Пакистан Индияга өз ракетасын учуруу менен жооп берди
воскресенье, 29 апреля 2012 г. 10:52:48
Колдон келе турганы... Индиянын артынан Пакистан өз ракетасын сынады

Ракетанын учурулушу Азияда жарыша куралдануу толук жүрүп жатат дегендин акыркы далили болуп калды, ал эми «Дүйнө дарыгерлери өзөктүк согушту токтотуу үчүн» деген кыймылдын жаңы баяндамасында жарыша куралдануунун бүткүл дүйнөгө кооптуулугу жөнүндө айтылат.
Кечээ Пакистан өзүнүн өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңыланган ракетасы менен сыноо жүргүзгөнүн жар салды. Пакистандын ракетасы алыскы аракеттеги индиялык ракета ийгиликтүү сыналып бүткөндөн соң бир аптадан кийин сыналып олтурат. Эки мамлекет тең ракеталарын сынаганы Азияда азыркы учурда жарыша куралдануу күч алып баратканын эске салды.
Пакистанстандын расмий тараптары алар «Шахин-1A» ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн ырасташат. Пакистандык ракетанын чабыты Индиянын кайсы жерине болбосун жете алгыдай. Чиновниктер ошондой эле ракета сыналып бүткөндөн кийин Индия океанынын атайын белгиленген чарчысына чөктүрүлгөнүн билдиришти.
Пакистандын ракетасын сыноо өз кезегинде уникалдуу болуп эсептелген алыс аралыктагы «Агни-5» индиялык ракетасына сыноо жүргүзүлгөндөн кийин бир жумадан соң ишке ашырылды. Ал ракета Кытайдын көптөгөн ири шаарларын талкалап коюуга жөндөмдүү. Аткаминерлер ал «аныкталган бутаны» талкалаш үчүн иштелип чыкпаганын тастыктап жатышса да, көптөгөн талдоочулар ракета Пекин тараптан келиши мүмкүн болгон коркунучтарга каршы туруш үчүн иштелип чыккан деп эсептешет.
Пакистандын армиясынын отставкадагы генералы Талат Масуд: «Өзүңүздөр билгендей, Индия менен Пакистан бир топко чейин өзөктүк жана ракеталык программаларды иштеп чыгуу менен иш алып барышкан жана алар болочокто дагы ушундай иштерин улантышмакчы», - деп билдирди. «Азыркы учурда Индия Кытайдагы кайсы гана бутаны болбосун талкалай алат. Пакистан дагы алыстагы бутаны мелжей ала турган куралды өнүктүрүүнү жана өзүнүн курал-жарагын көбөйтүүнү каалайт».
Пакистан тандап алган убакыт тууралуу суроого ал: «Бул дал келүү болушу мүмкүн. Бирок ошол эле учурда балким бул бизде дагы өзүбүздүн ракеталык программабыз бар дегенди дүйнөгө көрсөтүш үчүн жасалышы ажеп эмес», - деп кошумчалады.
Буга чейин америкалык изилдөөчүлөр эгерде Индия менен Пакистан бири-бирине өзөктүк чабуул жасай турган болсо биздин планетада жашаган миллиарддга жакын адам ачкадан өлүшү мүмкүн экенин эскерткен. Алар ошондой эле «чектелген» согуш климатты бузуп, ал көп кишилердин өлүмүнө алып келет деп ырасташат.
Ошондой эле «Дүйнө дарыгерлери өзөктүк согушту токтотуу үчүн» кыймылынын изилдөөчүлөрү «эки мамлекеттин чатагынан кийин он жыл аралыгында АКШдагы жүгөрү жана соя өндүрүү 10 пайызга азаят» деп аныкташкан. Ал эми алгачкы төрт жылда Кытайда күрүч өстүрүү 21%га азаят.
«Индия менен Пакистандын курал-жарагы АКШ менен Россиянын арсеналындай болуп бүт дүйнөгө коркунуч жаратпайт. Ал өлкөлөрдөгү анча көп эмес курал-жарак бүтүндөй биздин цивилизациянын жашоосуна, башкача айтканда биздин адамзатка коркунуч жаратышы мүмкүн», - деп билдирди AFP агенттиги менен болгон маегинде «Дүйнө дарыгерлери өзөктүк согушту токтотуу үчүн» кыймылынын кызматкери Айра Гельфанда.
Өзөктүк куралды таркатпоо боюнча келишимдин катышуучулары болуп эсептелбеген түштүк-азиялык коңшулар 1947-жылдан бери үч жолу согушкан. 2002-жылы айрым талдоочулар «алар жаңы кагылышуунун кырында турат» деп эсептешкен. Коңшулар дайыма ракеталык сыноо жүргүзүп жана бири-бирине боло турган сыноо тууралуу алдын-ала маалымат берип турушат.
Пакистандын өзөктүк куралы дүйнөдө эң тез өнүгүп жатат деп эсептелгенине карабай, эл аралык коомчулук Дели менен Исламабадга буга окшогон сыноолорду жүргүзүп жаткан Түндүк Кореяга жасагандай катуу кысым көрсөткөн жок.
Акырындык менен Азия өлкөлөрү көп акча короткон куралдануу борборуна айланып бара жатат. Өткөн айда лондондук Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институту «быйыл азиялык мамлекеттердин аскердик чыгымдары Европа мамлекеттеринин чыгымдарынан ашып кетти» деп билдирди. Институт ошондой эле «Индиядан, Кытайдан жана Пакистандан тышкары, аскер техникасына Австралия, Индонезия, Япония, Малайзия, Сингапур, Түштүк Корея, Таиланд менен Вьетнам сыяктуу өлкөлөр көп каражат коротуп жатат» деп тастыктайт.
Пакистандык ракетаны сыноодон кийин өлкөдө жогорку даражалуу адамдардын соту болду. Бүгүн Пакистандын Жогорку Соту өлкөнүн премьер-министри Юсуф Раза Гиланини өлкөнүн президенти Асиф Али Зардариге каршы козголгон кылмыш ишин кайра баштоо тууралуу иликтөөгө демилгечи болуудан баш тарткандыгы үчүн «сотту урматтабайт» деген айып такты. Бирок талдоочулар бул соттук иш Гиланинин мындан аркы саясий жашоосуна кара так болуп калат жана ал кызматтан кетүүгө аргасыз болот деп болжоп жатышат.

Эндрю Бункомби
«Independent», 26-апрель, 2012 –жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Индия Пакистан жарыша куралдануу
Другие материалы раздела:
Комментарии
мицубиси


Публикации Авторов:

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней