Россиядагы суу ташкыны трагедияга алып келди
среда, 11 июля 2012 г. 15:27:47
Россия суу ташкынынын курмандыктарына аза күтүүдө

Россиянын өкмөтү өлкөнүн түштүгүндө болуп, эң аз дегенде 171 адамдын өмүрүн кыйган суу ташкыны тууралуу «элге алдын-ала эскерткен жоксуңар» деп жергиликтүү аткаминерлерди айыптап чыкты.
Жума күнү кечинде болгон суу ташкыны Карадеңиздин Крымск шаарынын жашоочуларын жаман акыбалга кептеди, 5 миңдей үйдү суу каптап, 30 миңден ашуун адам газы жана электр жарыгы жок калды. Жыйырмадай киши мурдагыдай эле дайынсыз жоголду деп изделүүдө. Ошондой эле шаарга жакын жайгашкан Геленджик менен Новороссийск курорттору жапа чеккен.
Май айында Владимир Путин президенттик кызматка келгенден бери суу ташкыны биринчи чоң кырсык жана анын өкмөтүнүн дараметин текшерүүчү сыноо болуп калды. Азыркы учурда Россиянын баардык интернет мейкиндиктери бийликти сынга алып гана тим болгон жок. Блоггерлер өлкөнүн бийлигин «келе жаткан коркунуч тууралуу алдын-ала эскерткен жок» деп айыптап жатышат.
Кечээ Россияда улуттук аза күтүү күнү жарыяланды. Россиянын өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков элге айтуу үчүн системалар колдо болгонуна карабай, «бийлик жабыр тарткан райондун бардык калкына келе жаткан коркунуч тууралуу өз убагында эскертүү бере албаганын» мойнуна алды.
Эки жергиликтүү чиновникти - Крым аймагынын башчысын жана анын орун басарын кызматтан кетиришти. Ошондой эле аларга карата кылмыш иши козголду. «Акыйкат Россия» партиясы Думада жергиликтүү бийликтин реакциясын талкуулоого чакырды. «Бардык далилдер аймактын жетекчилиги суу ташкыны башталганга чейин үч саат мурда бул коркунуч тууралуу эскертүү алганын көрсөтүп турат. Крымскинин көптөгөн жашоочулары алар эч кандай эскертүү угушпаганын мага айтышты», - деди жабыр тарткан Краснодарский крайынын губернатору Александр Ткачев.
Суунун агымы тартылгандан кийин аба ырайын божомолдоого жооп берчү мамлекеттик кызмат кырсыктын келип чыгуу себептерин жарыялады. Кызматтын өкүлдөрүнүн айтымында, суу ташкынына жаан-чачындын орточо айлык нормасынан беш эсе көп, абдан катуу жааган жамгыр себеп болгон.
Мамлекеттик каналдар бийликтин жардам бергени жана талап-тоноочу ууруларды кармап жаткан полиция тууралуу кабарлап жатканда, эркин ММКлар «бийликтегилер маалыматты алдын-ала айтышкан жок жана жардам өтө эле жай берилип жатат» деген жергиликтүү жашоочулардын арыз-арманы жөнүндө маалымдоодо.
Көптөгөн жергиликтүү жашоочулар «Новороссийск шаарын куткарыш үчүн бийлик коңшу жайгашкан дамбанын шлюздарын ачты» деп эсептешет. Шаардын айрым тургундарынын айтымында, аталган калаада президент Путиндин менчиги бар.
«Ташкын «Неберджаевское» суу сактагычы тараптан келгени анык,  ал жакта мамлекет башчысынын ээлиги бар. Кокустукпу? Балким, бирок буга ишениш кыйын», - дейт өзүнүн үйүнүн чатырына чыгып ташкындан аман калган Александр Ветров.
«Албетте шлюздарды ачууну чечишкен. Бирок алар Крымскини суу алдында калтырышканы менен Новороссийскини сактап кала алышкан жок», деп жазды Юлия Андропова аттуу блоггер. «Эмне үчүн алар элге алдын-ала эскертиш үчүн полицияны жиберишкен жок? Эмне үчүн алар элди ойготуш үчүн сиреналарды иштетишкен жок? Эми шаарда же тамак-аш, же электр жарыгы жок, ал эми шаарга эч кимди киргизбей жатышат. Азыр Крымск деген шаар жок. Чынында анын ордунда урандылар эле калды», деп кошумчалады блоггер.
Андропова ошондой эле суу сактагычта иштеген анын атасы шлюздар ачык экенин айтканын жазды. Анын россиялык «В контакте.ру» сайтындагы профилин алып салуу россиялык блоготармактагы нааразылык акциясына алып келди, ал эми анын текшерүүгө мүмкүн болбогон кеби бүтүндөй Интернет мейкиндикгине таратылды. «Бул трагедия табийгый себептерден улам келип чыкканы көрүнүп турат. Суу сактагычтардын шлюздарын ачуу сыяктуу калган версиянын баары ойдон чыгарылган сөз», - дейт Ткачев.
Айрым көз карандысыз блогчулар «суу сактагычтагы шлюздардын ачылышы суу ташкынынын негизги себеби болгон эмес» дегенге макул болууда. Бирок шектенүү жана кыжырлануу россиялыктар өлкө бийлигине ишенбей калганын баса көрсөтүп турат, анткени акыркы жылдарда буга окшогон далай окуялар болгон, мисалы кеме чөккөн, учак кыйраган жана көмүр шахтасында жарылуу болгон.
Ошондой эле кечээ россиядагылар ишемби күнү Украинада автобуста келе жатып аварияга учурап апаат болгон 14 зыяратчыга дагы аза күтүштү.

Дженнифер Ранкин
«Irish Times», 10-июль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Дженнифер Ранкин Россия суу ташкыны
Другие материалы раздела:
Комментарии
авто из киргизии в казахстан


Публикации Авторов:

24.02.2020
"Zakon.kz"
Казахстан пожалуется на Кыргызстан в ВТО

24.02.2020
"Eurasianet.org"
Туркменистан: маскируя реальность - обзор событий

24.02.2020
A.Yuldashev (A+)
Бишкек и Душанбе договорились обменяться 23 гектарами земли

23.02.2020
“Review.uz”
Узбекистан разместит у себя серверы Google, Facebook и Yandex

21.02.2020
"UzReport.uz"
Сингапурская компания предложила Ташкенту сотрудничество по переработке отходов

21.02.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызы вытолкали из страны китайского инвестора

19.02.2020
V.Panfilova, NG
Таджики объявили своей Баткенскую область

17.02.2020
"Zakon.kz"
В Узбекистане признали, что мирных жителей в Андижане расстреляли правительственные войска

17.02.2020
"Asia plus"
Жители села Сомониён: «Если отдадим наше село, Чоркух высохнет»

13.02.2020
G.Ivanova (Iz)
Свято место: почему США возвращаются в Центральную Азию

13.02.2020
"Eurasia.expert"
ЕАБР профинансирует масштабный инфраструктурный проект в Казахстане

12.02.2020
V.Panfilova, NG
Туркменистан укрепляет границу с Афганистаном

11.02.2020
"Nezavisimaya gazeta"
К-Т. Токаев уволил силовиков

10.02.2020
V.Panfilova, NG
Погромы в Казахстане покрывали госорганы

06.02.2020
V.Panfilova, NG
Душанбе не спешит в Евразийский союз

06.02.2020
"RIA Novosti"
В Москве умер сын экс-президента Кыргызстана, сообщили СМИ

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней