НАТОнун мамлекеттери афган коопсуздук күчтөрүнүн дараметине көбүрөөк ишенип калышты
суббота, 21 апреля 2012 г. 14:18:24
НАТО боюнча союздаштар Афганистандан аскерлерди чыгарып кетүүнү талкуулаганы жатышат

Талибдердин кол салышынан улам он жылдык согуштун баардык кыйынчылыктары ачыкка чыга баштаган учурда шаршемби күнү эки күндүк сүйлөшүүлөргө чогула турган НАТОго кирген өлкөлөрдүн министрлери бардык назарын Афганистандан аскерлерди чыгарып кетүүгө байланышкан маселелерге бурушмакчы.
Тышкы иштер жана коргоо министрлеринин ортосунда болгон сүйлөшүүлөр АКШнын президенти Барак Обаманын катышуусунда Чикагодо 20-21-майда боло турган саммитке негиз түзөт. Анда 130 миң аскерди Афганистандан алып чыгып кетүү тууралуу эки жылдык план макулдашылат.
2010-жылы ноябрь айында НАТОнун лидерлери «коопсуздукту акырындап афган күчтөрүнө өткөрүп берүү 2014-жылы аяктайт» деп сүйлөшүшкөн, бирок күрөш жүргүзө турган афган коопсуздук күчтөрүнүн акысы тууралуу маселе акыр-аягына чейин талкуулана элек.
НАТОнун расмий өкүлөрү «Афганистандагы чабуулдар азая баштады» деп ырасташууда, бирок жекшемби күнү ишке ашырылган, 51 адам курман болгон, анын арасында 36 жоочунун жанын алган, уюшкан кол салуу талибдердин ит жандуу экенин баса көрсөттү.
«Көрүнүп тургандай, биз коопсуздук маселелери менен мурдагыдай эле алышып жатабыз. Бул мындай чабуулдардын биринчиси эмес жана акыркысы деп да ойлобойм», - деди дүйшөмбү күнү НАТОнун басма сөз катчысы Оана Лонгеску. Знакомые посоветовали сходить в ломбард авто Скай Моторс который находится недалеко от моей работы, и я осуществил свою мечту «Бирок буга окшогон чабуулдар коопсуздук боюнча жоопкерчиликти өткөрүп берүү стратегиясына таасир эте албайт, ошондой эле алар биздин НАТОго мүчө мамлекеттер жана союздаштар менен 2010-жылы ноябрда Лиссабондо болгон саммитте макулдашылган максаттарыбызга жана мөөнөттөрүбүзгө таасир эте албайт».
Афгандыктардын талибдерди өздөрү ордуна кое турган сүрдүү күчкө айланышы жоопкерчиликти ийгиликтүү өткөрүп берүүнүн ачкычы болуп калмакчы. НАТОнун расмий өкүлдөрү «жекшемби күнү болгон окуяда афган коопсуздук күчтөрү башка бирөөнүн жардамын күтпөй эле талибдер менен өз алдынча күрөшө алаарын көрсөткөнү «даана сезилген» жылыштын белгиси болуп калды» деп ырасташууда.
Шейшемби күнү Австралиянын өкмөт башчысы Джулия Гиллард анын өлкөсү аскерин бир жыл мурда алып кетүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Ал ошондой эле «акыркы 18 айда Афганистандагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маселелерде сезилерлик жыйынтыктар болгондон кийин аскерлердин ири бөлүгү 2013-жылы чыгарылып кетет» деп билдирди.
НАТО быйыл «афган коопсуздук күчтөрүнүн саны 352 миңге чейин көбөйүшү керек»» деп ырастайт, бирок аскерлер менен коопсуздук күчтөрүнүн болочок саны канча болору талкуланып жатат. Америкалык план боюнча 2017-жылы афган күчтөрү 228500 аскерге чейин кыскарышы керек.
Союздаштар аскерлешкен күчтөрдүн баасын талкуулап жатышат, айрым маалыматтарга таянсак, ал жылына 4,1 миллиард АКШ долларын түзмөкчү. Кошмо Штаттар 2,3 миллиард АКШ долларын төлөп берет, ал эми анын союздаштары калган бөлүгүн төлөйт деген божомол бар. Ошондой эле министрлер курч маселелерди, анын ичинде Россиянын кыжырын кайнатып жаткан америкалык Ракетага каршы коргонууну (РКК) системасын бүткүл Европа боюнча жайгаштыруу тууралуу маселелерди талкуулашат.
Бейшемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана анын НАТО боюнча 27 өнөктөшү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшмөк болушту. Айрым талдоочулардын пикиринде, сүйлөшүүлөрдө РКК системасы боюнча Москванын кабатырлыгын азайта турган прогресс болбойт.
НАТО Россияны Чикагодо өтө турган саммитке чакырууну каалаган, бирок Россиянын жаңы президенти Владимир Путин ага катышууну каалаганын билдирген жок. Альянстын расмий өкүлдөрү саммитте талкуулана турган чатакты жөнгө салуу боюнча маселелерден улам ал катышууну каалаган жок деп билдиришүүдө.
Карама-каршылыктарга карабай, НАТОнун дипломаттары прогресске жетишүү тууралуу өз үмүтүн жашырган жок. Алар ошондой эле «Россия башка долбоорлор боюнча кызматташып жатат жана мурдагыдай эле РККда өзүнүн ролу тууралуу айтууга даяр» деп белгилешет. «Москва НАТОго карата прагматикалуу жана кызматташыкка ачык», - дейт дипломат.

AFP, 18-апрель, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: НАТО Афганистан коопсуздук күчтөрү
Другие материалы раздела:
Комментарии
ниссан


Публикации Авторов:

26.09.2017
"Ferghana"
Опиум для президента. О религиозном аспекте предстоящих в Кыргызстан выборов

26.09.2017
V.Salnikov (Mk-kz.kz)
Задача для стран-участников ЕАЭС: как перевести геополитический проект в экономическую плоскость?

22.09.2017
R.Gazenko (ROSBALT)
Путин оценил Атамбаева — за умение писать стихи

22.09.2017
"Rosbalt.ru"
РФ и США разошлись в оценке перспектив возвращения боевиков ИГ в Среднюю Азию

21.09.2017
G.Mihaylov (Regnum)
Победу президенту Кыргызстана принесут «ключевые элитные игроки»

20.09.2017
V.Bannikov (Mk-Asia)
Что обсуждали президенты РФ и КР в курортном городе?

20.09.2017
V.Panfilova (NG)
Таджикистан попал в "список Магнитского"

20.09.2017
"IQ-expert.kz"
Олигархат Центральной Азии: итоги и уроки (ч.2)

18.09.2017
"DKnews.kz"
Политика Президента Казахстана в Центральной Азии взвешена и рациональна - эксперт

18.09.2017
"Gazeta.uz"
Forbes назвал Узбекистан «новым экономическим стартом в Евразии»

18.09.2017
O.Solovyeva (NG)
Атамбаеву подарили 100 миллиардов

15.09.2017
I.Subbotin (Afghanitsan.ru)
Китай укрепляется в Афганистане: зачем Пекину новая региональная платформа?

15.09.2017
R.Gazenko (ROSBALT)
О чем не договорили Путин и Атамбаев

14.09.2017
A.Severskiy (Rusvesna.su)
Обстановка в Кыргызстане накаляется: Президент Атамбаев просит о срочной встрече с Путиным

Все материалы раздела