Нью-Йоркто курал сатуу жана куралдануу тууралуу келишим долбоору талкууланат
среда, 4 июля 2012 г. 22:06:06
Курал-жаракты мыйзамсыз сатууну жөнгө салууга дүйнөлүк коомчулуктун күчү жетпейт

Алгач көргөндө булар кадимки эле октой көрүнөт. 54 мм калибрдеги латун огу бир эле максатта - адамды өлтүрүш үчүн жасалган. Бирок ар бир октун өзүнүн тарыхы бар. Октун гильзасындагы жазуу ал кайсы жерде жасалгандыгын маалымдайт. 2010-жылдан тартып Иран октору Борбордук жана Батыш Африкада көбөйүп кеткен. Айрым окторду көмүскө базардан сатып алса болот. Көмүскө базардын сатуучулары Иран окторун акча керек болгон аскерлерден сатып алышат. Башка октор аткезчилик жол менен дүйнөнүн үчүнчү мамлекеттерине мыйзамсыз ташылат. Эл аралык укук коргоо уюмдарынын ырастаганы боюнча, бул өлкөлөрдө аскерлер көп жана белгилүү болгондой ал мамлекеттердин көбү адам укуктарын одоно бузган өлкөлөрдүн тизмесине кирет.
Белгилүү болгондой, Иран өндүрүшүнөн чыккан октор Кот-д'Ивуардагы козголоңчулардын жана алар менен кармашып жаткан өкмөттүк күчтөрдүн колуна тийген. Баяндамачылар Кот-д'Ивуарга жаңы куралдарды импорттоого тыюу салынганын ырасташууда. Ошондой эле 2009-жылы 157 демонстрантты өлтүргөн учурда Гвинеянын стадионунда Иранда даярдалган октун миңдеген гильзалары табылган.
Иш жүзүндө мунайдан тартып бананга чейинки негизги товарларды сатуу эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. Ошого карабай, «болжол менен айлануусу 2010-жылы 411 миллиард АКШ долларын түздү» деп эсептелген курал сатууга тыюу салган эч кандай эл аралык конвенция же келишим жок.
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин курал сатууга айрым эрежелерди киргизүү аракеттери болгон. Бирок акыр аягында мамлекет курал-жарак менен ок-дарыны кимге сатаарын өзү чечкенге укуктуу боюнча калган. Ал тургай курал жеткирүүгө тыюу салынганына карабай, соодагерлер кычык табышып, зарыл болгондордун баарын аткезчилик жол менен көмүскө базарларга алып келет. Жогорудагы сөздөрдүн ачык мисалы катары россиялык курал сатуучу Виктор Бутту айтсак болот. Дүйнөнүн 52 мамлекети гана курал сатууну жөнгө салып турган мыйзамдарга баш ийет. Жогоруда аталган өлкөлөрдүн жарымынан азында гана курал сатууга байланышкан мыйзамсыз ишмердүүлүк үчүн кылмыш жообуна тартуу же болбосо акчалай айыппулдарды салуу каралган.
Бирок мындай абал өзгөрүшү мүмкүн. Бүгүн бүт төгөрөктүн төрт бурчунан келген делегаттар Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасына жыйналат жана бир ай бою курал сатуу жана куралдануу жөнүндө келишимди талкууга алышмакчы. Он жылдан ашык убактан бери укук коргоо уюмдары дүйнөлүк коомчулукту курал сатууну жөнгө сала турган мыйзамдарды кабыл алууга үндөп келген. Ошондой эле бүткүл дүйнөдөн келген делегаттардын БУУнун штаб-квартирасында жолугушуусу өлтүргөн сайын өөрчүгөн өнөр жайды көзөмөлгө алуунун эң жакшы мүмкүндүгү болуп калмакчы. Улуу Британия, Мексика, Франция жана Германия сыяктуу өлкөлөр иш жүзүндө курал сатуунун бардык тараптарын камтый турган «чычкан мурду жөргөлөгүс» келишимди кабыл алууну талап кылышууда. Үгүттөөчү топтор «дүйнөлүк коомчулук карапайым калкка каршы колдонула турган куралдын кандай гана түрүн болбосун сатууга тыюу салган мыйзам кабыл алат» деп үмүттөнгөнүн билдиришти.
Буга окшогон келишимдин каршылаштары бар экени да таңкалыштуу эмес. Россия, Кытай, Иран, Куба жана Пакистан сыяктуу өлкөлөр мыйзамда адам укуктарын сактоону колдоого багытталган пунктту, ошондой эле амунициялар менен ок-дарыны сатууга тыюу сала турган кошумча пункттарды кабыл алууга каршы чыгып жатышат.
«Огу жок куралдын пайдасы да жок. Ок гана куралды өлүм алып келүүчү жабдууга айлантат. Ок-дары сатуу келишимге киргизилгени маанилүү», - дейт курал-жарактарды көзөмөлдөөчү «Oxfam» аттуу компаниянын башчысы Анна Макдональд.
Дүйнөлүк курал сатуудан улам келип чыккан чыгымды жана канча адам өлтүрүлгөнүн аныктоо таптакыр мүмкүн эмес. БУУнун берген баасына таянсак, жыл сайын куралдуу чатактарда 300 миңге чейин адам өлөт, жана алардын 90 пайызын окко учкандар түзөт. Нью-Йорктогу жолугушууга катыша турган делегаттар Сириядагы чыр-чатакты дагы көңүлгө алышмакчы.
«БУУдагы делегаттардын жолугушуусунда Сирия негизги тема жана мисал болмокчу. Кандай болгон күндө да биз Асаддын режимине окшогон режимдер өз элин кырып жаткан учурда курал алууга жана куралданууга жеткирбей турган келишимге кол коюшубуз абзел», - дейт Батыштын бир дипломаты.
Көп жагынан алганда Сирия эл аралык курал сатууну сындоонун белгиси катары саналууда. Асаддын режими көптөн бери эле адам укуктарын бузуп келе жатат. Ошого карабай, Асад Россиядан, Кытайдан жана Ирандан курал импорттоо аркылуу Жакынкы Чыгыштагы эң кубаттуу армияны түзө алган. Асаддын режими курал запастарын толтуруп, өз элине каршы курал колдонуп жаткан маалда Эркин Сирия Армиясы менен анын союздаштары жарактары жетишпей олтурушат.
Курал-жарак жана куралдандыруу маселелери боюнча талдоочу Джеймс Беван «куралдануу боюнча келишим, эгерде ал бардык өлкөлөр тарабынан кол коюлса жана бардык эл аралык келишимдер менен бекемделсе гана чындап ишке ашат» деп эесептейт. Анын «Conflict Armament Research» компаниясы Батыш Африкадан Ирандын окторун жыйнаган жана ошондой эле бүткүл континетке Кытай менен Судандын курал-жарактарынын агымы келгенин каттаган. Беван курал сатуу боюнча көптөгөн уюмдардын пикирине макул эместигин билдирди. Анын айтымында, эл аралык коомчулук азыркы иштеп жаткан мыйзамдардын негизинде эле дүйнөлүк курал соодасына өзүнүн таасирин тийгизе алмак.
Көптөгөн укук коргоо уюмдары «ушул айда дүйнөлүк курал сатууга сезилерлик сокку ура турган эң мыкты мүмкүндүк пайда болот» деп тастыктап жатышат.
«Курал сатуу болуп көрбөгөндөй чыгым алып келет жана көп сандаган өлүмгө, адам укуктарынын бузулушуна себеп болот. Курал сатууну жөнгө сала турган дүйнөлүк мыйзамдар жок. Эл аралык коомчулуктун көзөмөлү банан сатууда гана эң натыйжалуу болгону байкалууда», - деп билдирди Британиянын «Эмнисти Интернейшнл» бюросунун директору Кейт Аллен. «Шаршемби күнү БУУнун штаб-квартирасында британ делегаттары башка өлкөлөрдүн өкмөт өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Биз өлкөлөргө тынч жарандарга каршы колдонула турган куралдарды жеткирүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзамдарды кабыл алууну дүйнөлүк коомчулуктан сурайбыз. Мындай болбогон учурда курал сатуу жөнүндө келишим иштебейт деп эсептелет», - деп айтты ал.

Фактылар: куралдар
«Small Arms Survey» берген маалыматка таянсак, дүйнөлүк айланууда 875 миллион даана револьвер, винтовка жана тапанча-пулеметтер сыяктуу аткыч куралдар бар.
Курал жеткирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдө 2000-жылдан 2010-жылга чейинки аралыкта 3,4 миллиард АКШ долларына курал-жарак сатып алынган.
Былтыр мамлекеттер куралданууга 1,7 триллион АКШ долларын коротушкан.
2007-жылы куралдуу кагылышууларда Африка өлкөлөрү 17,2 миллиард АКШ долларын керектеген.
БУУнун берген маалыматына караганда, жыл сайын куралдуу кагылышууларда 300 миңге чейин адам өлөт жана алардын 90 пайызын ок тийип курман болгондор түзөт.

Джером Тейлор
«Independent», 2-июль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Джером Тейлор курал-жарак мыйзам
Другие материалы раздела:
Комментарии
авторынок кыргызстан


Публикации Авторов:

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней