Ички саясий маселелерден улам Путин «Чоң сегиздиктин» саммитине катышуудан баш тартууга аргасыз болду
четверг, 10 мая 2012 г. 22:50:32
Путин АКШдагы саммитке жана Обама менен жолугушууга барбайт

«Россиянын президенти Владимир Путин кийинки аптада АКШга барбайт, себеби ал ички маселелерди чечиш үчүн мекенинде калууну эп көрдү», - деп кабарлады шаршемби күнү Ак Үй.
Путин президент Барак Обама менен Ак Үйдө жолугушууга жана андан кийин Кэмп Дэвиддеги «Чоң сегиздиктин» экономикалык саммитине катышууга тийиш болчу. Шаршемби күнү Путин Обамага телефон чалып, АКШга бара албасын өкүнүү менен билдирип, анын себебин «Россиянын жаңы өкмөтүнө министрлерди дайындоо процессин аягына чыгаруу зарылдыгы» менен түшүндүрдү. Путин Кремлге кайрадан кайтып келүү ниетин билдиргенден кийин, Россияны нааразылык акциясынын толкуну каптады.
Путиндин чечими акыркы жыйырма жылдагы эң ири акциялар болгон көчө демонстрацияларын пайда кылды. Шейшемби күнү Обаманын администрациясы орус аткаминерлерин нааразычылык акциясына чыккандарга «начар мамиле» кылышканы үчүн сындап чыкты.
Экономикалык саммитке Путиндин ордуна учурда Россиянын өкмөт башчысы болуп калган Дмитрий Медведев барат. Парламенттин көптөгөн мүчөлөрү каршы добуш бергенине карабай, Медведевдин өкмөт башчылык кызматка талапкерлиги ушул аптада бекитилди.
Ак Үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Том Донилон өткөн аптада Москвада Путин менен жолугушкан. Жолугушуунун жүрүшүндө Путин ага «Чоң сегиздиктин» саммитине катыша албасын айткан. Донилон Ак Үй россиялык президенттин баш тартканынан улам жаман абалда калды го деген ой-жорууларды четке какты. Анын ордуна Обама менен Путин Мексиканын Лос Кабостунда июнда өтө турган «Чоң жыйырмалыктын» жыйынында жолугушмакчы.
«Эки президент тең мамилелерди кайрадан баштоо жана акыркы жылдардагы узак диалогун кайрадан жандандыруу ниетин билдиришти», - деп айтылат Ак Үйдүн маалыматында. Ошондой эле билдирүүдө тараптар өзөктүк коопсуздук менен өзөктүк куралдарды таркатпоо, Афганистандагы согуш, Россиянын Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуп кириши жана сооданын көлөмүн көбөйтүү боюнча маселелерде кызматташтыкты улантууга ниеттенип жатышканы айтылат. Билдирүүдө Европадагы Ракетага каршы коргонуу системасы жана Россиянын БУУнун Сирия боюнча резолюциясына каяшасы тууралуу пикир келишпестиктер жөнүндө эч  кандай эскертилген жок.

Лаура Меклер
«Wall Street Journal», 9-май, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Путин АКШ саммит Обама Чоң сегиздик
Другие материалы раздела:
Комментарии
avtogid.kg


Публикации Авторов:

18.07.2019
"Dzen.Yandex"
Чт за народ каракалпаки в Узбекистане?

18.07.2019
"Afghanistan.ru"
Узбекистан собирается принять участие в строительстве афганского участка газопровода ТАПИ

17.07.2019
V.Panfilova, NG
Президента Кыргызстана перехватила Москва

15.07.2019
"Ritmeurasia"
Чем выгоден ЦА экономический коридор Пакистана и Китая

12.07.2019
K.Karabekov, K.Krivosheev, Ъ
Россия и Кыргызстан рекультивируют отношения

12.07.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский вектор становится менее привлекательным для стран ЕАЭС

12.07.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Премьер-министр Узбекистана доволен тем, как развиваются отношения его страны с Россией

09.07.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Евросоюз презентовал в Бишкеке новую стратегию для Центральной Азии

09.07.2019
V.Panfilova, NG
Русских в Туркменистане легализуют

07.07.2019
"Tengrinews"
Кыргызстан всколыхнуло убийство иностранца в центре Бишкека

04.07.2019
V.Panfilova, NG
Туркменские мигранты ищут «Путь к свободе»

01.07.2019
V.Panfilova, NG
Экс-президенту Кыргызстана грозит пожизненное заключение

26.06.2019
"EADaily"
В Афганистане формируется новая база ИГИЛ — эксперт

26.06.2019
"RIA Novosti"
В ОДКБ рассказали о возросшей угрозе терактов в Центральной Азии

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней