Сирияда жарылган үндөр жаңырып жатат
воскресенье, 13 мая 2012 г. 10:20:56
Сириядагы жардыруулар зомбулуктун күчөшүнүн коркунучтуу белгиси болуп калды

Адегенде далилдер: бейшемби күнү эртең менен Дамаскинин Аль-Каззаз районунда катары менен болгон эки теракт былтыр Сириядагы көтөрүлүш башталгандан берки эң катуу теракттардан болуп калды.
Сириянын мамлекеттик телеканалы токтоосуз түрдө кан жайылган унаалардын ишпалдасы чыккан кебетесин эфирден көрсөттү. Ошондой эле телеканалдын диктору жардыруу учурунда бери дегенде 55 адам курман болгонун кабарлады.
Учурунда бейпил жашап келген башкалаада быйыл беш жарылуу болду. Буга чейин 17-мартта эң катуу жарылуудан бери дегенде 27 адам көз жумуп, 100 адам жаракат алган.
Ысымын атабоону өтүнгөн, колго жасалган жардыргыч түзүмдөр (КЖЖТ) боюнча аскер эксперти BBCге «кол салуу абдан так пландалган жана ойлонулган» деп билдирди. Анын айтымында, катары менен болгон теракттын уюштуруучулары Сириянын атайын кызматынын кызматкерлерине абдан катуу сокку урууну каалашкан.
«Чабуулчулар жарылуулардан жарандык калк жабыр тартат дегенди көңүлгө алышкан эмес. Көрүнүп тургандай, биринчи жардыргыч түзүм классикалык «азыткы» болгон - кызматкерлер имараттын ачык аянтына коюлган көбүрөөк кубаттуу жардыргыч түзүмгө келиши үчүн адегенде анча чоң эмес түзүм жардырылган. Аралыктан башкаруунун жардамы менен керектүү болгон убакта күчтүү экинчи жардыргычка болжолу 225 же болбосо 450 килограмм жардыргыч зат шыкалган. Келтирилген зыяндын мүнөзүнө караганда, колго жасалган жардыргыч түзүмдөр колдонулган деп болжоого болот», - дейт ал.

Терактка катышкан тараптар
Башкы суроо «Муну ким кылды жана эмне үчүн?» дегенге такалат. Сириянын өкмөтү «оппозициялык күчтөр БУУнун ортомчулугу менен жетишилген элдешүүнү бузууга ниеттенип жатат» деп бардык жоопкерчиликти террорчулардын мойнуна жүктөдү. Чабуулчулардын негизги бутасы «Палестин аскер бөлүмүнүн» имараты болгон, ал жерде көпчүлүк байкоочулар ырастап жатышкандай режимдин душмандарына сурак жүргүзүлүп, ал кыйноо менен коштолчу.
Бирок сириялык оппозиция жардырууга тиешеси бар экендигин танууда. Тескерисинче, оппозиция бийликти «өз элине каршы терактарды ишке ашырып жатат» деп айыптады. Оппозиция өкүлдөрүнүн тастыктоосуна караганда, жарылуулардын жардамы менен бийлик оппозицияны жаманатты кылып, азыркы учурда Дамаскиде жүрүшкөн БУУнун байкоочуларынын колдоосуна ээ болмок.
Чыны менен эле Сирия өңдүү көз карандысыз мамлекет Макиавелли стилинде өзүнүн айрым кара ниетин ишке ашырыш үчүн жеке коопсуздук күчтөрүн өлтүрүрүүгө дити баргандай ошончолук уятсызбы?
«Asia Pacific Foundation» уюмунун эл аралык тероризм боюнча эксперти Ажан Гоель жогоруда айтылган көз карашты туура эле көрөт. Ал: «Сириялык режим үгүттөө максатында өз элине каршы кол салууга жөндөмдүү. Буга чейин биз Ливанда да так ушундай иштерге күбө болгонбуз », - дейт. Ал ошондой эле теракттар «өкмөттүк күчтөрдүн карапайым калкты атып жатканын» сындап жаткан эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруш үчүн жасалышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

Джихаттык топтордун катышы барбы?
Бирок негизги оппозициянын катарына кирбеген, буга чейин болгон ири терактардын жоопкерчилигин мойнуна алып келген «үчүнчү күч» да бар. Январь айында «Аль-Нусра Фронт» деген көзгө илинбеген бир закым террорчу топ пайда болгон жана ошондон бери анын өкүлдөрү уюмдун унаа жана жүк ташыган машинаны пайдаланып ишке ашырган буга чейинки чабуулдарга катышы бар экендигин тастыктап келишет. Ошондой эле бул топ март айында полициянын штаб-квартирасына жана аскер-аба күчтөрүнүн чалгындоо имаратына коюлган чабуулду мойнуна алган.
«Аль-Нурса Фронт» ачык эле джихаттык максатты көздөөдө. Анын «Шамдын моджахеттерине» окшогон жоочулары бар, ошондой эле бул топтун «Аль-Каида» менен байланышы бар экендиги тууралуу да божомолдор бар.
Буга чейин быйыл Усама бен Ладендин мураскери, «Аль-Каиданын» жаңы лидери доктор Айман аль-Завахири мусулмандарды Сириядагы революцияны колдоого чакырган, бирок оппозиянын өкүлөрү бул уюм менен эч кандай мамиле түзгүсү келбей турганын билдиришкен.
Ошого карабай, Сирияга мынчалык катуу таасир этүүчү, пландалган жана натыйжалуу чабуулдарды уюштуруу жана бомбаны жасоо болгону эки гана уюмдун - Ирактагы «Аль-Каиданын» (Сирия менен чектешкен мамлекет) жана Сирия өкмөтүнүн колунан келет дегендер да бар. Кимисине ишенсеңиз эрк өзүңүздө.

Фрэнк Гарднер
BBC, 11-май, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Фрэнк Гарднер Сирия Аль-Каззаз жардыруу
Другие материалы раздела:
Комментарии
продажа авто в бишкеке


Публикации Авторов:

11.11.2019
"RIA Novosti"
Эксперты рассказали о взаимодействии России и Китая в Азии

11.11.2019
"TASS"
Макрон заявил о готовности решать проблемы Центральной Азии со всеми странами региона

11.11.2019
"Haqqin.az"
Резиденция президента Казахстана осталась без света

06.11.2019
"Haqqin.az"
Таджикистан задумал передать Узбекистану территорию с золотом

01.11.2019
"LSM.kz"
Казахстан поставил ультиматум странам ЕАЭС

01.11.2019
V.Panfilova, NG
Пекин осваивает Горный Бадахшан

30.10.2019
J.Lillis, EN
Кто же все-таки лидер нации в Казахстане?

24.10.2019
K.Karabekov, Ъ
Дело экс-президента Кыргызстана рассмотрят конституционно

24.10.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Туркменский газопровод берут под охрану афганские военные

23.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев возвращает свои полномочия

18.10.2019
A.Saruar (LSM.kz)
Казахстан проиграл всем странам ЕАЭС во взаимной торговле

16.10.2019
"CentrAsia"
Вернут ли Жээнбеков и Трамп американскую военную базу в Кыргызстан?

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней