Дүйнөлүк Банк коррупциялашкан режимдердин бетин ачып жатат
среда, 6 июня 2012 г. 10:39:35
Дүйнөлүк Банктын паракорчулукка каршы жаңы куралы: уяткаруу

Жыл сайын Дүйнөлүк Банк (ДБ) болжол менен 72 миллиард долларды дүйнөнүн эң жакыр мамлекеттерине берет. Бул акчанын көп бөлүгүн коррупциялашкан чиновниктер, ачкөз иш аткаруучулар жана уюшулган кылмыштуу топтор уурдап калат. Банктын эсеби боюнча жыл сайын 20дан 40 пайызга чейинки, башкача айтканда 20дан баштап 40 миллиардга чейинки АКШ доллары өнүгүү үчүн эл аралык жардам катары коротулат.
Эми ДБ ушуга байланыштуу бир нерсе кылгысы келип жатат. ДБ ар кандай компаниялар менен коррупциялашканы үчүн кызматташууну токтотууну чече турган ички органынын ниетин алгачкы жолу ачыкка чыгарууда. 1999-жылдан тартып Санкциялар боюнча комитет 530дан ашык компания менен жеке тараптарды жазалап, ал тургай кууп жиберген. Ушуга чейин банк мындай жазалоо менен куугунтуктун себебин ачыкка чыгарган эмес.
««World Bank Group» коррупцияга каршы катуу позицияны карманат жана биз ачыктык бул иш-аракеттердин бир бөлүгү болушу керек деп эсептейбиз», - деп айтты өз билдирүүсүндө ДБнын башкаруучу директору Шри Мулани Индраварти. «Санкциялар боюнча комитеттин чечимин жарыялоо менен биз санкция бекитүү боюнча процесске катышкан бардык тараптарды өз жоопкерчилигин жогорулатууга аргасыз кылабыз. Бул кадам коркутуунун натыйжасын күчөтүүгө тийиш жана Санкциялар боюнча комитеттин иликтөөсүнүн маалыматтык баалуулугун жогорулатышы зарыл».
Бул айда жарык көргөн бардык жети чечимди карап сиздер эл аралык гуманитардык чыр-чатактагы алдамчылыкка күбө болосуздар: Түштүк Суданда 2005-жылы инфраструктураны өнүктүрүш үчүн келишим түзүүчү иш аткаруучулар ДБдан акча уурдоого аракет кылышкан. Кургак учук менен күрөш боюнча өнөктүктүн алкагында дары сатыш үчүн 4,9 млн. долларлык келишимди утуп алган компания өзүнүн мурдагы ишмердүүлүгү тууралдуу отчетту жасалма түзгөн.
«Банктын мындай компаниялар тууралуу маалыматтарды жарыялашы жакшы кадам болуп эсептелет», - дейт «Human Rights Watch»тун ишкерлик жана адам укуктары боюнча бөлүмүнүн директору Арвинд Гэнесан. Бирок анда бардык коррупциялык маселелер: Дүйнөлүк Банктан алынган насыялар менен өкмөт уурдап алган акча тууралуу айтылбайт. Гэнесан «банк коррупциялашкан өкмөттөр менен аскердик режимдерди бөлүнгөн акчаны максаттуу пайдаланууга аргасыз кылуу ишине келгенде агрессия көрсөтпөйт» деп белгилейт.
Гэнесан айтып бергендей, 2010-жылы ДБнын кеңсесинин башчысы ага Ангола дүйнөдөгү эң коррупциялашкан он өлкөнүн ичинде дайыма болуп келгенине карабай, ал жактан коррупциянын эч кандай далилдерин көрбөгөнүн билдирген.
«Reuters» агенттиги маалымдагандай, Түштүк Судандын чиновниктери 4 млрд. АКШ долларын уурдай качышкан. Түштүк Судан бир жыл мурда өзүнчө мамлекет болуп түзүлгөн. Өлкө президенти Сэлва Киир өзүнүн өкмөт мүчөлөрүнөн чынчыл болууну жана акчаны кайтарууну суранууда. Өткөн жылы Судан мамлекетинен Түштүк Судан бөлүнүп чыкканга чейин Киирдин режими негизги насыя берүүчүлөрү Улуу Британия, Норвегия жана АКШ болуп эсептелген ДБнын Мультидонордук трасттык фондунан жарым миллиар долларга жакын акча алган. Бул акчаны кайтарып алыш үчүн Дүйнөлүк Банк «Ай, уят эмеспи!» деп жөн эле айтып койгону жетишсиздик кылат.

Элизабет Дуоскин
«Business Week», 4-июнь, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Элизабет Дуоскин Дүйнөлүк Банк коррупция
Другие материалы раздела:
Комментарии
автогид кыргызстан


Публикации Авторов:

06.07.2020
“Nezavisimaya gazeta”
Журналистам Таджикистана заткнули рты штрафами

03.07.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызстан провалил тест на коронавирус

02.07.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Казахстан остановится в пятницу

01.07.2020
V.Panfilova, NG
Узбекистан получит новое задание от США

29.06.2020
E.Pogrebnyak(Vz.ru)
Китайская дорога в Средней Азии угрожает интересам России

29.06.2020
"Nezavisimaya gazeta"
В Кыргызстан возвращают цензуру

26.06.2020
V.Panfilova (NG)
Бишкек готовится перенести выборы в парламент из-за эпидемии

26.06.2020
"RIA Novosti"
В Кремле опровергли сообщения о готовящейся встрече Путина и Жээнбекова

25.06.2020
K.Karabekov, K.Krivosheev, Ъ
А. Атамбаев будет сидеть дольше, чем правил

25.06.2020
V.Panfilova, NG
Бердымухамедов борется не с вирусом, а с американцами

25.06.2020
"Nezavisimaya gazeta"
Президент Кыргызстан привез в Москву коронавирус

22.06.2020
I.Alekseenko, NG
K.Келимбетов: «Мы – платформа, где западные и восточные инвесторы могут встречаться и вести свою деятельность»

19.06.2020
V.Panfilova, NG
COVID опустошил коридоры казахстанской власти

19.06.2020
"Azattyk"
В Узбекистане обнародован список вузов соседних стран, которые не рекомендуются для поступления

16.06.2020
"Podrobno.uz"
Во Франции продали элитную недвижимость Гульнары Каримовой в жилом комплексе Triplex. Деньги вернули Узбекистану

16.06.2020
M.Smaiyl (Tengrinews)
Что будет с тенге при второй волне коронавируса - мнение экспертов

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней