Макфол анын сүйлөгөн сөзү үчүн Россиянын ТИМи жасаган реакцияга айраң таң калып олтурат
пятница, 1 июня 2012 г. 21:16:36
Москвадагы АКШнын элчиси анын айткандарын Россиянын жетекчилигинин сындан чыкканына таң калды

Москва. Шаршемби күнү Россиядагы АКШнын элчиси өткөн аптада студенттер менен жолугушкан учурда анын сүйлөгөн сөзүн Россиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) сындап чыкканына таң калып олтурганын билдирди. Ошондой эле Макфол «Россия Кыргызстанды сатып алууга аракет кылды» деген анын сөзүн Россиянын ТИМи туура эмес чечмелеп алганына нааразыланды.
Россия ТИМинин Макфолго карата кескин комментарийлери бир аз мурда россиялык мамлекеттик ММКда жарыяланган тескери маанайдагы кабарлардан кийин айтылды. Эске салсак, россиялык бир катар ММКларда «Макфолдун Россиядагы максаты - оппозицияны колдоо жана «революцияга» көмөк көрсөтүү» деп маалымдалып жаткан.
Дүйшөмбү күнү Россиянын ТИМи «Россия Кыргызстандын лидерине ал Кыргызстандын аймагындагы АКШнын авиабазасын кетириш үчүн пара сунуш кылган» деп айтканы үчүн Майкл Макфолду кескин сынга алды. Макфол өз кезегинде жогоруда айтылган анын сөздөрү жана башка суроолорго берген жооптору «атайлап эле бурмаланган» деп билдирди.
Министрлик ошондой эле Макфолду « Ирандын жана Түндүк Кореянын өзөктүк программасына карата Россиянын позициясын бузуп көрсөтүп жатат» деп айыптады. «Бул Макфолдун сөздөрү менен иш-аракети түшүнбөстүктөрдү пайда кылып жаткан биринчи учур эмес» деп айтылат Россиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Шейшемби күнү журналисттер АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Виктория Нуланддан Макфолдун Россиянын Кыргызстанды сатып алгысы келгени тууралуу айткандарынын чын-төгүнүн сурашты. Ал: «Менин түшүнүгүмдө Москвадагы АКШ элчисинин сөздөрү туура эмес түшүнүлүп калды», - деп жооп узатты.
Шаршемби күнү Макфол өзүнүн блогуна өткөн аптада студенттердин алдында сүйлөгөн учурдагы анын комментарийлери АКШ менен Россиянын кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталганын жазды.
«Менин тарыхый өтүмүшкө кайрылып барышымдын максаты «үрөй учурган калпты» жайылтуу эмес эле, тескерисинче мен биздин өлкөлөр буга чейин колдонгон дипломатиянын эскирген ыкмаларынан баш тартуу менен канчалык кыйынчылыктарды артка таштаганын көрсөткүм келген», деп жазды ал өзүнүн блогуна. Макфол «абдан кооз жана түз сүйлөсөм болмок экен» деп өкүнгөнүн билдирди. Ал ошондой эле «дипломатияга жакыныраак тилде сүйлөөнү үйрөнүүнүн үстүндө иштөөгө» убада берди.
Буга чейин Макфол Стэнфорд университетинин профессору болгон жана демократияны чыңдоо боюнча бир топ эмгектерди жазган. Ал АКШнын Россия менен болгон мамилесиндеги алдыңкы эксперт болуп эсептелет жана АКШнын Москва менен «кайра кызматташуусуна» чечүүчү ролду ойногон.
Ушул жылдын башында Макфол мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынган телестанциялар анын ар бир кадамын аңдып жүргөнүнө тынчсызданганын жана «телефон байланышым менен электрондук почтам текшерилиши мүмкүн» деген шектенүүсүн билдирген.
Россия ТИМинин Макфолго карата кескин комментарийлери Владимир Путин АКШны кескин сынга алган соң айтылды. Эске салсак, В.В. Путин мартта болгон шайлоодо жеңишке жеткен. Шайлоо алдында Путин АКШны анын 12 жылдык башкаруусуна каршы чыгып жаткан массалык нааразылык акциясын колдоп жатат деп кинелеген.

«Associated Press», 31-май, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Москвадагы АКШнын элчиси
Другие материалы раздела:
Комментарии
киргизия авторынок бишкек


Публикации Авторов:

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

27.09.2019
A.Petrov (RG)
Москва - Бишкеку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней