Кыргызстан менен Монтана штатынын аскер медайымдары тажрыйба алмашууда
вторник, 29 мая 2012 г. 18:14:48
Кыргызстанын аскер медайымдары «Кэрол колледжде» болуп, медайымдык иштин программасы менен таанышты

Ушул айда 16 кыргыз аскер медайымы Монтана штатында болуп, шаршемби күнү медайымдардын «Кэрол колледжине» барышты. Колледжде алар медайымдык иштин заманбап жоболору жана программалары менен таанышып чыгышты.
«Медайымдык иштин программалары абдан таасир калтырды. Мага баары, айрыкча студенттер иштеген жабдуулар жакты», - дейт котормочу аркылуу Белек Алибаев.
«Кэррол колледждин» кызматкерлери «делегация болжолу медайымдык иш боюнча факультетте окуган америкалык студенттер өз жөндөмдөрүн практика жүзүндө эмес, «Кэррол колледждин» имитациялык түзүмүндөй болгон жабдуулар аркылуу өздөштүрөт экен деп туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн», - деп белгилешти. Аталган имитациялык түзүмдөр студенттерге оорулардын кеңири багытында өз жөндөмүн өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт.
Кыргызстандан келген медайымдардын назарын негизинен кечиктирилгис медициналык жардамдын ыкмаларына бурулду. Алар ошондой эле штаттын айрым таанымал жерлерин кыдырышты жана АКШнын белгилүү шаары болгон Грейт-Фолс менен «Йеллоустоун» улуттук паркында болушту.
«Хелена шаары – кооз шаар. Анда мээрман адамдар жашайт», - дейт Умида Дехханова. «Биз пейзаждардын, ал тургай аба ырайынын окшоштугуна таң калдык», - дейт Кыргызстандан келген эпидемиолог, доктор Элден Калчакеев. Кээ бирөө Монтана штатынын чиновниктеринин кыргыз медиктерин кабыл алганына жана Кэррол шаарчасынын кооздугуна таңданышты.
Шаршемби күнү медайымдардын тобу «Кэррол колледждин» университеттик шаарчасында окутуучулар жана администрация, анын ичинде колледждин убактылуу президенти катары милдет аткарып жаткан Пол Макнатт менен кошо сый тамакта болушту. Алар ошондой эле Хелена шаарынын сүрөтчүсү Боб Морган тарткан үлкөн картинанын алдында сүрөткө түшүштү.
Бир кыргыз медайымы колледждин кызматкерлеринен: «Америкалык медайымдар менен студент-медиктер милдеттүү түрдө аскер кызматын өтөйбү?», - деп сурады, себеби Кыргызстанда медициналык факультеттин бүтүрүүчүлөрү согуш маалында куралдуу күчтөргө чакырылышы мүмкүн.
Кыргызстандан келген медайымдардын иш сапары кыргыз аскерлери менен Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын ортосунда уланып келе жаткан кызматташтыктын бир бөлүгү болуп калды. Эки мамлекеттин ортосундагы аскердик байланыштарды бекемдөө жана мамиле түзүү максатында 2003-жылы ноябрда Кыргыз Республикасы менен Монтана штатынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. Өткөн айда Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын кызматкерлери борборазиялык республикага барып келишкен.
«Биз бири-бирибизден үйрөнүп жатабыз жана бул ошого татыктуу», - дейт иш сапарына жооптуу болгон Монтана штатынын гвардия лейтенанты Трэвис Беннетт.

Санджай Талвани
«Helena Independent Record», 28-май, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Кыргызстан Монтана штаты аскер медайымдары
Похожие материалы:
Другие материалы раздела:
Комментарии
фольксваген


Публикации Авторов:

07.12.2019
V.Panfilova, NG
Президент Таджикистана готовит себе преемника

03.12.2019
"Vedomosti Kazakhstana"
Транзит Касым-Жомарта, Шавката и Сооронбая: «сегунат», выход из-под контроля и борьба со спецслужбами

02.12.2019
"Tengrinews", KZ
Иностранный олигарх "спонсировал" политиков из Казахстана - СМИ

29.11.2019
F.Vakilov (Trd)
Узбекистан - "Открытие года" по версии National Geographic Traveler

28.11.2019
V.Panfilova, NG
Казахстанский бизнес укрепляется в Кыргызстане

27.11.2019
"Express-k.kz"
Казахстан – единственный в мире экспортер осмия, самого дорогого металла в мире

27.11.2019
К.Карабеков, К.Кривошеев, Ъ
Кыргызская таможня перешла все границы

25.11.2019
"Haqqin.az"
Кыргызы протестуют против коррупции

25.11.2019
"Eurasia.expert"
Армения и Казахстан упростят миграционный режим

25.11.2019
V.Panfilova (NG)
Президенту Кыргызстана грозят импичментом

21.11.2019
"Vesti.uz"
Из Узбекистана активнее других выезжают казахи

20.11.2019
"Eurasianet.org"
«Противоречит национальному менталитету». Почему узбекские артисты уезжают за границу?

20.11.2019
V.Panfilova, NG
Узбекистан собирается из конкурентов сделать партнеров

13.11.2019
"EADaily"
Узбекистан покинул тройку мировых лидеров по экспорту хурмы

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней