Россиянын аскер кемелери Сирияга жөнөдү
четверг, 21 июня 2012 г. 0:59:51
Россия аскер кемелерин Сириянын «Тартус» портуна жөнөтүп жатат

Сириялык оппозициячылар Россиянын иш-аракетин Сириянын ички иштерине кийлигишүүдөгү «азгырма, жолдон тайдыруучу иш-аракет» деп аташты.
Москва Сириянын жээктерине Кара Деңиз флотунун эки чоң десанттык кемеси жөнөтүлөрүн билдирди. Ошондой эле Москва «десанттык кемелер Сириянын портуна зарыл болгон учурда Сириядагы россиялык жарандарды эвакуациялаш үчүн жөнөп жатат» деп билдирди. Бирок Башар Асаддын режиминин каршылаштары «орустардын аскер кемелеринин Сириянын жээктерине келиши Сириянын ички иштерине аралашуудагы азгыруучу аракет болуп калат»,- деп белгилешүүдө.
Кечээ Россиянын коргоо министри «Интерфакс» агенттигинин «бортунда 300 деңиз жөө аскери жана жеңил танктары бар «Николай Фильченко» менен «Цезарь Кунников» аскер кемелери россиялык аскерлердин базасы жайгашкан «Тартус» портуна аттанды» деген кабарын четке каккан жок.
рецепт салата из кальмара Кечээ Мексикада «Чоң жыйырмалык» саммитинде АКШнын президенти Барак Обама менен Россиянын президенти Владимир Путин жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки президент тең сириялык кризисти талкуулашты.
Басма сөз жыйынынын учурунда Обама Путин экөө Сириядагы зомбулукту токтотуу боюнча чара көрүү зарылдыгы тууралуу бир пикирге келишкенин билдирди. Журналисттерге сүйлөп жаткан эки президент тең нааразы кейпин көрсөтүп турушту.
«Биздин Сириядагы зомбулукту токтотуу боюнча пикирибиз бир жерден чыкты», -деп билдирди Обама, Россиянын президенти экөө «Сириядагы кризисти токтотуш үчүн саясий чечим кабыл алуу зарыл» деген бүтүмгө макул болушканын кошумчалоо менен. Обама Сириядагы жагдайды тезирээк жөнгө салыш үчүн Путин экөө башка эл аралык уюмдар менен иштөөнү, анын ичинде БУУ жана Араб Мамлекеттер Лигасынын атайын элчиси Кофи Аннан менен да иштешүүгө милдеттенме алышканын айтты. Кийинчерээк Дэвид Камерон Россиянын президенти менен жолугушкан учурда америкалык тарап айткан коркунучтарды дагы кайталап айтты.
Батыштын расмий тараптары «Россия сириялык аскерлерге орус куралын кантип туура пайдалануу керектигин окута турган өз аскер өкүлдөрүн жөнөттү» деп ырастап жатышат. Ошондой эле Батыштын расмий тараптарынын айтымында, орус аскерлери Сириянын чалгындоо маалымат системасын жана абадан коргонуусун жаңыландыруу маселелери менен иш алып бармакчы. Кремль АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун «Россия Ассаддын режимине чабуулчу тик учактарды жөнөтүп жатат» деген дооматын четке какты.
Россиянын аскер-аба күчтөрүнүн башчысы генерал-майор Владимир Градусов: «Биз Россиянын жарандарын коргошубуз керек. Эгер зарылдык туулса биз өз жарандарбызды чырдуу аймактан алып чыгуу жана куткаруу иштерин аткарабыз», -деп билдирди. Ал ошондой эле Россиянын аскер-аба күчтөрү аскер командачылыгын буйругу менен иш-алып барарын айтып, «ал эми зарыл болгон учурда авиациялык колдоо флоттун эскадраларынын коопсуздугун камсыз кылат» деп белгиледи.
Пентагондун өкүлү капитан Джон Кирби россиялык кемелерде курал менен аскер бар экендигине Америка тарап тынчсызданып жатканын айтты. «АКШнын коргоо министри Леон Панетта мурдагыдай эле сириялык режимге курал-жарак жеткирилип жатканына тынчсызданууда, себеби Сирияга жеткирилген курал акыры Сириянын элин кырыш үчүн пайдаланылат», - дейт ал. Бирок ал: «Россиянын Коргоо министрлиги аскер-деңиз иш-аракеттеринин максаты тууралуу жарыялоого тийиш. Ички миссияны колдоо же колдобоо биздин компетенцияга кирбейт», - деп айтты.
Сириянын Улуттук Кеңеши аттуу оппозициялык топтун өкүлү Сириянын жээктерине орус кемелеринин келиши жөнүндө жаңылыкты «тынчсыздандыруучу кабар жана Сириянын ички иштерине одонолук менен кийлигишүү актысы» деп атады, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунан россиялык кемелердин чыныгы ролун иликтеп чыгууну талап кылды. Ошол арада Араб Мамлекеттер Лигасынын баш катчысы Набиль Эль-Араби БУУнун кыйынчылык тартып жаткан байкоочу миссиясы тынчтыкты сактоочу күчтөр менен алмашылышын талап кылды.
Өз кезегинде Сирия оппозициясынын мүчөлөрү Батыштын менчик күзөт ишканалары менен байланышканын билдиришти. Байланыштын максаты Перс булуңунун аймагында машыгуу лагерин түзүү болуп саналат. Алардын айтымында, америкалык саясатчылар жогоруда аталган маселеде көмөк көрсөтүүгө макул экенин билдиришкен.

Ким Сенгупта
«Independent», 19-июнь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Россия аскер кемелери Сирия Тартус порту Ким Сенгупта
Другие материалы раздела:
Комментарии
карс kg


Публикации Авторов:

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

27.09.2019
A.Petrov (RG)
Москва - Бишкеку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней