НАТОнун аскерлери чыгып кеткен соң Афганистандагы жагдайды турукташтырууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ролу өсүшү мүмкүн
понедельник, 11 июня 2012 г. 18:50:37
ШКУга мүчө мамлекеттер 2014-жылы НАТОнун күчтөрү чыгарылган соң Афганистанда чоң роль ойногонду каалайт

Пекин. Ушул аптада Пекинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине келген Россия, Кытай жана Борбор Азия мамлекеттери Афганистандан 2014-жылы америкалык аскерлердин көбү кеткенден кийин бул өлкөдөгү жагдайды турукташтыруу маселелеринде өзгөчө роль аткарууну каалашаарын билдиришти. Экономикалык гигант болуп эсептелген Пекин бул билдирүүнүн демилгечиси катары чыкты.
Бейшемби күнү Шанхай Кызматташтык Уюмунун курамына кирген алты мамлекеттин башчылары согуштан талкаланган өлкөнүн келечегине өзгөчө көңүл бурушту. Быйыл ШКУнун саммити Кытайдын борборунда өттү. Уюмдун башкы максаты – ага кирген мамлекеттерди бириктирген кеңири аймакта туруктуулук менен коопсуздукту бекемдөө, терроризм, сепаратизм, экстремизм, наркотрафик менен күрөшүү, экономикалык кызматташтыкты, энергетикалык шериктештикти өнүктүрүү, илимий жана маданий өз ара кызматташуу болуп саналат.
Бейшемби күнү ШКУнун жыйынынын ачылышында КЭРдин башчысы Ху Цзиньтао Кытайдын Борбор Азиядагы өсүп бараткан экономикалык таасирин баса белгиледи. Ал Кытай ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык өнүгүүнү колдоо жана кызматташуу үчүн 10 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө насыя берерин билдирди. КЭРдин жетекчиси акча кантип пайдаланыла тургандыгын ачыктаган жок.
Шаршемби күнү Кытайдын мамлекеттик «People’s Daily» гезитине чыккан макалада Ху Цзиньтао ШКУнун аймактагы үлкөн ролу тууралуу кеңири планды баяндаганы жазылды. Ошондой эле КЭРдин төрагасы тыштан уюмдун ишине кандайдыр бир кийлигишүүнү чечкиндүү түрдө четке какты.
«Биз аймактык иштерди аймактын эли өзү чечиши керек деген пикирдебиз. Ошондой эле биз аймактын чегинен тышкары болуп жаткан толкундоодон коргонуш үчүн зарыл болгон бардык чараларды колдонууга тийишпиз. Андан тышкары биз Афганистандагы тынчтыкты калыбына келтирүүгө маанилүү ролду аткарууга милдеттүүбүз», - дейт Ху Цзиньтао.
ШКУнун башчылары бардык пландалган максаттарын кантип ишке ашыраары белгисиз боюнча калууда. ШКУ Афганистанга карата бир дагы стратегияны жарыялаган жок жана 2014-жылы америкалык жана башка чет элдик күчтөр чыгарылгандан кийинки Афганистанда пайда болгон боштукту толтурууга арзыбаган күч-аракет жумшаарын көрсөтүп жатат.
Россия менен Кытай Шанхай Кызматташтык Уюмунун лидерлери болуп эсептелет, ал эми Батыш мамлекеттери уюмду АКШнын Борбор Азиядагы таасирине тең салмак катары кароодо. Шаршемби күнү Россиянын президенти Владимир Путин Кытайдын вице-президентине эки мамлекеттин ортосундагы аскердик кызматташтыкты тереңдетүү зарыл экенин айтты.
ШКУдан улам Россия менен Кытайдын мамилелери жакшырууда жана АКШнын дүйнөлүк иштердеги үстөмдүгү мокоп жатат. Ошондой эле Россия менен Кытай 15 айдан бери уланып жаткан элдик көтөрүлүштү токтотуш үчүн Сириянын ишине кийлигишүү боюнча эл аралык коомчулуктун аракеттерин токтотуп салды. Шаршемби күнү «Синьхуа» расмий кытай агенттиги Россия менен Кытай сириялык кризис тынчтык жолу менен жөнгө салышы керек экендиги тууралуу өз позицияларын ырастаган биргелешкен билдирүү кабыл алышканын маалымдады.
Россия менен Кытайдын билдирүүсүндө: «Кытай жана Россия Сириядагы кризиске тыштан аскердик кийлигишүү жолу же болбосо козголоңчу кыймылдар  аркылуу өлкөдөгү режимди күч менен алмаштырууну таңуулоо боюнча кайсы гана аракет болбосун каршы чыгат» деп белгиленет.
Америкага каршы айрым бир комментарийлерге карабай, Россия жана ШКУга кирген мамлекеттер - Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан - Афганистандан НАТОнун аскерлери ырааттуу турдө чыгып кетишин камсыздоого салым кошуп жатышат. Алты ай мурда Пакистан түштүк каттамды жаап салгандан кийин бул мамлекеттер альянстын күчтөрүнүн жүктөрүн жана жабдууларын өз аймагы аркылуу ташып өтүүгө макулдук беришти. ШКУнун Борбор Азиядагы төртүнчү мүчөсү болуп Тажикстан эсептелет.
НАТОнун чыгып кетиши Кыргызстанда жайгашкан «Манас» авиабазасынын иштерине дагы чекит коймокчу. «Манас» Транзиттик жүк ташуу борборун жабуу өз кезегинде Борбор Азиядагы АКШнын дайыма кала беришине көп учурда каршы чыгып келген Кытай менен Россиянын талаптарын канааттандырмакчы.
Ошол эле маалда ШКУнун Афганистандагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча пландары түшүнүксүз болуп турат, ал эми уюмдун курамындагы мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгы тууралуу так айтылган.
Дүйнөдөгү экинчи экономикалык ири держава болгон Кытайдын Афганистан менен чектешкен жерден бир аз участок бөлдүрүп алган компаниясы азыр Афганистанда иштеп жатат. Өз кезегинде афган өкмөтү «иштетилбеген пайдалуу кендерди иштетип чыгуу эл аралык аскерлер чыгып кеткенден кийинки өлкөнүн чыгашасынын ордун толукташы мүмкүн» деп үмүттөнүүдө.
АКШнын Коргоо министрлиги берген маалыматка таянсак, Афганистандагы пайдалуу кендердин баасы 1 триллион АКШ долларына барабар. Дагы башка маалыматтарды карай келгенде корлордун баасы 3 триллион доллар же андан дагы көп болушу мүмкүн.
Декабрда Кытайдын мамлекеттик улуттук мунай корпорациясы афган өкмөтү менен келишимге кол койгон. Келишимге ылайык, корпорация Афганистандагы мунай газ кендерин иштете турган биринчи чет элдик компания болуп калмакчы. Эске салсак, үч жыл мурда Кытайдын металлургиялык курулуш компаниясы Логар провинциясында жайгашкан «Айнак» кенин иштетип чыгуу боюнча келишим түзгөн. Кенди иштетүүгө Пекин 3,5 миллиард АКШ долларын бөлгөн, бул өз кезегинде Афганистанга берилген эң ири чет элдик салым болгон.
Акыркы он жыл аралыгында Кытай өкмөтү Афганистанга бир топ жардам берди. Кытай адистери коопсуздук күчтөрүнүн айрым бөлүктөрүн жана өкмөттүк мекемелерди жабдуу, окутуу менен иш алып барышкан. Ошондой эле кытай өкмөтү инфраструктуралык долбоорлорго бир топ инвестиция жумшаган жана афган студенттери үчүн стипендия төлөгөн.
Шаршемби күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лю Вэйминь журналисттерге «Афганистандын өнүгүшү аймактагы коопсуздук менен туруктуулукка тыгыз байланыштуу», - деп билдирди. Ал ошондой эле «Афганистан ШКУга байкоочу деген статусту алат», - деп белгиледи жана бул окуя саммитте ишке аша турган болду. Жаңы статустан улам коопсуздук жана экономикалык кызматташтык маселелерин чечүү тездетилет.
1979-1989-жылдар аралыгында Афганистанга басып кирүү жана оккупация кылуу маалында 15 миң аскерин жоготкон Россия, кыязы, Афганистанда жоголгон таасиринин бир бөлүгүн калыбына келтирүүгө умтулуп жатат көрүнөт. Россияга келчү гериондин агымын токтотуу Москванын башкы милдеттеринин бири. Жана ошондуктан Россия эки мамлекеттин чалгындоо кызматтарынын ишин күчөтүүгө жана коңшу мамлекеттердеги чегаранын коопсуздугун бекемдөөгө аракеттенүүдө.
Ошондой эле ШКУнун саммитинде Москва Советтер Союзунун маалында курулган суу сактагычтар менен электр станцияларын калыбына келтирүү боюнча өзүнүн жардамын марттык менен сунуштады. Ал эми жаратылыш газын чалгындоо жана иштетүү менен инфраструктуралык келишимдер Кытай менен пикир келишпөөчүлүккө алып келди.

«Associated Press», 7-июнь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Шанхай Кызматташтык Уюму Афганистан
Похожие материалы:
Другие материалы раздела:
Комментарии
cars.kg


Публикации Авторов:

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней