Афганистанда талибдер үстөккө-босток кол салышты
пятница, 20 апреля 2012 г. 20:08:00
«Талибан» кыймылынын жоочулары Афганистанда катарлап чабуул коюшту

Кабул, Афганистан. Жекшемби күнү «Талибан» кыймылынын жоочулары афган баш калаасына жана анын үч провинциясына уюшуп кол салышты. Акыркы жарым жылда биринчи жолу өлкөдөгү чет элдик элчиликтер, НАТОнун өкүлчүлүгү жана парламенттин имараты кол салууга дуушар болушту. Жоочулардын уюшкан кол салуусу алар мурункудай эле Афганистандын коопсуз жайларына кирип келе аларын жана Кабулдун борборунда жайгашкан Батыш өлкөлөрү менен өкмөттүн объектилерине чабуул кое алааарын көрсөттү.
Оор куралдар жана гранатометтер менен куралданган террорчу-жанкечтилер менен жоочулар бир учурда кол салышты. «Талибан» кыймылы бул кол салуу жазгы чабуулдардын башталышы экенин жарыялады. Калаймандардан улам бир афган офицери менен 17 жоочу набыт болду.
Эл аралык күчтөр өлкөнүн коопсуздугу боюнча жоопкерчиликти афган тарапка өткөрүп берүүнү тездетип, 2014-жылы мөөнөтү аяктай турган АКШ менен НАТОнун Афганистандагы аскерлерин чыгарууга даярдык көрүлө баштаган кезде Афганистандын баш калаасына кол салуу кеңири мүнөздө боло баштады. Зомбулуктун масштабы афган коопсуздук күчтөрүнүн кур дегенде өкмөттүк мекемелер жайгашкан өлкөнүн борборун коргоодо да кыйналып калаарын баса көрсөттү.
Талибдер «чабуул учурунда афгандык жана чет элдик аскерлер оор жоготууларга учурады» деп ырастап жатат, ал эми афган бийлиги өз кезегинде негизинен жоочулар өлтүрүлгөнүн маалымдоодо. Ички иштер министрлиги «Кабулда жана Пактия, Нангархар жана Логар провинцияларында болгон чабуулдардын учурунда 17 жоочу аркы дүйнөгө аттанды» деп маалымдады. Ошондой эле министрлик бир полиция кызматкери курман болуп, жалпысынан 17 полиция кызматкери - 11и Кабулда жана Логар менен Пактияда үчтөн кызматкер жаракат алышканын билдирди. Чабуул учурунда 14 карапайым адам жабырланган.
«Талибан» кыймылынын өкүлү Забиулла Муджахид «кол салуу өз кезегинде афгандык жана чет элдик аскерлерге жоочулар күчтүү жана баш ийбес экендигин көрсөттү» деп жарыялады. Ал «коюлган чабуулдар бир аз мурда НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссендин жана НАТОнуну өкүлү Карстен Якобсондун «жоочулар алсыз жана алар жазгы кол салууга даярданып жатканы тууралуу эч кандай белгилер байкалбайт» деген билдирүүлөрүнө талибдердин жообу болду» деп белгиледи.
«Биздин моджахед-жоокерлер афган күчтөрү менен төрт провинцияда кармашып жатат. Бул биз акыркы эки ай бою пландаган, жакшы координацияланган операция болду. Жардыргыч заттар менен куралдарды жеткириш, ошондой эле жоокерлерди биз кол салууга пландаган анык жайларга жөнөтүш үчүн эки ай талап кылынды», - деп билдирди «Associated Press» агенттигинин кабарчысы менен телефон аркылуу болгон маегинде Муджахид.
Кабулдагы чабуул жекшемби күнү күндүз Кабулдагы НАТОнун базасы, бир катар элчиликтер, анын ичинде АКШнын элчилиги жайгашкан Вазир Акбар Хан борбордук районунда башталган. Жарылуудан кийин атыш күчөп, көчөдө калган эл коргологонго жай издеген. Жоочулар президенттик ак сарайга, ар түрдүү министрликтердин, батыш мамлекеттеринин элчиликтеринин имараттарына алып барчу жолдун айрылышына жакын турган, курулуп жаткан имараттан ар тарапка аткылашкан.
«Мен эки «Land Cruiser» джиптен жоочулар чыкканын көрдүм. Алар чалгын кызматынын кароолуна ок атышты. Мындан тышкары жоочулар афган полиция кызматкерлерине ок чыгарышып, андан кийин имаратка жайгашты. Бардык дүкөндөр жабык болчу. Мага качууга туура келди», - дейт жоочулар басып алган имараттын жанында жайгашкан дүкөндүн ээси, 27 жаштагы Мохаммад Закар атуу механик.
Кабулдун көчөлөрүндөгү тарсылдаган атышуу бир нече саат бою угулуп турду, горизонттун үстүнөн түтүн көтөрүлүп, сиреналар озондоду. АКШ элчилигинен угулган үн күчөткүчтөн «жерге секиргиле жана коопсуз жай тапкыла. Терезеден алыстагыла», деген үн угулуп жатты.
Жашоочулар курулуп жаткан имараттан жоочулар ок аткандан кийин парламенттин имаратында болгон жарылуу тууралуу кабарлашты. Кандагардык депутат Мохаммад Нахим Лалай Хамидзаиал парламенттин имаратынын чатырына чыгып барып, жоочуларды аткылай баштаганын айтты. «Мен өзүмдүн Калашников автоматымдан кол салып жаткан жоочуларга карата 400-500дөй ок чыгардым. Алар парламенттин имаратын гранатомет менен эки жолу атышты. Парламент имаратынын, Россиянын элчилигинин жана вице-президент Халилдин үйүнүн айланасында катуу кармаш болду», - дейт Хамидзаи.
Коалициялык күчтөрдүн басма сөз катчысы, подполковник Джимми Каммингс козголоңчулар негизинен дипломатиялык жана согуштук обьектилер жайгашып, катуу корголгон кварталдардын чегинен тышкары турган ээн калган имараттарды ээлешкенин айтты. Анын айтымында, жоочулар АКШнын, Германиянын жана Улуу Британиянын элчиликтеринин жана коалициялык күчтөр менен афган өкмөтүнүн бир катар имараттарын аткылашкан.
Жоочулар ошондой эле Кабулдун четинде жайгашкан НАТОнун обьектисине кол салышкан. Аталган обьектиде биргелешкен грек-түрк базасы бар болчу. Базанын кызматкерлери ири калибрдүү пулеметтон ок чыгарып, жооп беришти. Полициялардын биринин айтымында, базага жакын жайгашкан ээн имараттан жанкечти-террорчу Кабулдун аскер окуу борборуна карай ок аткан.
«Associated Press» агенттигинин кабарчысы базадан 250 метр жерде жайгашкан турак үйдөн согуштук обьектиге 6 жолу гранатомет атылганын кабарлады. Грек аскерлери жоочуларга аткыч курал жана ири калибрдүү пулемет менен жооп кайтарышты. Ошондой эле имаратты чабуул менен алууга аракет кылган афган аскерлерине эки  чабуулчу тик учак жардамга келди.
Адеп башында бардык чабуул грек-түрк аскер обьекти жайгашкан НАТОнун базасына жана жолдо бара жаткан француз колоннасына урулду. Грек аскерлери өздөрүнүн француз кесиптештерине жана коңшулаш базанын кызматчыларына активдүү жардам көрсөтүштү. Салгылаш күнү бою уланды.
Афганистандын Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал Мохаммед Захир Азими: «Жогоруда сөз болгон чабуулдардын учурунда төрт жоочу курман болду, ал эми дагы бири афган улуттук армиясы тарабынан колго түшүрүлдү», - деп билдирди.
Талибдердин өкүлү Кабулда жоочулар НАТОнун штабынын, Британия менен Германиянын элчилигинин, афган парламентинин имаратына, парламент жайгашкан «Даруламан Роудда» эки мейманкана менен объектерге кол салышканын айтты.
«Бул чабуулдардын баардыгына он жоокер-моджахед катышты, алар жеңил жана оор куралдар - РПГ, ракеталар, ири калибрдүү пулеметтер, кол гранталары менен куралданышкан, террорчу-жанкечтилердин олпокторун кийишкен. Биз күчтүүбүз жана биз каалаган жерибизге кол сала алабыз», - деп айтты Муджахид кол салууну жазгы согуштардын башталышынын ачылышы катары белгилөө менен.
Афганистандагы АКШнын жана НАТОнун аскерлеринин командачысы, АКШнын деңиз жөө аскерлеринин генералы Джон Аллен зарыл болгон учурда коалиция афгандардын коопсуздук күчтөрүнө жардам берерин билдирди. «Менин көз карашымда афган коопсуздук күчтөрү колдоо сурабастан жоочуларга каршы турганы, алардын чеберчилиги менен кесипкөйлүгүнүн күбөсү болду», - дейт Аллен өз билдирүүсүндө. Бирок «Associated Press» агенттигинин фото сүрөтчүлөрү тарткан сүрөттөрдө  террорчулар менен кармашып жаткан НАТОнун жоокерлери көрүнүп турат.
Афганистандагы АКШнын элчиси Райан Крокер афган коопсуздук күчтөрүн мактоого алды жана «кол салуу америкалык аскерлер мурдагыдай эле өлкөгө керек экендин ачыктады» деп белгиледи.
Берлинде сүйлөгөн Греманиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле Германиядагы элчилик бир аз жабыр тартканын, бирок кызматерлердин эч кимиси жарадар болбогонун билдирди. Ал кол салуу Германиянын Афганистандагы саясатына таасир эте албасын баса белгиледи.
Болжол менен алганда Кабулда айгышкан кармаш жүрүп жаткан маалда, жоочулар Нангархар, Логар жана Пактия провинцияларынын борборлорунда жайгашкан Афганистан менен НАТОнун объектерине кол салышкан.
Нангархар провинциясында түшкө эки саат калганда жоочулар коалициялык күчтөрдүн базасынын аймагына кирип барышкан. Провинциянын борбору Джелалабаддан анча алыс эмес жайгашкан базада реконструкция боюнча провинциялык топтун штабы жайгашкан болчу. Жарандык жана аскер тараптардан турган топ өнүктүрүү жана башкаруу маселелери боюнча иш алып барат.
Афганистандын Ички иштер министрлиги «афган коопсуздук кызматтары төрт жоочуну тең атып салды» деп маалымдады. «Мен абдан көп атышууну уктум. Мен балдарымды мектептен алыш үчүн бара жаткам», - дейт Джелалабаддын жашоочусу Абдул Кахар Сафи.
Нангархар провинциясынын басма сөз катчысы Ахмад Зия Абдулзаи: «Афган коопсуздук күчтөрү аэропортко бара жаткан жолдогу шектүү делген унааны байкашкан. Алар анын артынан түшкөн кезде унаа жарылып кеткен», - деп билдирди. Жарылуудан улам үч жоочу күм-жам болгон. «Полиция жарадар болгон төрт жоочуну камакка алды», деп маалымдады министрлик. Жардыруунун үймөгүнөн полиция үч Калашников автоматын, тогуз кол гранатасын, эки гранатометту жана тапанчаны тапкан.
Министрлик ошондой эле, Кабулдын түштүгүндө жайгашкан Логар провинциясында курулуп жаткан имаратты ээлеген беш жоочу туш келди аткылаганы тууралуу дагы маалымдады. Зыянсыздандыруу боюнча операциянын жүрүшүндө жарылып кеткен гранатадан үч полиция кызматкери курман болгон. Ошондой эле кол салуу маалында төрт жаран жаракат алды.
Пактия провинциясында айрымдары аялдардын кийимин кийип алган куралдуу жоочулардын тобу полиция кызматкерлерин даярдоо боюнча борбордун жанында курулуп жаткан имаратка кирип барышкан. Ички иштер министрлиги жоочулар ар тарапка ок ата башташканын билдирди. Төрт тынч жашаган киши жана үч полиция жарадар болгон. Кол салгандардын үчөө өлтүрүлдү.
Акыркы жолу Кабулда мынчалык масштабдагы чабуулдар 2011-жылы сентябрда болгон, анда куралдуу жоочулар бийик имаратты басып алып, АКШнын элчилиги менен НАТОнун штаб-квартиарасына ок чыгарышкан. Кол салуунун жыйынтыгында жоочулар 15 афгандыкты - 5 полиция кызматкерди жана 11 карапайым адамды өлтүрүүгө жетишкен. Жогоруда аталган кол салуунун жоопкерчилиги Пакистанда жайгашкан Хаккани террористтик түйүнүнүн тобуна жүктөлгөн.
Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Хар жекшембиде болгон кол салууга тынчсызданганын билдирди. Ал Пакистан терроризмдин бардык формаларын сынга алаарын айтып, Афганистандагы маселелерди чечиш үчүн диалогдун пайдасы зор экенин белгиледи.

«Associated Press», 16-апрель, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

facebook    Twitter    Twitter    Twitter
Теги: Афганистан талибдер жоочу
Другие материалы раздела:
Комментарии
bmw


Публикации Авторов:

15.10.2019
V.Panfilova, NG
Назарбаев убеждает, что в Казахстане лишь один президент

11.10.2019
D.Karimov (RG)
ЕАЭС расширяет зону свободной торговли

08.10.2019
"Zonakz.net"
Против кого ИГИЛ пойдет войной — против движения Талибан в Афганистане или против стран Центральной Азии?!

08.10.2019
"Kokshetau Asia"
Интеграция ЦА - альтернатива новому СССР

05.10.2019
"Lenta.ru"
Обнародован сценарий ядерной войны в 2025 году

05.10.2019
"EADaily"
В Кыргызстане рассказали, сколько стоят парламент и Генеральная прокуратура

03.10.2019
"Podrobno.uz"
Матвиенко о возможном возвращении Узбекистана в ОДКБ

03.10.2019
"Podronmo.uz"
В Узбекистане не все поддерживают вступление страны в ЕАЭС

03.10.2019
V.Panfilova, NG
Евразийский экономический союз расширится за счет Узбекистана

02.10.2019
M.Mihaylenko (DS)
Выдавить Россию. Как Китай переваривает Центральную Азию

02.10.2019
"Tengrinews"
Малахов в прямом эфире извинился перед кыргызами: "Кечирип коюнуздар"

01.10.2019
A.Khodasevich, NG
Лукашенко в поставках нефти надеется на Нур-Султан

30.09.2019
K.Aysin (VM)
Лингвист усмотрел оскорбление народа и призыв к коррупции в словах Малахова

30.09.2019
"SNG.Tofay"
Глава МИД Узбекистана призвал взглянуть на Центральную Азию по-другому

Все материалы раздела

Самые комментируемые

Комментариев еще нет За послед. 7 дней