АКШ Пакистан эски тепшини кучактап олтуруп калышы мүмкүн экенин көрсөткүсү келип жатат
вторник, 12 июня 2012 г. 13:49:06
Пакистан менен сүйлөшүүдөгү АКШнын жаңы рычагдары

Кабул, Афганистан. АКШ Афганистанга НАТОнун жүгүн ташуу каттамын ачуу тууралуу Пакистан менен токтоп калган сүйлөшүүнү улантууга аракеттенип жатат. Эки тарап тең Исламабад сурап жаткан абдан чоң суммадагы акчадан жана Ак Уйдүн пакистандык чегарачыларды кокустан өлтүрүп алгандыгы үчүн кечирим суроодон баш тартышынан улам каттамды ачуу тууралуу маселени чече албай турган кези.
Вашингтондун колунда Пакистанга таасир этүүчү бир аз рычагдары бар, себеби АКШ менен Борбор Азиянын айрым мамлекеттери келишимге кол коюшту. Ага ылайык, эми НАТО алардын аймагын Афганистандан өзүнүн жүк унааларын жана техникасын алып чыгыш үчүн пайдалана алат. Борбор Азия мамлекеттери менен бул аптада келишим түзүлгөнгө чейин Пакистан Афганистандан бардык жүк менен жабдууну алып чыга турган кургак жердеги жалгыз каттам болуп турат.
АКШнын Коргоо министрлигинин жогорку даражалуу расмий өкүлү Петр Лавой апта соңунда Исламабадга бармакчы. Пакистанда ал азыркы чатакты чечиш үчүн колунан келген аракетин кылат.
Ноябрь айында АКШ байкабай абадан чабуул коюп, жыйынтыгында 24 пакистандык жоокер курман болгондон кийин, Пакистан өчөшүп жүк жеткирүү каттамын жаап салган. Жогоруда аталган инцидент болгонго чейин АКШ жана НАТОнун башка мамлекеттери Пакистандын аймагы аркылуу түштүк Афганистанга аскердик эмес жүктөрдүн 30 пайызын жеткирип турган.
Ноябрдагы окуядан кийин  коалиция Борбор Азия, Россия жана Афганистандын түндүгү аркылуу өтүүчү, узагыраак жана чыгымдуу каттамды пайдаланууга аргасыз болду. Альтернативалуу каттам аркылуу альянстын күчтөрү Афганистанга дүйшөмбүгө чейин жүк ташууга уруксаты бар болчу. Дүйшөмбү күнү кечинде Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан НАТО менен өздөрүнүн аймагы аркылуу техниканы жана жабдууларды алып чыгуу тууралуу келишимге кол койду. Буга чейин НАТО менен Россия Афганистандан жүк ташып чыгууда орустардын аймагын пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү келишимге жетишкен.
Дүйшөмбү күнү кол коюлган келишимге ылайык, коалиция борборазиялык мамлекеттердин аймагы аркылуу Европага он миңдеген транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана башка жүктөрдү ташып чыга алат. 2014-жылдын соңуна карай коалициялык күчтөр Афганистандагы аскерлердин басымдуу бөлүгүн алып чыгууга бел байлоодо.
«Мен Борбор Азия мамлекеттери менен түзүлгөн келишим АКШга өз пайдасын берет жана Пакистанга кысым көрсөтүш үчүн кошумча рычаг болот деп ойлойм. Менимче пакистандык саясатчылар акыр аягында АКШ Түндүк бөлүштүрүү түйүнүн анын баасы менен убактысына карабай пайдаланууга даяр экенин түшүнөт», - дейт пакистандык аскер талдоочусу Хасан-Аскари Ризви.
Түндүк каттамы Пакистандын Карачи порту аркылуу өтө турган каттамдан канчалык кымбат болоору белгисиз. Бир аз мурда Афганистандагы НАТОнун жана АКШнын күчтөрүнүн командачысы генерал Джон Аллен Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу өткөн Түндүк бөлүштүү түйүнү Пакистандын аймагы аркылуу өтчү каттамдан эки эсе кымбат экендигин билдирди. Бирок «Associated Press» январдын ортосунда Пентагондон алган эсеп боюнча түндүк каттамды пайдалануу америкалыктарга алты эсе кымбатка турмакчы.
Түштүк каттамды жапканга чейин Пакистан бир унаа үчүн 250 АКШ долларын алчу. Эми Пакистан тарап 5 миң доллардан акча сурап жатат, ал эми Америка өз кезегинде 500 долларды сунуш кылууда.
«Эгерде курал-жарак менен жабдуунун басымдуу бөлүгү түндүк каттам аркылуу өтө турган болсо, бул «Пакистан эски тепшисин кучактап отуруп калды» деген сөз. Пакистан экономикалык жактан утулат, ал эми НАТО менен болгон мамиле чоң маселеге айланат», - дейт Пакистандын коргонуу боюнча эксперти жана армиянын отставкадагы генералы Талат Масуд.
Майда Чикагодо болгон НАТОнун жыйынында АКШнын президенти Барак Обама Американынын жүк ташуу каттамын ачкысы келбеген Исламабадга карата нааразы болуп жатканын көрсөттү. Саммиттин учурунда Обама Пакистандын президенти Асиф Али Зардари  менен жолугушуудан баш тартты.
Пакистандын жүк ташуу каттамын кайрадан ачкысы келбегени өлкөдө болуп кете турган саясий реакцияга тынчсыздануу менен байланыштуу. Акыркы он жылда Пакистан Америкадан миллиарддаган доллар жардам алганына карабай, Америкага каршы маанай өлкөдө күчөп жатат.
«Акча - бул бир маселе, бирок коомдук реакция андан да чоң кыйынчылыкты жаратышы мүмкүн, анткени Пакистандын өкмөтүнүн кадыр-баркы анча эмес жана ал (өкмөт) жүк ташуу каттамын ачуу боюнча маселеге кандай жооп узатаарын билбей турган кези», - дейт Ризви.
Ноябрь айында 24 пакистандык аскер курман болгон АКШнын чабуулунан кийин Америкага Пакистан элинин кыжыры кайнап турат. АКШнын аскер өкүлдөрү «кол салуу капысынан болду» деп билдиришти, ал эми Пакистандын армиясы «бул атайылап жасалган чабуул» деп күнөөлөп жатат.
Пакистандын парламенти АКШдан аба чабуулу үчүн кечирим суроону талап кылды. Ошондой эле парламентарийлер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөдө учкучсуз учактарды колдонууну токтотуу талабы аркылуу кысым жасоого аракет кылышты.
Обаманын администрациясы пакистандык жоокерлердин өлүмүнө көңүл айтты, бирок кечирим суроодон баш тартты. Ак Үй АКШга карата коомдук сынга кабылуудан чочулап, кечирим суроодон качып койду, себеби коомдук ишмерлер Пакистанга карата өз нааразылыгын билдирип жатышат. Коомдук ишмерлердин пикиринде Пакистан Афганистандагы америкалык аскерлер согушуп жаткан жоочуларды колдойт.
АКШ учкучсуз учактарды Пакистандын түндүк-батыш уруулар зонасында пайдаланууну токтотууга көнгөн жок. Анткени бул учактар «Аль-Каида» жана талибдер менен болгон күрөштө маанилүу курал катары каралууда. Ийгиликтүү мисалдардын бири катары «Аль-Каидадагы» экинчи адам болгон Абу Яхья аль-Либини жок кылууну айтсак болот. Эске салсак, террорчу дүйшөмбү күнү Түндүк Вазиристан уруулук аймагында жок кылынган.
Шаршемби күнү Индияга барганда АКШнын коргоо министри Леон Панетта учкучсуз учактардын чабуулдары уланаарын айтты. Жана бул Америка анын коопсуздугуна коркунуч жараткан террорчуларды жок кылмайынча токтобойт.
Учкучсуз учактардын чабуулдары Пакистанда эң эле жаман кабыл алынат жана алар өлкөнүн өз алдынчалыгын бузуу катары кабылданат. Басымдуу калк «америкалыктар негизинен бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жатышат» деп эсептешет жана мындай дооматты Вашингтон дайыма четке кагып келет. Өлкөнүн эгемендүүлүгүн бузуу тууралуу ырастамалардын дагы негизи жок, себеби «Пакистан өкмөтүнүн элементтери жана аскерлери аба чабуулдарын колдойт» деген пикир кеңири жайылган.
Панетта: «Америка жүк ташуу каттамын ачуу маселесин гана чечпестен, Пакистан менен болгон мамилени оңдоого да аракет кылат»,- деп билдирди. «Бул жөнөкөй нерсе эмес, бирок террорчуларга каршы күрөштү биргелешкен аракеттер менен улантуу зарыл», - деп айтты ал.
Өлкөдөгү эң кубаттуу институт болгон Пакистан армиясы жүк ташуу каттамынын ачылышын колдоп жаткан өңдүү. «Өлкөнүн аскердик жетекчилиги АКШдан аскердик жардам катары «тоңдурулуп коюлган» 1 миллиарддан ашык АКШ долларын өндүрүп алгысы келет. Бирок жүк ташуу каттамын ачуу маселеси жарандык өкмөткө тапшырылган, ошол эле учурда аскерлер дагы ички реакциядан көз каранды», - деп айтты Ризви. «Пакистан эгерде өлкөнүн жетекчилиги туура эмес саясат жүргүзө берсе, оюндан чыгып калаарын түшүнүшү керек».

Себастьян Аббот
«Associated Press», 8-июнь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: АКШ Пакистан Себастьян Аббот
Другие материалы раздела:
Комментарии
машины в киргизии


Публикации Авторов:

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней