Путин «бурамаларды бурап жатат»
понедельник, 11 июня 2012 г. 11:21:24
Россиянын парламенти жаңы катуу мыйзамды кабыл алды

Шейшемби күнү Кремль көзөмөлдөгөн Россиянын парламенти катуу мыйзамды колдоду. Жаңы мыйзам уруксат берилбеген митинге чыккан адамдарга салына турган айыппулдун өлчөмүн 150 эсе көбөйттү. Талдоочулардын пикиринде, жаңы мыйзам президент Владимир Путиндин башкаруусуна тоскоолдук кылгысы келген оппозициянын аракеттерин токтотууга багытталган.
Жаңы мыйзамга ылайык, айыппулдар буга чейинки 2 миң рублдан 300 миң рублга (9 миң АКШ доллары) чейин көбөйөт. Аталган мыйзам Россиядагы Путиндин 12 жылдык башкаруусуна каршы чыккан коомдук нааразылыкты чагылдырган массалык акциялардан соң кабыл алынды. Санкция алынбаган акцияга катышкандардын жазасы башка кылмыштарга, ал тургай өзөктүк материалдарды сактоо сыяктуу тартип бузуудан дагы катуураак күчөтүлдү.
Төмөнкү палатанын же болбосо Мамлекетик Думанын оппозициялык фракциялары жүздөгөн түзөтүүлөрдү сунуш кылды. Кремлдин демилгелерине каршы турууга өзүнүн бүт даярдыгын көрсөтүү аркылуу төмөнкү палатанын депутаттары тарабынан жаңы мыйзамдын кабыл алынышына бөгөт коюу аракеттери ишке ашкан жок.
Кошумча алты саатка созулган жана түн жарымына аз калганда аяктаган сессияда мыйзамдын кабыл алынышына Кремлдин «Бирдиктүү Россия» партиясынын көпчүлүк мүчөлөрү добуш беришти. 450 орундуу парламентте добуштардын басымдуу бөлүгүнө ээ болгон Кремлдин партиясы мыйзам экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынышына колунан келген күч-аракетин жумшады. Мыйзамдын кабыл алынышына 241 депутат макул болсо, 147 добуш каршы берди.
Кремль жаңы мыйзам кийинки шейшемби күнү күчүнө киришин каалайт, себеби ал күнү оппозиция Москвада дагы бир нааразылык акциясын уюштурууну пландап жатат. Ошондой эле мыйзамдын күчүнө кириши үчүн жогорку палатанын колдоосу жана формалдуу болсо да Путиндин өзүнүн колу коюшу керек.
Май айында президенттик кызматка кайтып келгенден кийин Путин кышы бою 100 миңдеген адамдарды топтоого жана анын башкаруусуна чакырык таштоого үлгүргөн оппозицияга карата өз позициясын катуулатты. Мөөнөттү чектөөдөн улам Путин төрт жыл өкмөт башчынын ордунда иштөөгө аргасыз болгон. Өкмөт башчы болгонго чейин Путин 2000-2008-жылдар аралыгында эки президенттик мөөнөттө катары менен иштеген.
Бир аз мурда ал: «Биз элди радикалдык иш-аракеттерден коргошубуз керек», - деп мыйзам долбоорун колдоп чыккан. Россиянын бийлиги оппозициянын митинг өткөрүшүнө дайыма тыюу салып келет жана кээде митинг уюштуруучуларга шаардын борборунан алыс бир жерлерди сунуштайт.
«Адилет Россия» оппозициялык фракциясынын лидери Сергей Миронов «жаңы мыйзам орус элинин бетине түкүргөндөй эле болуп калды», - деп билдирди. «Бул өзгөчөлөнгөн мыйзам элди коркутууга жана анын оозун жабууга кылган аракет»,- деп айтты ал жыйынтыктоочу добуш берүүгө чейин жыйындар залынан өз фракциясын чыгарып кетээрде.
Ал жана оппозициянын башка лидерлери «мыйзам коомдогу чыңалуунун катализатору болуп калат жана коомчулуктун өз нааразылыгын эркин айтуу мүмкүндүгүн жокко чыгарат» деп ырасташууда.  
«Буга чейин «бурамаларды бурай берип» акыры аягында кан төгүлгөн. Бул жарандык согушка алып бара турган жол. Силер өлкөнүн келечегине жоопкерчилик алып жатасыңар жана аны кризиске, талкаланууга жана кан төгүүгө түртүп жатасыңар», - деп айтты Мамлекеттик Думанын жыйынында «Адилет Россия» фракциясынын өкүлү Геннадий Гудков.
«Адилет Россия» партиясы жана коммунисттер сунуш кылынган мыйзамга тоскоол болуш үчүн 400дөн ашык түзөтүүлөрдү киргизишти жана ошондой эле жаңы мыйзамды коомчулукка тааныштыруу менен аракеттеништи.
«Мыйзамдын кабыл алынышы социалдык тынчтыкты бузат жана коомдун талкаланышына алып келет. Диалогдун ордуна силер чоң союлду сунуш кылып жатасыңар», - дейт Коммунисттик партиянын өкүлү Анатолий Локоть.
Либерал-демократиялык партиянын (ЛДПР) өкүлү Сергей Иванов анын фракция мүчөлөрү жаңы мыйзамдын кабыл алынышына каршы экенин айтты. «Бул Мамлекеттик Думанын тарыхындагы эң жаман күн болду. Мамлекеттик Дума буга чейин мындай маскаралыкты көргөн эмес», - деп айтты ал.
Шейшемби күнү Мамлекеттик Думанын айланасында санкция алынбаган жыйын өткөргүсү келген ондогон оппозициялык активисттер жана «Яблоко» либералдык партиясынын лидери кармалды. Камакка алуудан бир аз убакыт өткөн соң алардын айрымдары бошотулду.
Мыйзам санкция алынбаган митингдерге катышкандыгы үчүн эң жогорку айыппулдарды карайт. Эми айыппулдар буга чейинки 2 миң рублдан (60 АКШ доллары) 300 миң рублга чейин (9 миң АКШ доллары) көбөйтүлдү. Алгач «Бирдиктүү Россия» партиясы айыппулдарды 1,5 миллион рублга же болбосо 45 миң АКШ долларына чейин көбөйтүүнү сунуш кылган.
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн эң төмөнкү айыппул 600 миң рублга, же болбосо 18 миң АКШ долларына чейин көтөрүлдү. Буга чейин алар 50 миң рубль же болбосо 1500 АКШ долларын төлөшчү. Салыштыруу үчүн айтсак, радио активдүү булганууну пайда кыла турган өзөктүк энергетика обьектилерин пайдалануудагы жана түзүүдөгү долбоорлоодо коопсуздук техникасын бузгандыгы үчүн салына турган айыппул 200  миң рублга же 6 миң АКШ долларына барабар.
Мыйзамдын авторлору кайсы гана массалык жыйынга болбосун, мейли анда саясий нааразылыктын формалдуу белгилери болбосо деле, ушуга окшогон жазаны колдонууну сунуш кылышты. Бул алардын иш-аракети митинг катары кабыл алынбашы үчун катышуучулар унчукпай баскан, бир аз мурда Москвада болгон чыгармачыл демонстрацияга берилген ачык жооп болду.

Владимир Исаченков
«Associated Press», 6-июнь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Россия митинг мыйзам Владимир Исаченков
Другие материалы раздела:
Комментарии
мерседес


Публикации Авторов:

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней