Кыргызстандагы СССРдин калдыктары
четверг, 24 мая 2012 г. 19:38:40
Өзүнүн өткөн тарыхынан кол үзө албаган борборазиялык мамлекет

Кыргызстан өзүнүн советтик тарыхынан таптакыр кол үзгөн жок. Элди революцияга чакырган жана мурда Ленин аянты деп аталган башкы аянтка орнотулган Лениндин эстелиги көчүрүлгөн болчу. Бирок шаардын четиндеги паркка жылдырылып же таштандыга ыргытылбастан, бир квартал аралыкка жайгашкан башка аянтка кайра коюлган.
Бийиктиги 10 метрлик, боору топчуланбаган пальточон Лениндин айкели: «Эмне кылыш керек?», - деп суроо узатып жаткансып, дагы деле белгисиз тарапка кол жаңсап турат. Лениндин ордуна Кыргызстандын символдору менен курчалган от кармаган аялдын эстелигин тургузушкан.
Ал эми Маркс менен Энгельстин эң сонун айкелдери дале болсо Борборазиялык Америка университетинин алдында турат. Аталган окуу жайдын окутуучулары менен студенттери Маркс менен Энгельстин эмгектерин талкуулашы дагы чоң күмөн. Бул жерде белгилей кетүүчү жагдай - болгону экөөнүн аты постаменттен өчүрүлгөн, эми алар азыр бир нерсени кызуу сүйлөшүп жаткан белгисиз эки джентльмендей болуп турушат. Бишкектин борборундагы көпчүлүк имараттарда, университетин имаратында орок менен балка дагы эле бадырайып илинип турат.
Бирок өткөн режимдин эң эле таанымал белгиси Мамлекеттик тарых музейи болуп саналат. Музейде Кыргызстандын байыркы тарыхын, көчмөндөр тарыхын эске салган артефакттар бар, бирок баарынан мурда революцияны жана Лениндин жашоосун эске түшүргөн коло картиналардын коллекциясы, ошондой эле Советтер Союзунун тарыхы жазылган шып таңгалтырат. Көпчүлүк постсоветтик мамлекеттерде буга окшогон экспонаттар эбак эле жоголгон, бирок Кыргызстанда алар дагы эле бар. Эмне үчүн экени белгисиз: кош мааниси бар экени үчүнбү же өткөнгө кош көңүлдүктөн уламбы?
СССР кулагандан кийин Кыргызстан өтө ачык болбосо да коңшу мамлекеттерге салыштымалуу мыктылыгы менен айырмаланып, аймактагы демократиянын маягына айланган. Болжолу азыр деле ошондой. Сөз эркиндигинин индекси жана ойду эркин билдирүү Казакстанга, Өзбекстанга жана Түркмөнстанга салыштырмалуу Кыргызстанда абдан эле жогору. Ошого карабай демократиялык процесс шайлоодогу тартип бузуу, коррупция, оппозициялык ишмерлер менен журналисттерди куугунтуктоо жана гезиттердин жабылышы менен коштолууда.
Өлкөнүн түштүгүндө кыргыздар менен өзбектердин ортосунда улут аралык кагылыш чыккан. Өлкө боштондук алгандан бери эки президент тактан кулатылды.
2005-жылы президент болгон Курманбек Бакиев бүткүл өлкөдө электр энергиясына карата баанын кымбатташынан, коррупция жана экономикалык прогресстин жоктугунан улам келип чыккан башаламандыктар менен демонстарциялардан улам бийликтен куулган. Бакиев айрым ММКларды дагы жабууга буйрук берген. Мурдагы болгон саясий кризистей эле Батыш эч кандай кызыкчылыгын көрсөткөн эмес.
Кыргызстанга карата кызыгуу россиялык жана америкалык аскер базалары ачкандан кийин пайда болду. «Манас» эл аралык аэропортундагы америкалык база Афганистандагы АКШнын аскерлери үчүн транзиттик борбор катары кызмат аткарат.
Кризисте Россия жана анын президенти Владимир Путин кандай роль ойногондугу тууралуу көп божомолдор айтылды. Ал америкалык авиабазанын ижара мөөнөтүнүн узартылышына каршы болгон жана россиялык ММКнын айрым элементтери Бакиевге каршы пиар-компания жүргүзгөндүгүнө шек жок.
Бишкек –  советтик өтүмүштүн дат баскан темир жасалгаларын, бетондорун жаап-жашырып турчу жашыл дарактарга, бадалдарга чөмүлгөн, парктары көп абдан жагымдуу шаар.
Кыргызстандын түндүгүндө, Бишкектен бир канча сааттык жол жүргөндөн соң Ысык-Көлдүн жээгине Балыкчы шаары жайгашкан. Балыкчы мурдагы СССРдин жакырланган мамлекетинин азыркы абалын ачык көрсөтүп турат. Бул шаарда жабылган заводдордун талкаланган айнектерин, дат баскан түтүктөрүн, кырк жамак болгон жолдорун жана тратуарларын жашыра турган дарактар аз.
Шаардын орус жашоочулары уламдан-улам азаюуда. Орус жана украин жаштары өлкөдөн кетип жатышат. Калаанын улгайган жашоочулары көлдөн кармалган кургатылган балыктарды туристтерге сатат.
Кыргызстандын улуттук курамы көбүнчө сталиндик саясаттын жыйынтыгы болуп эсептелет. Улуу Ата мекендик согуш маалында Борбор Азияга немистерди жөнөтүшкөн: орустар менен украиндер бул жакка заводдорду, фабрикаларды жана башка ишканаларды башкарыш үчүн келишкен. Космонавттар менен учкучтар жабык жана кайтарууга алынган Ысык-Көлдөгү мекемелерден машыгуудан өтүшкөн. Ал ошондой эле советтик элитанын өкүлдөрүнүн эс алуучу аймагы болгон. Баары өлкө эркиндик алгандан кийин талкаланып жок болду, бирок Борис Ельцин Ысык-Көлгө эс алганды жактырчу деп айтышат.

Майкл Фоли
«Irish Times», 23-май, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Майкл Фоли Кыргызстан Лениндин статуясы
Другие материалы раздела:
Комментарии
автогид бишкек


Публикации Авторов:

24.02.2020
"Zakon.kz"
Казахстан пожалуется на Кыргызстан в ВТО

24.02.2020
"Eurasianet.org"
Туркменистан: маскируя реальность - обзор событий

24.02.2020
A.Yuldashev (A+)
Бишкек и Душанбе договорились обменяться 23 гектарами земли

23.02.2020
“Review.uz”
Узбекистан разместит у себя серверы Google, Facebook и Yandex

21.02.2020
"UzReport.uz"
Сингапурская компания предложила Ташкенту сотрудничество по переработке отходов

21.02.2020
V.Panfilova, NG
Кыргызы вытолкали из страны китайского инвестора

19.02.2020
V.Panfilova, NG
Таджики объявили своей Баткенскую область

17.02.2020
"Zakon.kz"
В Узбекистане признали, что мирных жителей в Андижане расстреляли правительственные войска

17.02.2020
"Asia plus"
Жители села Сомониён: «Если отдадим наше село, Чоркух высохнет»

13.02.2020
G.Ivanova (Iz)
Свято место: почему США возвращаются в Центральную Азию

13.02.2020
"Eurasia.expert"
ЕАБР профинансирует масштабный инфраструктурный проект в Казахстане

12.02.2020
V.Panfilova, NG
Туркменистан укрепляет границу с Афганистаном

11.02.2020
"Nezavisimaya gazeta"
К-Т. Токаев уволил силовиков

10.02.2020
V.Panfilova, NG
Погромы в Казахстане покрывали госорганы

06.02.2020
V.Panfilova, NG
Душанбе не спешит в Евразийский союз

06.02.2020
"RIA Novosti"
В Москве умер сын экс-президента Кыргызстана, сообщили СМИ

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней