Дубайга суу алдындагы мейманкана курулат
среда, 16 мая 2012 г. 17:04:05
Суу алдындагы мейманкана Дубайдын кезектеги керемети болот

Асман тиреген үйлөр эч кимди таңкалтырбай деле калды. Саякатчыларга океанды жакыныраак көрсөтүш үчүн Дубайдын «Drydocks World» курулуш компаниясы жана Швецариянын «BIG Invest Consult» консалтинг, инженердик жана брокерлик фирмасы Дубайга «Water Discus Hotel» аттуу суу алдындагы кымбат мейманкананы курууга ниеттенүүдө.
Мейманкананын долбоору польшалык «Deep Ocean Technology» компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Ойлоп табуучулар конок үй корралл рифтери менен курчалып, эки адам үчүн үлкөн терезелери бар 21 номерлүү жана дайвинг-борбору менен кошо курулаарын айтышууда. Бөлмөлөр 10 метр тереңдикте жайгашып, ошондой эле дайвингди (атайын жабдуулардын жардамы менен суу алдында сүзүү) үйрөтүү боюнча кызмат сунушталмакчы. Мейманкана ошондой эле кезектештирүү мүмкүндүгүнө да ээ. Суу алдындагы чоң диск түрүндөгү мейманкананын түзүмүнө спа-салон жана болжолу суу алдында жүрүүнү каалабаган коноктор үчүн жогорку террасасында бакча жана бассейн жайгашат.
Архитектор Павл Подвожевскинин айтымында, мейманкананын долбоорун ал эки жыл мурда баштаган. Ал  курулушка кеткен чыгымдарды көбөйтүп жибербеш үчүн бул долбоорго биринчи кезекте имарат эмес, кемеге жасагандай мамиле кылган жана анын түзүмүн жөнөкөйлөштүргөн. Мейманкана суунун үстүнө ремонт иштерин жүргүзүш үчүн, же эвакацияланыш үчүн кайсы гана жерде болбосун 15 мүнөттөн тартып 12 саатка чейин сүзүп чыга алат, ошондой эле аны башка орундарга жылдырса да болот. Анын айтымында, долбоордун эң кымбат бөлүгү болгон акрил терезелерин бюджетке карап алып салса же тескерисинче кошуп койсо да болот.
«Water Discus Hotel» - курулушу буга чейин жарыяланган жалгыз конок үйү эмес. Бирок ал ишке аша турган алгачкы долбоор болуп калышы мүмкүн. 2006-жылы Дубайдын Жумейра пляжынын жээгине 250-300 номерлүү «Hydropolis» мейманкасынын курулушу пландалып жатканы жарыяланган. Бирок 300 млн. АКШ долларына бааланган мейманкананын курулушу дагы эле баштала элек. «U.S. Submarine Structures» компаниясы Фиджиге «Poseidon Undersea Resort» курорту курулаарын да билдирген жана бул эс алуу үйүндө жети күн жана алты түн болгон бир адам 15 миң АКШ долларын төлөмөк. ««Poseidon» курулуштун узакка созулуп кеткен баскычында турат жана курорт 20 айдан кийин гана ачылат», - дейт «U.S. Submarine Structures» компаниясынын аткаруучу директору Брюс Джонс. Дагы бир суу алдындагы конок үйдү Стамбулга куруу пландалган.
Эгерде дизайн менен инженерия тууралуу маселени четке алып сала турган болсок, кокустан барып калган саякатчы: «Мага күнгө күйүүдөн сактоочу кремдин кереги барбы же жокпу? Мейманкананы деңиздин жаныбарлары коркутса эмне болот? Эгер туура эмес бир нерсе болсо, аны суунун үстүнө алып чыга турган эвакуация системасы иштейби? «Жаактар-3» тасмасын конок үйгө бараарда көрсө болобу? Мен деңиз оорусу менен ооруп калышым мүмкүнбү?» деген сыяктуу суроолорду узатышы мүмкүн.
«Долбоор дизайнга карап 50 миллиондон 120 млн. долларга чейин бааланат», - деди кабарчыларга «Drydocks World» компаниясынын өкүлү. Долбоорду «BIG Invest Consult» каржыламакчы, ошондой эле конок үйдүн концепциясы менен технологиясы үчүн «Deep Ocean Technology» иш алып барат. «Drydocks World» менен «Maritime World» Жакынкы Чыгыштагы сүзүүчү шаарлар менен жаңы мейманкалардын негизги иш аткаруучулары (подрядчиктер) болуп эсептелет. «Chicago Tribune» басылмасы кабарлагандай, азыркы күндө иш аткаруучулар беш объектини куруп жаткан учуру, ошондой эле бүткүл дүйнө боюнча суу алындагы мейманкаларды курууну пландашууда.

Ванесса Вонг
«Business Week», 14-май, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Суу алдындагы мейманкана Дубай Ванесса Вонг
Похожие материалы:
Другие материалы раздела:
Комментарии
mercedes benz


Публикации Авторов:

12.12.2019
P.Leonard, EuAs
Узбекистан: выборы оживились, но выбор ограничен

11.12.2019
"Platon.Asia"
Порт Актау присоединится к Региональному форуму по торговле и транспорту

11.12.2019
"Finance.kz"
Кыргызстан демонстрирует один из самых высоких темпов развития в ЕАЭС

10.12.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Нур-Султан освободит немецкий бизнес от налогов

07.12.2019
V.Panfilova, NG
Президент Таджикистана готовит себе преемника

03.12.2019
"Vedomosti Kazakhstana"
Транзит Касым-Жомарта, Шавката и Сооронбая: «сегунат», выход из-под контроля и борьба со спецслужбами

02.12.2019
"Tengrinews", KZ
Иностранный олигарх "спонсировал" политиков из Казахстана - СМИ

29.11.2019
F.Vakilov (Trd)
Узбекистан - "Открытие года" по версии National Geographic Traveler

28.11.2019
V.Panfilova, NG
Казахстанский бизнес укрепляется в Кыргызстане

27.11.2019
"Express-k.kz"
Казахстан – единственный в мире экспортер осмия, самого дорогого металла в мире

27.11.2019
К.Карабеков, К.Кривошеев, Ъ
Кыргызская таможня перешла все границы

25.11.2019
"Haqqin.az"
Кыргызы протестуют против коррупции

25.11.2019
"Eurasia.expert"
Армения и Казахстан упростят миграционный режим

25.11.2019
V.Panfilova (NG)
Президенту Кыргызстана грозят импичментом

21.11.2019
"Vesti.uz"
Из Узбекистана активнее других выезжают казахи

20.11.2019
"Cabar.asia"
«Противоречит национальному менталитету». Почему узбекские артисты уезжают за границу?

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней