Сирия менен Россиянын ортосундагы көрүнбөгөн байланыш
пятница, 13 июля 2012 г. 10:40:47
«Россия үчүн Сирия жөн эле өлкө эмес»

Сириядагы чыр-чатактан улам Россия менен Батыштын ортосундагы мамилелер татаалдашып кетти. Ошого карабай эксперттер «Сириянын келечеги тууралуу маселе Россия менен Батыштын ортосундагы тирешүүнүн негизи болуп эсептелбейт» деген пикир боюнча эки башка ойдо болуп жатышат.
Бул өзүнчө эле бир өнөкөт болуп калды. Эгерде Россиянын өкмөтү Сириянын президенти Башар Асадды сындай баштаса, Батыштын ММКлары менен саясатчылары Россиянын Сирияга карата мамилесинин багыты өзгөргөнүн дароо белгилей салышат.
Москва өз кезегинде Батыштын саясатчыларына «шашылыш жыйынтык чыгарууга али эрте» деп эскертүүдө жана «Россиянын позициясы өзгөргөн жок» деп айтууда. Акыркы айларда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Россия Сирия боюнча өз позициясын өзгөртпөйт» деп бир нече ирет билдирүүгө аргасыз болду.
Шаршемби күнү Лавров менен Сирия оппозициясынын өкүлдөрү жолугушкан учурда бүткүл дүйнөлүк коомчулук «Сириядагы жарандык согуштун аягына чекит коюлат» деп үмүттөнгөн. Бирок Россия өзүнүн позициясын өзгөртөбү, БУУнун Коопсуздук Кеңеши сунуш кылган катаал резолюцияга макул болобу?

«Россия үчүн Сирия жөн эле өлкө эмес»
Россиянын Сирия боюнча тоң моюн позициясын «Сириядан колуңду тарт!» деп мүнөздөсө болот. Германиянын Москвадагы мурдагы элчиси жана Немис-орус форумунун төрагасы Эрнст-Йорг фон Штудниц «Москва өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы шеригинин тагдыры тыштан чечилгенин каалбайт» деп эсептейт. Ал «Deutsche Welle» басылмасы менен болгон маегинде «Сирия боюнча жагдай Москва менен Батыштын ортосунда 1999-жылы Югославиядагы НАТОнун согушундагы жагдайга окшош» деп айтты. Эми Россия Сириянын келечегине таасир эте турган жалгыз жагадй болууга Батышка мүмкүндүк бергиси келбей жатат. Штудництин пикиринде, бул Москванын башкы максаты болуп эсептелет.
Германиянын эл аралык саясат жана коопсуздук институтунун өкүлү Маргарет Кляйн Сириядагы чыр-чатак боюнча Штудництин пикирине макул. «Мен Россиянын негизги максаты - Сириядагы экономикалык жана аскердик кызыкчылыктарын сактоо деп эсептебейм», - дейт ал. Анын көз карашында, Россия алда канча маанилүү жыйынтыктар жөнүндө көбүрөөк ойлонуп жатат. «Бул жерде Россия өз позициясына тургусу келген эл аралык тартип принциптери жөнүндө кеп болуп жатат. Себеби Россия бир нече жолу мамлекеттин ички ишине тыштан аскердик кийлигишүүгө каршы экенин билдирбедиби», - дейт ал.
«Сөз Сирия тууралуу болуп жаткан жок», - дейт Москвадагы «Россия глобалдык саясатта» журналынын башкы редактору Федор Лукьянов. Ал «Кремлдин саясатынын негизинде биринчи кезекте Батыш өлкөлөрүнүн Россияга карата позициясы жана анын дүйнөлүк саясаттагы таасири жөнүндөгү пикир турат» деп эсептейт.

Жаңы «кансыз согуш» жок
Кляйндын айтымында, эксперттер «Сириядагы чыр-чатак Россия менен Батыштын ортосундагы мамиленин начарлашына алып келди» деген пикир боюнча ар башкача ойдо болуп жатышат. «Мен Сирия Россия менен Батыштын ортосундагы мамилелердин келечегин аныктоодо башкы жагдай деп ойлобойм», - деп кошумчалады ал.
Лукьянов «азыркы тирешүүлөрдү «кансыз согуштун» заманы менен салыштыруунун эч кандай мааниси жок» дейт. Штудниц Лукьяновдун «буга окшогон жагдайдын кайтып келишине мүмкүндүк берүүгө болбойт» деген пикирине кошулат. Штудниц «муну «Сириядагы чыр-чатактан улам келип чыккан кыйынчылыктар» деп айтуу жеңилирээк болмок» деп эсептейт. Россия, Кытай жана Батыш жарандык согуштун токтошу зарыл экенине бир ооздон макул. «Бирок ошого жетишүүнүн жолдору боюнча пикирлерде айырма бар», - дейт Штудниц.

Чечим табууга мүмкүндүк бар
Үч эксперттин тең «болжолдонуп жаткандай Россия келечекте Сирия боюнча өз позициясын өзгөртпөйт» деген пикирлери бир жерден чыгууда. Эксперттер «бул Россиянын Сирия боюнча позициясы өзгөрүшү мүмкүн эмес деген кеп эмес» деп кошумчалашты. Штудниц менен Лукьянов «Сириянын президенти Асаддын тагдыры - чатакты чечүүдөгү негизги маанилүү пункттардын бири» деп эсептешет. Штудниц: «Эгерде Асаддын жана анын үй-бүлөсүнүн байлыгы менен коопсуздугуна кепилдик берилсе, Россия өз позициясын өзгөртүшү мүмкүн. Чындыгында эле Россия Сириядагы чыр-чатакты чечүүдө маанилүү роль ойнойт», дейт.
Лукьянов «эртеби, кечпи Асад өз кызматынан кетет» деп санайт. Ал Сириянын президенти баш паанек алышы мүмкүн экенин да белгиледи. Эгер Асад баш паанек берген жакка кете турган болсо, бул бардык тараптар үчүн оптималдуу чечим болуп калмакчы. Бирок бир аз мурда Германиянын  тышкы иштер министри Гидо Вестервелле менен жолугушкан учурда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Асадга баш паанек берүү тууралуу вариантты «бул жөн эле тамаша» деп четке какты.

«Deutsche Welle», 11-июль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Сирия Россия байланыш
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто из киргизии


Публикации Авторов:

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

03.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев вывел элиту Казахстана за рамки госзакупок

31.08.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Узбекский парламент готовится стать местом для дискуссий

29.08.2019
V.Panfilova, NG
Туркменистан примерил сингапурское экономическое чудо

29.08.2019
R.Mamtchiz, "Gundogar"
Иностранный бизнес проникает в Туркменистан

26.08.2019
G.Ibragimova, RIA
США готовятся к схватке за Центральную Азию. Вытеснят ли они Россию и Китай

24.08.2019
V.Panfilova, NG
США проявляют интерес к Казахстану и Узбекистану

23.08.2019
A.Alehova (365info)
Конфигурация политического поля страны меняется — Ашимбаев

23.08.2019
A.Evgrafov (rusevr.asia)
Зачем NED И ЦРУ пытаются дестабилизировать Казахстан?

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней