «Аль-Каиданын» филиалдары, тактап айтканда Левантанын «Аль-Нусра» боштондук фронту, «Абдулла Аззамдын бригадасы» жана «Аль-Бара ибн Малик» шахиттер бригадасы колдоп жатат.
Буга чейин АКШнын Конгрессинде болгон уктурууда АКШнын Мамлекеттик чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Джеймс Клаппер: «Дамаскиде жайгашкан Сириянын коопсуздук жана чалгындоо кызматынын имаратында болгон жарылуу «Аль-Каиданын» жоочуларынын кылыгына абдан окшош», - деп айтты. Чалгындоо коомчулугунун башка өкүлдөрү да «Сирияда «Аль-Каиданын» ирактык филиалы иштеп жатат», - деп билдиришти.
Терроризм менен күрөш боюнча эксперт Даниэл Бимандын айтымында, «Аль-Каида» өз аракеттерин Сирияда күчөткүсү келип жатканы айдан ачык. Уюм Сомали, Мали, Чеченстан менен Йеменде жасагандай багытты карманууда жана чыр-чатактарды өз кызыкчылыгына пайдаланууга жан үрөөдө.
««Аль-Каида» Сириядагы чатакты өз кызыкчылыгына пайдалангысы келип жатканы айдан ачык жана анын жоочулары буга окшогон иштерде чын эле жакшы иштешет. Алар өз кызыкчылыктарына локалдуу чыр-чатактарды пайдаланганды жана аны дүйнөлүк тирешүүгө айлантып жибергенди билишет. «Аль-Каида» негизинен чет элдик жоочуларга эмес, жергиликтүү жоочуларга таянат», - деп кошумчалады ал.
Согушту изилдөө боюнча институттун талдоочусу Джозеф Холлидей: ««Аль-Каида» менен түз байланышкан террористтик ячейкалардын пайда болушу жана алардын Башар Асаддын режимине каршы иштеп жатышы Кошмо Штаттарга түздөн-түз коркунуч алып келиши мүмкүн. Ошондой эле террористтик ячейкалар куралдуу оппозицияны колдоого чакырып жаткан уюмдар менен атаандаша баштады», - дейт. «Азыркы учурда Ирак менен Сириянын жакындашуусуна көңүл буруш керек. Себеби Сириянын өкмөтү чет-жакада өз күчүн жоготуп жаткан маалда Ниневия менен Иракта чечкиндүү сунниттик оппозиция пайда болушу мүмкүн», - деп сөзүн толуктады ал.
Бирок Сирия оппозициясынын көтөрүлүштөгү «Аль-Каиданын» ролу тууралуу бир пикирде эмес. «Биз «Аль-Каида» Сирияда иштеп жатат деп угуп калып атабыз, бирок анын жоочулары чын эле биздин өлкөдө жүрүшкөнү тууралуу далилдер жок», - деп айтты Сирия улуттук конгрессинин аткаруучу бюросунун мүчөсү Самир Начар. «Бийлик ««Аль-Каида» биздин өлкөгө келди» деп жарыялап жатат. Ирак өкмөтү дагы ««Аль-Каида» Ирактан Сирияга келип жайгашып жатат» деп билдирүүдө, бирок согуш майданында чет элдик жоочулар жүргөндүгү тууралуу эч кандай маалымат жок», - дейт ал.
Эркин Сирия армиясынын командири Саид ага «Аль-Каиданын» жоочулары тууралуу айың кептер жеткенин, бирок өзү аларды эч качан көрбөгөнүн айтты. «Эгерде «Аль-Каида» бизди Асаддан куткарууга жардам бериш үчүн Сирияга келе турган болсо, анын эмнеси бар экен? Бирок мен жеке өзүм «Аль-Каиданын» бир дагы жоочусун көргөн жокмун», - деп айтты Саид.

PTI, 25-июль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Аль-Каида Сирия
Другие материалы раздела:
Комментарии
kg авто продажа


Публикации Авторов:

02.04.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстан возвращается к президентскому правлению

01.04.2020
"Nezavisimaya gazeta"
COVID-19 пока не добрался до Таджикистана и Туркменистана

28.03.2020
"Oreanda.ru"
В Казахстан из России пытались вывезти 11 тонн антисептика

26.03.2020
V.Panfilova, NG
Страны ЦА спасают свои экономики

25.03.2020
"Kazinform"
Заболевший коронавирусом в Жамбылской области недавно прибыл из Кыргызстана

24.03.2020
V.Panfilova, NG
Пандемия Атамбаеву не помогла выйти на свободу

23.03.2020
"EADaily"
Несмотря на карантин, вирус расползается по всему Казахстану

19.03.2020
L.Kopjasarova,"Cabar"
Казахстан намерен реформировать госполитику в сфере межнациональных отношений

19.03.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Евразийский союз шатает от коронавируса

17.03.2020
V.Panfilova, NG
МИД Таджикистана сделал выговор Госдепу США

12.03.2020
V.Panfilova, NG
Назарбаев поделился с Путиным опытом политического долголетия

11.03.2020
"Ukraina.ru"
Псевдорелигиозные джамааты в Кыргызстана укрепляются на фоне коррумпированности муфтиев – Грозин

11.03.2020
"Vedomosti.ru"
BBC: семья Назарбаева оспаривает арест своей недвижимости в Лондоне

10.03.2020
"Afghanistan.ru"
Перспектива параллельных инаугураций в Афганистане вызвала скептическую реакцию талибов

09.03.2020
Z.Karajanov (R E-A)
Казахстан свяжет себя с соседями соглашениями по общим рекам

09.03.2020
"Eurasianet.org"
Узбекистан отказывается от госзаказа на хлопок

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней