Тажикстанда аскерлер менен жоочулардын ортосунда болгон атышууда 200 киши курман болду
четверг, 26 июля 2012 г. 14:19:12
Тоолуу Бадахшанда болгон куралдуу кагылышта көп киши курман болду

Мамлекеттик телевидение маалымдагандай, тажиктердин алыскы Тоолуу Бадахшан аймагында болгон куралдуу кагылышта 42 киши, анын ичинде 12 жоокер жана 30 козголоңчу мерт болду. Бирок айрым такталбаган маалыматтарга таянсак, курман болгондордун саны алда канча көп.
Кагылышуу жергиликтүү оппозициянын башчысы Толиб Айомбековго каршы аскердик иш-чараларга алып келди. Провинциянын борбору болгон Хорог шаарынын тургундары ВВСнин кабарчысына шаар согуштук аймакты эске салаарын айтышты.
Тоолуу Бадахшан менен байланыш үзүлдү. Эл көчөдө атышуу болуп, ок өтпөс унаалар жүргөндүктөн үйдөн чыкпай камалып олтурат. Ондогон адам жаракат алды. Дүйшөмбү шаарынын бейтапкана кызматкери дарылоого бир нече жарадарлар келип түшкөнүн кабарчыларга айтып, шейшемби күнү 200дөн ашык адам курман болгонун кошумчалады. «Набыт болгондордун арасында 100дөн ашык аскер жана 100дөн ашык жарандар бар», - деп айтты ал.
Мамлекеттик телевидение полиция  куралдуу 40 кишини кармаганын, алардын арасында сегиз афганистандык жаран бар экенин маалымдады. Ошондой эле телевидениеден Хорог шаарында болгон аскердик операциянын маалында 23 аскер жарадар болгону, ал эми карапайым калктын арасында курмандыктар жок экени айтылды.
Коопсуздук аскерлери күч колдонуу тууралуу чечим оппозициячы Айомбеков колго түшүп берүүдөн баш тарткандан кийин кабыл алынганын билдирип жатышат. Ал 1990-жылдары Тажикстанда болгон жарандык согуш маалында өкмөткө каршы чыккан оппозициянын мүчөсү болуп саналат.

Уланып жаткан туруксуздук
Аталган операция тажик өкмөтүнүн таасири аз болгон област катары эсептелген Тоолуу Бадахшанды өз көзөмөлүнө толук алуу боюнча кезектеги далалаты болуп эсептелет.
Айомбековду колдогон жоочуларга Памирден кол салуу жарандык согуштун аяктаганына 15 жыл болгонуна карабай, мурдагы советтик республикада туруксуздук уланып жатканына далил болот.
Хорог шаарынын жашоочулары «тик учактар учуп жаткан маалда үйдөн чыкпагыла» деп буйрук берилгенин «Рейтер» маалымат агенттигине айтып беришти. Ошондой эле алар атышуунун үнү угулуп жатканын билдиришти.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан билдирүүдө атышууга катышкан афгандыктар «Талибан», «Аль-Каида» же болбосо Өзбекстан ислам кыймылы менен байланышы бар-жогу иликтөөгө алынып жатканы айтылат.
Буга окшогон ырастамаларга ишениш кыйын болсо да, биздин кабарчы «бул област мурдагы козголоңчулардын базасы бойдон калууда» деп белгилейт. Тажикстандагы жарандык согуш бул өлкө 1991-жылы Советтер Союзунан боштондук алаары менен башталган. Тажикстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичиндеги эң жакыр өлкө болуп саналат.

Талдоо
Дүйшөмбүнүн борбордук өкмөтү менен Памир деген ат менен белгилүү болгон Тоолуу Бадахшан аймагынын ортосундагы мамиле башынна эле татаал болчу. Бул алыскы жана жакыр аймак Тажикстанда 1992-1997-жылдары болгон беш жылдык жарандык согушта дайыма ислам оппозициясын колдоп келген.
Аймак афгандардын Бадахшан провинциясы менен чектешет, ал эми баңгизаттын аткезчилиги бул жерде негизги маселе болуп саналаарын бошоң чегаралар көрсөтүп турат. Тажик аткаминерлеринин айтымында, оппозициянын мурдагы командирлери баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу иштерине аралашкан.
Бирок баңгизаттардын аткезчилиги Памирдеги жалгыз маселе эмес. Ал бүт өлкөдө кеңири жайылган, ал эми айрым эксперттер «жогорку даражалуу чиновниктердин колдоосу болмоюнча бул ишке эч ким аралаша албайт» деп болжошот. Бирок Толиб Айомбеков менен байланышкан жагдай баңгизат сатууга тиешеси жок. Кептин баары өкмөт кыйынчылык жараткан аймакта кайрадан көзөмөл орноткусу келип жатканында.
Калктын басымдуу бөлүгү Россияда эмгектенет, себеби өз мекенинде жумуш табышы абдан кыйын.

BBC, 24-июль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Тажикстан жоочулар Айомбеков
Другие материалы раздела:
Комментарии
машины в кыргызстане


Публикации Авторов:

27.05.2020
"Nur.kz"
Букмекерские конторы перенесут в игорные зоны в Казахстане

27.05.2020
"Ferghana"
Осужденная на десять лет сестра кыргызского депутата получила убежище в Польше

27.05.2020
"Reuters"
Вопрос остановки Тенгиза из-за коронавируса не стоит -- министр энергетики Казахстана

27.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
В Казахстане могут появиться новые партии

23.05.2020
"Ritmeurasia"
В Минздраве Таджикистана сообщили, сколько человек вылечились от COVID-19

21.05.2020
V.Panfilova, NG
В Бишкеке может произойти олигархическая революция

19.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Таджикистан поставил региональный рекорд по смертности от COVID-19

18.05.2020
"Tengrinews", KZ
"Про сезон можно забыть". Отдохнут ли летом казахстанцы на Иссык-Куле?

15.05.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстан могут поделить на зоны полевые командиры

12.05.2020
"Tengrinews", KZ
"Обещают повесить": консул Кыргызстана попросил защиты у МВД России - СМИ

12.05.2020
"Ъ"
Кыргызстан попросил Россию снизить цены на газ

12.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Ташкент, несмотря на риски, выбрал ЕАЭС

08.05.2020
P.Leonard, EuAs
Токаев откусил кусок бутерброда Назарбаевых

04.05.2020
"Kursiv"
Какая из столиц Центральной Азии самая неудобная для пешеходов

03.05.2020
V.Panfilova, NG
Президент Казахстана лишил дочь Назарбаева поста спикера

02.05.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Казахстан ищет выход из конституционного кризиса

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней