«Кумтөр» боюнча келишим кайра каралчудай болуп калды
воскресенье, 1 июля 2012 г. 15:20:05
Кыргызстандын депутаттары «Кумтөр» алтын кени боюнча инвесторлор менен келишимди кайра карап чыгууну колдоду

Бишкек, Кыргызстан. Шаршемби күнү Кыргызстандын парламенти «Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан «Центерра Голд» компаниясынын алтын казып алуу жөнүндөгү уруксат кагазын кайра карап чыгууну колдоду. Жыл сайын алтын иштетип чыгуучу канадалык «Кумтор Оперейтинг Лимитед» компаниясы Кыргызстандын экономикасына 12 пайызга чейинки киреше алып келет.
Мыйзамды жактап 67 депутат добуш берди, ал эми канадалык «Центерра Голд» компаниясындагы 33% акцияга ээ болгон мамлекеттин үлүшүн көбөйтүүгө 11 депутат макул деген добуш берди.
Жакын арада экологиялык зыянды иликтөөчү жана ага баа берүүчү мамлекеттик комиссия түзүлмөкчү. Кыргызстандын депутаттарынын маалыматында, маанилүү маселелер инвесторлор менен «Кумтөр» кени боюнча келишимди кайра карап чыгууга себеп болду.
Келишимди кайра карап чыгуу тууралуу чечим Канаданын «Центерра Голд» компаниясына олуттуу сокку урмакчы жана көрүнүп тургандай, бул Кыргызстанга келчү инвесторлордун ишенимин азайтат.
«Уруксат кагазы кайрадан каралсын» деп добуш берген депутаттар 2009-жылы инвесторлор менен түзүлгөн келишимдин мыйзамдуулугунан шек санап жатышканын билдиришти. Ошондой эле депутаттар «канадалык компания менен жетишилген келишимдин алешемдигинен улам, Кыргызстан чыныгы кирешесин ала албай жатат» деп белгилешти.
1997-жылдан бери иштеп жаткан канадалык «Центерра Голд» компаниясынын өкүлдөрү ««Кумтөр» долбоору Кыргызстандын бардык мыйзамдарына жооп берет, ошондой эле Кыргызстандын жана эл аралык коомчулуктун бардык экологиялык, санитардык жана коопсуздук нормаларына ылайык келет», - деп билдиришүүдө. Андан тышкары канадалык компаниянын өкүлдөрү Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясынан 1,9 миллиард АКШ долларын алганын, анын ичинде 620 миллион АКШ доллары салык түрүндө төгүлгөнүн билдиришүүдө.
Ошондой эле шаршемби күнү Кыргызстандын депутаттары «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу жөнүндөгү маселеге дагы добуш беришти. «Маанилүү маселени цивилизациялуу түрдө жөнгө салыш үчүн инвесторлор менен түзүлгөн келишимди кайра карап чыгуу туура чечим болду», - деп айтты «Ата-Мекен» партиясынын депутаты Равшан Жээнбеков. «Инвесторлор менен түзүлгөн келишимдин айрым жактары өзгөртүлөт, бирок ал «Кумтөр» алтын кенинин ишине таасир бербейт», -дейт депутат.
«Кумтөр»  алтын кени деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жана батыш Кытай менен чектешкен чегарадан 50 чакырым алыста жайгашкан. «Кыргызалтын» канадалык «Центера Голд» компаниясынын 33 пайызына ээ. «Кумтөр» алтын кени канадалык «Центерра Голд» компаниясынын ээлигинде. Буга чейин карьерде ар түрдүү уулуу заттар, анын ичинде цианиддин сууга куюлганы тууралуу далилдер табылган бир нече учур катталган.
Ошондой эле Кыргызстандын депутаттары канадалык «Центерра Голд» компаниясынын айлана-чөйрөнү коргоого жана алтын кенине жакын жайгашкан жерди рекультивациялоого салымын көбөйтүшү үчүн добуш беришти. Кыргыз өкмөтү 1-ноябрга чейин кыргыз парламентине же болбосо Жогорку Кеңешине кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө маалымат бериши керек.
Саясат таануучу Татьяна Выговская: «Шаршемби күнү болгон добуш берүүдөн соң, Кыргызстанга инвестиция жумшагысы келген чет элдик инвесторлор эми жети өлчөп, бир кесип ойлонмой болушту», - деп билдирди. «Бул Кыргызстанда нормалдуу инвестициялык климат бар экенине эмдигиче шектенип жүргөн инвесторлорго карата кысымдын кайрадан башталышына алып келет», - дейт ал.
«Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниясы буга чейин жумушчулар менен талашып-тартышкан болчу. «Центерра Голд» компаниясынын өкүлдөрү февраль айында жумушчулар 10 күнгө иш таштап, ушундан улам «Кумтөр» алтын кенинде муз менен калдыктар топтолуп кеткенин, бул өз кезегинде сапаты жакшыраак кенге жетүүгө жолтоо болгонун билдиришти.
Ошондой эле канадалык компаниянын өкүлдөрү 2012-жылы кен казып алуу 390 миң унцияга чейин азайганын айтышты. Салыштырыш үчүн айтсак, кен казып алуудагы эң мыкты жылдык көрсөткүч 625 миң унцияны түзгөн.
Кыргызстандын 5 миллион калкы бар, өлкө Кытай менен чектешет. Акыркы жылдары Кыргызстан бул Борбор Азиялык мамлекетте коңшулаш Афганистандагы согуштук операцияларды жүргүзүш үчүн АКШнын аскерлери тарабынан пайдаланылган америкалык авиабаза жайгашкандыктан өзгөчө орунга ээ болгон.
Көп жылдан берки саясий туруксуздук жана коррупциянын гүлдөшү 5 миллион калкы бар Кыргызстанды оор экономикалык абалга кептеген, ал эми жүздөгөн кыргыз жарандары иш издеп, өз өлкөсүн таштап Россияга кетүүгө аргасыз болушкан.

«Associated Press», 28-июнь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Кумтөр алтын кени Кыргызстан парламент келишим
Похожие материалы:
Другие материалы раздела:
Комментарии
рено


Публикации Авторов:

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней