Сирия маселеси АКШ менен Россиянын каршылашуусун күчөттү
понедельник, 18 июня 2012 г. 10:29:48
Москва америкалык тарапты «сириялык козголоңчуларды куралдандырып жатасыңар» деп күнөөлөп, АКШга кескин жооп берди

Сегиз күндөн бери курчоодо турган Аль-Хаффа шаарынын жашоочуларынын абалы тууралуу коркунуч пайда болду.
Кечээ Москва менен Вашингтон Сириядагы чыр-чатак боюнча кескин кайым айтышууга киришти. Эки өлкө бири-бирине «каршылашып жактан тараптарды куралдандырып жатасыңар» деп кине тагышты.
Сириядагы кризисти жөнгө салуу боюнча эл аралык аракеттин ишке ашпай калышын баса көрсөтүү менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун «Москва Сирияны куралдандырып жатат, аны өкмөт карапайым калкка каршы колдонушу мүмкүн», - деген айыптоосун четке какты.
Тегеранда өзүнүн иш сапарынын учурунда сүйлөп жатып Лавров «Сирияда уланып жактан кан төгүүгө АКШ жоопкер» деп билдирди. Ал ошондой эле Вашингтонду «сириялык оппозицияга курал ташып жатат» деп айыптады.
Эл аралык баяндамачылар Сириядагы жагдай толук масштабдуу жарандык согушка чейин өсүп кетет деген пикирде эки башка ойдо болушууда. Кечээ Франциянын жаңы тышкы иштер министри Лоран Фабиус БУУнун өкүлдөрү тарабынан айтылган пикирди жактап чыкты. БУУнун баш катчысынын тынчтыкты сактоочу операциялар боюнча орун басары Эрве Ладсу Сирия жарандык согуштун кырында турганын билдирди. Ошондой эле кечээ Сириянын мамлекеттик телевидениеси «Аль-Хаффа шаарын өкмөттүк аскерлер террористтик топтордон тазалады» деп кабарлады. Өз кезегинде сириялык армиянын расмий өкүлдөрү өкмөттүк күчтөр он куралдуу кишини камакка алганын жана калаада рейддер жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
Талдоочулар менен дипломаттар «акыркы айларда Эркин Сирия Армиясы (ЭСА) жакшыраак уюшуп, куралдуу болуп калды, себеби ЭСА Сауд Арабия жана Катар сыяктуу өлкөлөрдөн курал-жарак ала баштады» деп ырасташууда. АКШнын Мамлекеттик департаменти козголоңчуларга курал ташыбаганын баса белгиледи. Булактардын маалыматы боюшнча, АКШнын тышкы саясат мекемеси Перс булуңунун өлкөлөрүнөн курал жеткирүүнү координациялоого көмөк көрсөтүп жатат. Россия Башар Асаддын режими үчүн негизги курал жеткирүүчү болуп эсептелет. Москва Сириянын тапшырыштарын аткарып жатканын жана БУУ тарабынан бекитилген нормалардын алкагында гана иш алып барып жатканын тастыктоодо.
«АКШдан айырмаланып биз эл аралык нормалар тарабынан аныкталган курал сатуу эрежесин бузган жокпуз. Кошмо Штаттар сириялык оппозицияга курал жеткирүүдө, алар аны сириялык өкмөткө каршы колдонуп жатат», - деп билдирди Лавров.
Клинтон менен Лавровдун комментарийлеринен соң «ачыкка чыккан эл аралык коомчулуктун эки жаатка бөлүнүшү зомбулуктун мындан аркы эскалациясына алып келиши мүмкүн, эл аралык коомчулук сириялык кризисти дипломатиянын жолу менен жөнгө сала албайт, ал эми чет элдик державалар кыйыр согушка киришип жатат» деген коркунуч пайда болду.
«Сириялык кризиске Россия, Иран сыяктуу көптөгөн эл аралык оюнчулар, ошондой эле Асаддын режимин башынан баштап эле колдоп келе жаткан «Хизбалла» өңдүү уюмдар дагы катышып жатат. Эми биз Батыш өлкөлөрү козголоңчуларга берген жардамдын айрым белгилерин көрө баштадык», - деп билдирди Брукинг борборунун Сирия боюнча эксперти Салман Шейх. «Перс булуңунун өлкөлөрү чегине турган түрү көрүнбөйт. Ал эми эгерде кандайдыр оор жагдай болуп кете турган болсо бул узакка созулган, кандуу жана кайгылуу жай болмокчу», - деп айтты эксперт.
Өзүнүн жаңы баяндамасында «Amnesty International»  эл аралык укук коргоо уюму анын кызматкерлери мыйзамсыз киши өлтүрүү, кыйноо, атайлап кол салуу, өкмөттүк аскерлер менен жоочулардын эч ойлонбостон эле турак үйлөрдү талкалаганы тууралуу «эсти эки кыла турган» далилдерди чогултканын билдирди.
Сунниттер жашаган шаар болуп эсептелген Аль-Хаффа шаарынын тагдыры тууралуу коркунуч бар. ЭСАнын өкүлдөрүнүн ырасташында, алар кечээ түнү «карапайым калктын арасынан көп адам курман болбосун» деп качып, чегинүүгө аргасыз болушкан. Шаар сегиз күндөн бери курчоодо турат. ЭСАнын жарадар болгон бир жоокери аскерлер көп адамдарды камаганын жана үйлөрдү талап-тоноп жатканын кабарлады.
«Биз маалымат ала албай жатабыз жана шаарда эмне болуп жатканын билбейбиз. Армиянын чабуулу башталгандан кийин калааны байланыштырып турган бардык коммуникация токтотулган. Бирок бийлик аймакты тазалап чыктык деп билдиргенде бизде жарандык калк көп жабыркады го деген коркунучтар пайда болду», - деп айтты Жергиликтүү координациялык комиттеттин басма сөз катчысы Рафиф Жоежати.

Ловдэй Моррис
«Independent», 14-июнь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Ловдэй Моррис Сирия Россия
Другие материалы раздела:
Комментарии
subaru


Публикации Авторов:

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

27.09.2019
A.Petrov (RG)
Москва - Бишкеку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней