Олланд такка олтуруу каадасында эле айырмалана баштады
четверг, 17 мая 2012 г. 16:41:57
Параддагы жамгыр жана Олланддын катуу жаанда учканы

Такка олтуруу каадасынан кийин Франциянын президенти Берлинге Меркель менен жолугушканы жөнөдү жана ал жерден Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүү планын тез арада түзүүнү өтүндү.
Кечээ кечинде Франциянын жаңы президенти Франсуа Олланд Германиянын канцлери Ангела Меркель менен болгон өзүнүн биринчи жолугушуусунда Европа Биримдигин өнүктүрүү боюнча план түзүүнү көптөн көп өтүндү. Ал ошондой эле экономиканын кескин чараларын жумшартуу Грециянын евроаймакта калышына жардам бериши мүмкүн экенин белгиледи.
Олланддын инаугурациясынан бир нече саат өткөн соң болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Берлинде биргелешкен басма сөз жыйынын өткөрүп жатып эки лидер тең Грецияны колдоого даяр экенин билдиришти.
Германиянын канцлери Ангела Меркелдин «Греция евро аймакта калышы үчүн Франция менен Германия колдон келген аракетти кылаарын» айтканына карабай, Олланд өз кезегинде ЕБге мүчө мамлекеттердин Афинага берген жардамы көбөйтүлүшү керек экенин абдан катуу өтүндү. «Биз Европа анын экономикалык өнүгүшүн колдоого даяр экенин айтышыбыз Грецияга керек. Биз экономикалык өнүгүү куру сөз эмес, иш менен дагы коштолоорун көрсөтүүгө тийишпиз», - деп айтты ал.
Эки мамлекеттин башчылары кийинки шаршемби күнү чукул чогула турган франко-герман саммити болоорун жана еврокризис талкууга алынаарын билдиришти. Олланд жыйында «бардык варианттар» караштырылаарын айтты. Меркель Олланддын экономикалык өсүш элементин кошуш үчүн бюджеттик пактныы кайра карап чыгуу тууралуу талаптарына макул болуудан таптакыр баш тартты. Бирок ошого карабай, ал келишимге жетишүүнүн артынан, болжолу ЕБге мүчө мамлекеттердин экономикалык өсүшүн стимулдаштырууга багытталган кошумча келишимдер каралышы мүмкүн экендигин айтты.
Канцлер кечээ кечинде болгон биринчи жыйын эки лидердин бири-бирин жакындан таанышына мүмкүндүк бергенин белгиледи. Ал ошондой эле Европага байланыштуу ар кандай көз карашта болушканына карабай, Олланд менен «иштеше алам» деп ниеттенип жатканын баса белгиледи.
Жамгыр коштогон такка олтуруу каадасынан соң, Франциянын президенти Европадагы экономикалык өсүштүн «жаңы жолу» жөнүндөгү баяндар менен алектенди. Анын өтүнүчү боюнча Парижде болгон инаугурация салтанаты мурдагыларга салыштырмалуу жөнөкөйүрөөк жана формалдуулугу азыраак болду. Ал оптимисттик, бирок реалдуу сөз сүйлөдү жана «Франция менен Европага карата ишенимди калыбына келтирем» деп убада берди. Олланд ошондой эле «пландалып жаткан нерселерди ишке ашырыш үчүн убактылуу чектөөлөр бар экенин» мойнуна алды, себеби ал Елисей ак сарайында болгону беш гана жыл тура алат. Анын айтымында, «аябай чоң карызы, алсыз экономикалык өсүш жана атаандаштыкка карата деградация» болгонуна карабай Франция менен Европа биргелешип аракеттенүү менен кризистен чыга алат. «Кризистен чыгыш үчүн Европага инфраструктуралык долбоорлор, тилектештик жана экономикалык өсүш зарыл», - деп айтты ал.
Ага чейин Елисей ак сарайынын короосуна карай кызыл килем төшөлгөн жолдо Олланд 10 күн мурда президенттик шайлоодо жеңилген адам менен жолугушту. Николя Саркози бир кезде өзү «ал ким экен» деген адамдан жеңилүү ызасын тартып калганын араң эле жашырып турду. Бир аз эле убакыт кол алышкандан соң, Николя Саркози ийинин шалдайта тескери бурулду. Ал Социалисттик партиядан чыккан өз атаандашын президенттик ак сарайга алып келди. Сарайда 40 мүнөт бою Саркози жаңы президентке ишин, анын ичинде өзөктүк тосмонун француз каражаттарын көзөмөлдөп турган коддорду өткөрүп берди.
Франциянын тарыхында алгачкы жолу кетип жаткан жана жаңы президенттин аялдары бир чыныдан кофе ичүү маалында жолугушту. Карло Бруни-Саркози менен Олланддын жубайы Валери Триервейллердин мамилеси алардын күйөөлөрүнө караганда жакшыраак болуп чыкты. Эки аял тең камеранын алдында бири-бирин бетинен өптү. Экс-президент Николя Саркози өзүнүн аялы менен лимузинге олтуруп, мурдагы администрациясынын жана өзүнүн кызматкерлеринин дүркүрөгөн кол чабууларынын коштоосунда жөнөп кетти.
Өзүнүн 20 мүнөттүк инаугурациялык сөзүндө Олланд ал Саркозинин учурунда байкалган шаан-шөкөттүү, албууттанган жана өзүм билемдик башкаруудан баш тартаары тууралуу өз убадасын кайталады. Жаңы президент «кадыр-баркы жана жөнөкөйлүгү» менен башкараарын билдирди. Ал ошондой эле күнүмдүк иштер менен өкмөт башчы алектенген, ал эми президент жетекчилик ролду ойногон француз өкмөтүнүн салттуу түзүмүнө кайтып келүүгө убада берди. «Мен артыкчылыктарды аныктоого ниеттенип жатам, бирок мен алардын баарын чечүүгө ниеттенген жокмун», - деп айтты ал.
Сөзүнүн аягында Олланд өзүнө чейинки алты президенттин бешөөнө ызаат сөздөрүн айтты. Алтынчы президент Саркозиге Олланд жөн гана «анын жаңы башталган жашоосуна ийгилик каалайм» деп тим болду.
2007-жылы болгон инаугурациясына Николя Саркози досторун, үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо 200 киши чакырган. Жөнөкөйүрөөк салтанатты жактыраарын көрсөтүш үчүн президент Олланд болгону 30 досун жана кесиптешин чакырган, анын үй-бүлөсүнүн бир дагы мүчөсү такка олтуруу каадасына келген жок.
Салтанатка ошондой эле саясатчылар, аскер жана диний ишмерлер, маданияттын айтылуу ишмерлери, ошондой эле көзү өткөн президент Франсуа Миттерандын 38 жаштагы никесиз төрөлгөн кызы Мазарина Пинжо катышты. Бардык каадалар сакталган салтанаттан кийин Олланд Елисей талаасында жайгашкан Триумфалдык аркага багыт алды. Ал Триумфалдык аркага келген кезде жамгыр жааганы токтоп, күн чыкты. Күн нурунан жаңы президенттин костюму жана аны коштоп барган гвардиячылардын шлемдери менен кийимдери жаркырап турду.
Белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюп, жамгырдан суу болгон президент Олланд парадга келген ардагерлерге көңүл бурду. Андан соң ал жакшы санашкан адамдар менен кол алышуу үчүн Елисей тааласына чогулган элге келди.
Елисей ак сарайында болчу түшкү тамакка бар жатып Олланд өз лимузинин токтотуп, бир нече мүнөткө коомчулук өкүлдөрү менен кол алышып, өбүшүп турду. Ал Франциянын татыктуу президенти болуш үчүн колунан келген аракетин жумшаарына жана өзгөчө шаан-шөкөттүү болбоого убада берди.

Айро аттуу адам Франциянын өкмөт башчысы болот
Жан-Марк Айро токтоо, эки тараптын макулдугу менен иш алып барган, анчалык айбат-сүрү жок жана эч качан министрлик кызматтарды аркалап көрбөгөн саясатчы болуп эсептелет. Ал акыркы Улуттук жыйында Социалисттик партиянын лидери болгон, ал эми 1989-жылы Нантанын мэри болуп турган. Айро жумушчу үй-бүлөдөн чыккан жана мурда немис тилинен сабак берчү. Ал ошондой эле Германияны жана анын саясатчыларын мыкты билет.
Өкмөттүн калган бөлүгү бүгүн айтылат. Солчулдардын өкүлү Мартин Обри министрлик чоң кызматка барат деп күтүлүүдө. Аткаминерлердин ырасташында, ал билим берүү министри болмокчу, ал эми Мишель Сапин каржы министри, ошондой эле европалык иштер боюнча мурдагы министр Пьер Московичи болжолу Франциянын тышкы иштер министри болуп кызматка дайындалат.

Тони Патресон  менен Джон Личфиелд
«Independent», 16-май, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Олланд Франция такка олтуруу каадасы
Другие материалы раздела:
Комментарии
рено


Публикации Авторов:

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней