Путин демократиялуу көрүнүп, бирок бийликте да көбүрөөк калгысы келип жатат
понедельник, 7 мая 2012 г. 20:37:19
Путин өзү эмес, президенттик кызматтын мөөнөтү жөнүндө түзөтүүнү кабыл алууда

Россиянын жаңы шайланган президенти эки президенттик мөөнөттөн ашык шайланууга чектөө киргизүү «акылдуулук» болот деп айтты.
Россияны 12 жылдан бери башкарып келе жаткан жана болжолу дагы 12 жыл башкара турган Владимир Путин парламентте кайсы гана президент болбосун кызматта эки мөөнөттөн ашык турууга тыюу салуу «акылдуулук» болмок деп белгиледи. Бирок ал өзүнө карата мындай чектөөнү кескин түрдө четке какмакчы. Өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Владимир Путин 7-майда кайрадан президент болуп кызмат ордуна келет.
Шаршемби күнү болгон суроо-жооп формасындагы сүйлөшүү учурунда Путин өзүнүн президенттик мөөнөтү тууралуу кылдат суроого кайрылууга аргасыз болду. Путин парламенттин алдында отчет менен чыгып 7-майда баштала турган өзүнүн үчүнчү президенттик мөөнөтүнүн максаттары тууралуу айтты. 4-мартта болгон шайлоодо жеңишти камсыз кылган Путин өз оппоненттерин Россиянын экономикалык прогресси үчүн биригүүгө чакырды.
«Бүгүн биз дагы деле болсо саясий кармаштардагы эмоциялардын толкунун чечип жатабыз», - деп айтты ал өзүнүн чыгып сүйлөгөн 90 мүнөттүк сөзүндө. «Бышып жетилген демократиянын логикасы шайлоонун өтүшү менен жаңы, биргелешкен иштердин көбүрөөк маанилүү баскычы башталганында. Биз келечекти карашыбыз керек».
Бирок ал суроолорго жооп берип жатканда оппозициялык «Оңчул Россия» партиясынын бардык 64 депутаты анын жоопторуна нааразы болуп имараттан чыгып кетишти. Партия Астрахань шаарынын мэрине талапкер болуп жеңи алган талапкер төртүнчү аптадан бери анын кызмат ордуна таза эмес жол менен атаандашын коюп коюшканы үчүн ачкачылык кармап жатканын жана буга президенттин кийлигишүүсүн өтүндү.
«Биз түшүнбөй жатабыз, эмне үчүн сиз жагдай менен таанышуу үчүн убакыт таппайсыз?»,-деп айтты партиянын лидери Сергей Миронов. Путин ал аталган ишке аралашууга ыйгарым укугу жок экендигин айтып, партияга сотко кайрылууга кеңеш берди.
Андан соң президенттик мөөнөт тууралуу провокациялык суроо берилди. Россиянын Конституциясы эки жолудан ашык президенттик мөөнөткө шайланууга тыюу салат, бирок кезектешпеген мөөнөткө чек койбойт. Путин эки мөөнөтүн 2000-жана 2008-жыл аткарып бүткөн, андан кийин ал жогорку кызматтан кетип, өкмөт башчылык кызматты аркалап, бирок муну менен өлкөнүн башкы лидери катары кала берген.
Кезектеги президенттик мөөнөт кетип жаткан президент Дмитрий Медведев демилгелеген мыйзамга ылайык, 2018-жылга чейин созулмакчы. Мыйзам боюнча президенттик мөөнөт төрт жылдан алты жылга чейин көбөйтүлөт. Путин кайра шайланып жана Иосиф Сталинди кошпогондо башка советтик лидерлерден да көп - 2024 жылга чейин президент болушу мүмкүн.
Оппозициялык лидерлер эң көп эки президенттик мөөнөттү кабыл тууралуу суроону көтөрүштү. Сүйлөшүү маалында Коммунисттик партиянын депутаты Владимир Бортко Путинге демократияны бекемдеш үчүн мындай өзгөрүүгө даярсызбы деп суроо узатты.
«Мунун мааниси бар деп ойлойм», - деп жооп берди 59 жаштагы Путин. Бирок ал анын ага тиешеси жок экенин айтты, себеби мыйзам артка кетүүчү күчкө ээ эмес. «Ал колдоо тапса менде кийинки эки мөөнөткө иштөө мүмкүнчүлүгү пайда болот», - деп кошумчалады ал. «Бул жерде эч кандай маселе жок».
Путин 2018-жылы президенттикке талапкерлигин коерун биринчи жолу айтып жаткан жери жок. «Бул толук нормалдуу көрүнүш, эгер баары жакшы болсо эл өзү эле каалайт», - деп айткан ал өткөн айда чет элдик ММКга. «Буга макул болууга мүмкүн эмес», - дейт «Оңчул Россия» партиясынын депутаты Александр Агеев. «Ал «келгиле, менден баштайлы, мен алты жылдан кийин шайлоого барбайм» деп айтышы керек болчу.Бул анын уятсыз мамилеси болду».
Конституция боюнча адис Илья Шаблинский президенттик мөөнөттү чектөөгө байланышкан түзөтүү аны «эң мыкты кадыр-барк менен камсыз кылат» жана ал кийинки айда баштай турган президенттик мөөнөт мыйзамдык жактан алганда анын биринчи мөөнөтү болуп калат деп эсептейт. Бирок Шаблинский мындай чечмелөөнү кабыл албайт.
Мыйзам боюнча башка адистер бир нече жыл мурда кабыл алынган губернаторлордун ыйгарым укуктары тууралуу россиялык мыйзамда мурдагы мөөнөттөрдү жокко чыгарып сала турган жолдор бар деп белгилешет.

Ричард Бодроу
«Wall Street Journal», 11-апрель, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Путин президенттик кызмат мөөнөтү
Другие материалы раздела:
Комментарии
авторынок киргизии


Публикации Авторов:

23.09.2019
"Nur.kz"
СМИ: Мечети начали уничтожать в Китае

23.09.2019
"Afghanistan.ru"
Окружение Трампа боится вьетнамского сценария в Афганистане

23.09.2019
"KP.ru"
Кыргызстан предложил США усилить торгово-экономическое сотрудничество

21.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев выбрал имидж президента для бедных

20.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Кыргызстан готовится вернуть своих граждан из Ирака и Сирии

18.09.2019
K.Karabekov&Co, Ъ
Дипломатия минометов. На границе

18.09.2019
V.Panfilova, NG
Пограничники начали войну на футбольном поле

17.09.2019
RIA Novosti
Главы МИД Кыргызстана и Таджикистана обсудили инцидент на границе

12.09.2019
V.Panfilova, NG
Токаев меняет экономическую повестку в связях с КНР

10.09.2019
"KazTAG"
Китайцы атаковали системы связи Казахстана ради слежки за уйгурами – СМИ

06.09.2019
"Regnum"
Кыргызстан занимает 110-е место во Всемирном рейтинге туризма

05.09.2019
"Afghanistan.ru"
Бывшие американские дипломаты опасаются гражданской войны в Афганистане

05.09.2019
"Nezavisimaya gazeta"
Из Кыргызстана уходят инвесторы

03.09.2019
A.Konstantinov, Ъ
Президент Казахстана поменял местами базис и надстройку

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней