Казакстан башпаанек сураган өзбек жарандары менен байланышкысы келген жок
суббота, 23 июня 2012 г. 14:19:27
БУУ Казакстанды өзбек жарандарынын экстрадициясы үчүн сындады

Алма-Ата, Казакстан. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кыйноого каршы комитети «коңшулаш авторитардык Өзбекстандан саясий башпаанек сурап барган өзбек жарандарын кайра берүү менен Казакстан өзүнүн эл аралык милдетин бузду» деп жарыялады.
Шаршемби күнү БУУнун кыйноого каршы комитети «мекенине депортацияланган Өзбекстандын жарандарын кыйноо менен түрмө күтүп турат» деп билдирди. Комитет Казакстанды депортацияланган адамдарды кайтарып алууга жана алар тарткан чыгымды төлөп берүүгө чакырды.
Өзбек жарандарын экстрадиция кылуу тууралуу чечим француздардын «Action by Christians for the Abolition of Torture» укук коргоо уюмунун веб-сайтында жарыяланган. Казакстан өзбек жарандары, анын ичинде Тажикстандын эки жараны Борбор Азия аймагына коркунуч келтирген террористтик топтун мүчөсү экенин белгилөөдө.
Казак бийлигинин маалыматы боюнча, Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда баашпаанек издеген тараптарды экстрадиция кылуу тууралуу келишим түзүлгөн. Казакстандын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, өзбек тарап «мекенине кайтарылган бардык адамдардын укуктары сакталат» деп кепилдик берген. Бирок алардын басымдуу бөлүгүнө Өзбекстанга кайтып келгенден кийин кылмыш иши козголуп, соттолгон. Алардын көбүн «тыюу салынган ислам топторуна кошулган жана өкмөттү кулатууга аракет кылган» деп айыпталып камакка алышкан.
Буга чейин БУУ бир нече жолу Өзбекстанда иликтөө органдары тарабынан камакка алынгандарга системалык түрдө катаалдык жана таш боордук менен мамиле кылаарын маалымдап келген. Америкалык «Хьюман Райтс Вотч» уюму Өзбекстандын иликтөө жана укук коргоо уюмдары сурактын катаал ыкмаларын пайдаланаарын, алардын арасында электр тогун колдонуу, уруп-сабоо, зордуктоо, муунтуу жана психологиялык зомбулук бар экенин ырастайт.
Укук коргоочулардын айтымында, Өзбекстандын жетекчилиги мамлекеттин ынанымдарына каршы келет деген мусулмандарды коркутуу үчүн талыкпаган үгүт иштерин жүргүзүшөт. Советтер Союзунун маалында диний эркиндикти катуу чектешкен, бирок 1991-жылы СССР таркап кеткен соң, Борбор Азиянын ири бөлүгүндө исламдын кайра жаралуусу байкалууда.
Советтер Союзу көз карандысыздык алгандан кийин Өзбекстанда диний агымдардын иши кескин күч алган. Өз кезегинде президент Ислам Каримовдун өкмөтү «исламчылар өлкөгө олуттуу коркунуч жарат» деп билдирген.

«Associated Press», 21-июнь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Казакстан өзбек жарандары экстрадиция башпаанек
Другие материалы раздела:
Комментарии
автомобили


Публикации Авторов:

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней